
КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР

🇰🇬🇹🇹Президент Садыр Жапаров Тринидад жана Тобаго Республикасынын Премьер-министри Камла Персад-Биссессар менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тринидад жана Тобаго Республикасынын Премьер-министри Камла Персад-Биссессар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Садыр Жапаров Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтып, Тринидад жана Тобаго менен жакын алакаларды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы Камла Персад-Биссессарды Тринидад жана Тобагонун 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдирип, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө көбүрөөк дуушар болгон өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын биргелешип илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Өз кезегинде Камла Персад-Биссессар соода, экономика, энергетика жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүндө, анын ичинде кайра жаралуучу энергия булактары жаатында тажрыйба алмашуу багытында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Мындан тышкары Тринидад жана Тобагонун Премьер-министри өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу диалогду жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын деңиз транспорттук жолдоруна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүнө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыктарын ырасташты. ** 🇰🇬🇹🇹Президент Садыр Жапаров встретился с Премьер-министром Тринидада и Тобаго Камлой Персад-Биссессар Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, на полях 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в городе Нью-Йорке встретился с Премьер-министром Республики Тринидад и Тобаго Камлой Персад-Биссессар. В ходе встречи стороны обсудили перспективы развития двусторонних отношений, а также взаимодействие в рамках международных организаций. Садыр Жапаров отметил заинтересованность Кыргызстана в расширении сотрудничества со странами Латинской Америки и Карибского бассейна и подчеркнул важность установления более тесных контактов с Тринидадом и Тобаго. Глава государства поздравил Камлу Персад-Биссессар с избранием Тринидада и Тобаго непостоянным членом Совета Безопасности ООН на 2027–2028 годы и выразил готовность к тесному взаимодействию в рамках Совета Безопасности ООН, отметив важность совместного продвижения интересов малых и развивающихся государств, а также стран, наиболее уязвимых перед климатическими изменениями. В свою очередь Камла Персад-Биссессар подчеркнула заинтересованность в развитии сотрудничества в сферах торговли, экономики, энергетики и культурно-гуманитарного взаимодействия, включая обмен опытом в области возобновляемых источников энергии. Также Премьер-министр Тринидад и Тобаго выразила готовность к дальнейшему развитию двустороннего диалога и сотрудничества по представляющим взаимный интерес направлениям и оказать содействие Кыргызстану в расширении возможностей для выхода на морские транспортные пути. В завершение стороны подтвердили готовность укреплять конструктивное взаимодействие и развивать отношения между странами.

🇰🇬🇪🇺Президент Садыр Жапаров Европа кеңешинин Президенти Антониу Кошта менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Европа кеңешинин Президенти Антониу Кошта менен жолугушту. Жолугушуунун башында Антониу Кошта Мамлекет башчысын Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы жана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында Бишкек шаарында ШКУ саммитинин ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады. Тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” форматында саясий диалогду улантуунун жана “Global Gateway” программасынын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Маектештер санкцияларга байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Өз кезегинде Садыр Жапаров Батыш жана европалык өнөктөштөр тарабынан Кыргызстанга карата жүргүзүлүп жаткан санкциялык саясатка тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстан Европа Биримдигинин жооптуу расмий өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашып турганына карабастан, мындай чаралар көрүлүп жатканын айтты. Мамлекет башчысы быйыл Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору операцияларды жүргүзүп келген 50 компаниянын иши токтотулганын мисал келтирип, ошондой эле Батыш жана европалык өнөктөштөр менен ачык диалог жүргүзүүгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Экономикалык багытта тараптар конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, анын ичинде Кыргызстандын транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн мультимодалдык коридорлорго кошулуусуна умтулуусун эске алуу менен транспорт тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты. Жолугушуунун соңунда Антониу Кошта кызматташтыкка жаңы дем берүү максатында Садыр Жапаровду Брюссель шаарына сапар менен келүүгө чакырды. Мамлекет башчысы чакырууну жылуу кабыл алды. ****** 🇰🇬🇪🇺Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом Европейского совета Антониу Коштой Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, на полях 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в городе Нью-Йорке встретился с Президентом Европейского совета Антониу Коштой. В начале встречи Антониу Кошта поздравил Главу государства с избранием Кыргызстана в непостоянные члены Совета Безопасности ООН и успешным проведением Саммита ШОС в Бишкеке в начале сентября текущего года. Стороны обсудили актуальные вопросы сотрудничества между Кыргызстаном и Европейским Союзом. В частности, отмечена важность поддержания политического диалога как в двустороннем, так и в рамках формата «Центральная Азия – Европейский Союз» и развития взаимодействия в рамках программы «Global Gateway”. Отдельное внимание собеседники уделили санкционной проблематике. Со своей стороны Садыр Жапаров выразил обеспокоенность санкционной политике, проводимой со стороны западных и европейских партнеров в отношении Кыргызстана несмотря на то, что Кыргызстан поддерживает постоянный контакт и регулярно обменивается информацией с ответственными официальными лицами Европейского Союза. Глава государства привел в пример закрытие в этом году в Кыргызстане 50 компаний, выполнявших операции с повышенным санкционным риском, а также подчеркнул готовность в открытом диалоге и заинтересованности в развитии сотрудничества с западными и европейскими партнерами. В экономической сфере стороны обсудили перспективы реализации конкретных совместных проектов, в том числе в транспортной отрасли с учетом стремления Кыргызстана в развитии транзитного потенциала и присоединения страны к мультимодальным коридорам. В заключение, Антониу Кошта пригласил Садыра Жапарова посетить Брюссель с визитом с целью придания сотрудничеству нового импульса. Глава государства любезно принял приглашение.



+5
🇰🇬Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сөз сүйлөдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысынын сөзү: https://president.kg/kg/news/21/40825 🇰🇬Президент Садыр Жапаров выступил на 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, в г. Нью-Йорк (Соединенные Штаты Америки) выступил на Общих дебатах 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН. Текст выступления Главы государства: https://president.kg/ru/news/21/40825 🇰🇬Sadyr Zhaparov, President of the Kyrgyz Republic, addresses the General Debate of the 81st Session of the UN General Assembly President Sadyr Zhaparov today, 22 September, addresses the General Debate of the 81st session of the United Nations General Assembly in New York, United States of America. Text of the Statement by the Head of State: https://president.kg/en/news/21/40825
🎥 Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты **** 🎥 Президент Садыр Жапаров принял участие в церемонии открытия Общих дебатов 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН



🇺🇳 Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты. Дебаттар башталганга чейин БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин Мамлекет башчысын тосуп алуу аземи болуп өттү. Дебаттар ачылышына дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясы “Ишенимди калыбына келтирүү, өзгөрүүлөрдү башкаруу: ар бир адамдын жыргалчылыгы үчүн иштеген Бириккен Улуттар Уюму” деген ураандын алдында ачылды. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт. Анын сөз сүйлөөсү бүгүн кечинде, Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 21:00–22:00дө күтүлүүдө. Түз эфирди УТРК каналынан жана социалдык тармактардагы баракчалардан көрүүгө болот. **** 🇺🇳 Президент Садыр Жапаров принял участие в церемонии открытия Общих дебатов 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, принял участие в открытии Общих дебатов 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН, проходящих в Нью-Йорке (Соединенные Штаты Америки). Перед началом дебатов состоялась церемония приветствия Главы государства Генеральным секретарем ООН Антониу Гутерришем. На открытии дебатов принимают участие главы государств и делегации из 193 стран мира. Сессия Генеральной Ассамблеи ООН была открыта под лозунгом «Восстановление доверия, управление преобразованиями: Организация Объединенных Наций, работающая на благо каждого». Президент Садыр Жапаров выступит в первый день дебатов Генеральной Ассамблеи ООН. Его выступление ожидается сегодня вечером, ориентировочно в 21:00-22:00 по времени Бишкека. Прямую трансляцию можно будет посмотреть на канале НТРК и на страницах социальных сетей.



+3
🇰🇬🇺🇸 Кыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарында АКШ Президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, АКШнын соода министринин орун басары Уильям Киммит, АКШнын Экспорттук-кредиттик банкынын төрагасы Джон Йованович жана локомотивдерди чыгарган америкалык “Вебтек” (Wabtec) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун башында Мамлекет башчысы маектештерин АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы менен куттуктап, аларга жана Америка элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады. Мамлекет башчысы Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны, атап айтканда, темир жол түйүндөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Ушуга байланыштуу бул жолугушуунун жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында пайдалануу үчүн ТЭ33АС сериясындагы 10 заманбап магистралдык жүк ташуучу локомотивди сатып алуу боюнча келишимге кол коюунун маанилүүлүгү белгиленди. Бул локомотивдерди Кыргызстанга 2027-жылдын аягына чейин жеткирүү күтүлүүдө. **** 🇰🇬🇺🇸 Кыргызстан приобретет 10 магистральных грузовых локомотивов у США Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 сентября, в городе Нью-Йорке встретился со Специальным представителем Президента США по глобальному партнерству Паоло Замполли, заместителем министра торговли США Уильямом Киммитом, председателем Экспортно-кредитного банка США Джоном Йовановичем и руководством американской компании по производству локомотивов «Вебтек» (Wabtec). В начале встречи Глава государства поздравил собеседников с 250-летием со дня независимости США, пожелав им и американскому народу благополучия и процветания. Глава государства отметил заинтересованность Кыргызстана в дальнейшем расширении взаимовыгодного экономического и инвестиционного сотрудничества с США, а также реализации совместных инфраструктурных проектов. Садыр Жапаров также сообщил, что в Кыргыстане особое внимание уделяется развитию транспортной инфраструктуры, в частности строительству железнодорожных сетей. В этой связи подчеркнута значимость данной встречи и подписания контракта на приобретение 10 современных магистральных грузовых локомотивов серии ТЭ33АС для использования ГП «Национальная компания «Кыргыз Темир Жолу». Поставка данных локомотивов в Кыргызстан ожидается до конца 2027 года.



+5
🔹 Президент Садыр Жапаров встретился с управляющим директором банка «Ситибанк» Стефани фон Фридбург Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 сентября, в рамках рабочего визита в Соединенные Штаты Америки встретился в Нью-Йорке с управляющим директором банка «Ситибанк» Стефани фон Фридбург. Справочно: «Ситибанк» является одним из ведущих международных финансовых институтов, предоставляющий широкий спектр услуг корпоративным клиентам, финансовым организациям и государственным структурам. Банк входит в финансовую группу Citigroup, представленную более чем в 180 странах и юрисдикциях. В рамках встречи были рассмотрены перспективы дальнейшего развития финансового и банковского сотрудничества, в том числе в сфере международных расчетов, инвестиционного взаимодействия и расширения доступа кыргызских банков к международной финансовой инфраструктуре. Также отмечен опыт сотрудничества банков Кыргызстана с «Ситибанк” при выходе кыргызского финансового сектора на международные рынки капитала. В апреле текущего года государственный «Элдик Банк» разместил дебютные еврооблигации на сумму 500 млн долларов США при участии Citigroup в качестве одного из ведущих организаторов и букраннеров сделки. Стороны обсудили возможности установления новых корреспондентских отношений между государственными банками Кыргызстана и “Ситибанк”, а также перспективу открытия филиала американского банка в республике. Садыр Жапаров рассказал собеседникам о проводимых масштабных проектах в Кыргызстане, таких как строительство железной дороги «Китай-Кыргызстан-Узбекистан», ГЭС «Камбар-Ата 1», эко-города «Асман» и горнолыжного кластера «Ала-Тоо Резорт», а также отметил, что практическое сотрудничество с «Ситибанк» было бы весьма полезным в данный момент. Подтвердив успешное взаимодействие с Кыргызстаном ранее, представители «Ситибанк” выразили заинтересованность в установлении корреспондентских отношений с государственными банками Кыргызстана в ближайшем будущем и намерены рассмотреть возможности участия банка в реализуемых в стране проектах. По итогам встречи состоялась церемония подписания следующих документов: Меморандум о взаимопонимании между Министерством финансов Кыргызской Республики и «Ситибанк». Меморандум о взаимопонимании между ОАО «Элдик Банк» и «Ситибанк». Меморандум о взаимопонимании между ОАО «АБанк» и «Ситибанк».
🔹 Президент Садыр Жапаров “Ситибанк” банкынын башкаруучу директору Стефани фон Фридбург менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарында “Ситибанк” банкынын башкаруучу директору Стефани фон Фридбург менен жолугушту. Маалымат үчүн: “Ситибанк” корпоративдик кардарларга, финансылык уюмдарга жана мамлекеттик түзүмдөргө кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштаган алдыңкы эл аралык финансылык институттардын бири. Банк 180ден ашуун өлкөдө жана юрисдикцияда өкүлчүлүгү бар Citigroup финансылык тобунун курамына кирет. Жолугушуунун алкагында финансылык жана банктык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, анын ичинде эл аралык эсептешүүлөр, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана кыргыз банктарына эл аралык финансылык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери каралды. Ошондой эле Кыргызстандын банк секторунун эл аралык капитал рынокторуна чыгышында кыргыз банктарынын “Ситибанк” менен кызматташуу тажрыйбасы белгиленди. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик “Элдик Банк” Citigroup компаниясынын келишимдин негизги уюштуруучуларынын жана букраннерлеринин бири катары катышуусунда 500 млн АКШ доллары өлчөмүндө алгачкы еврооблигацияларын жайгаштырган. Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик банктары менен “Ситибанк” ортосунда жаңы корреспонденттик мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле республикада америкалык банктын филиалын ачуу келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров маектештерине Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун, “Камбар-Ата-1” ГЭСин, “Асман” экошаарын жана “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластерин куруу сыяктуу масштабдуу долбоорлор тууралуу айтып берип, азыркы учурда “Ситибанк”менен практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү абдан пайдалуу болорун айтты. “Ситибанк” өкүлдөрү буга чейин Кыргызстан менен ийгиликтүү кызматташып келгенин ырастап, жакынкы келечекте Кыргызстандын мамлекеттик банктары менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө кызыкдарлыгын жана банктын өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу ниеттенерин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюу аземи болуп өттү: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; ”Элдик Банк” ААК менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; “АБанк” ААК менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
✉️ Президент Садыр Жапаров шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактумга анын бир тууганы шейх Ахмед бин Рашид Аль Мактумдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактумга анын бир тууганы шейх Ахмед бин Рашид Аль Мактумдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, Аль Мактум үй-бүлөсүнө жана жалпы Эмират элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Маркумдун жаркын элеси жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Анын элине жана мекенине кылган ак кызматы, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана эли үчүн жасаган эмгеги эч качан унутулбайт. Ушул оор учурда Сиздерге сабырдуулук жана кайрат тилейм”, - деп айтылат телеграммада. **** ✉️ Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования шейху Мухаммеду бин Рашиду Аль Мактуму в связи с кончиной его брата шейха Ахмеда бин Рашида Аль Мактума Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров направил телеграмму с соболезнованиями Вице-президенту, Премьер-министру Объединенных Арабских Эмиратов, Правителю Дубая шейху Мухаммеду бин Рашиду Аль Мактуму в связи с кончиной его брата шейха Ахмеда бин Рашида Аль Мактума. «От имени народа Кыргызской Республики и от себя лично выражаю глубокие соболезнования Вам, семье Аль Мактум и всему народу Объединенных Арабских Эмиратов. Светлая память о покойном навсегда останется в сердцах его близких. Его верное служение своему народу и родине, неоценимый вклад в развитие страны и неустанный труд никогда не будут забыты. В этот тяжелый час желаю Вам и Вашим близким терпения и стойкости», - говорится в телеграмме.
🎥 Президент Садыр Жапаров Америка-Кыргыз бизнес кеңеши тарабынан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүдөгү олуттуу жетишкендиктерин жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылгандыгы үчүн сыйланды **** 🎥 Президент Садыр Жапаров удостоен награды Американо-Кыргызского делового совета за значительные достижения Кыргызстана в экономическом развитии и проводимых в стране преобразований



+3



+6
🔹 Президент Садыр Жапаров Америка-Кыргыз бизнес кеңеши тарабынан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүдөгү олуттуу жетишкендиктерин жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылгандыгы үчүн сыйланды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Нью-Йоркто өтүп, анда Кыргызстандын экономикасынын учурдагы абалы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана америкалык бизнес менен ишкердик байланыштарды кеңейтүүнүн келечеги боюнча түз диалог үчүн аянтча түзүлдү. **** 🔹 Президент Садыр Жапаров удостоен награды Американо-Кыргызского делового совета за значительные достижения Кыргызстана в экономическом развитии и проводимых в стране преобразований Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 сентября, в рамках рабочей поездки в Соединенные Штаты Америки провел встречу с представителями деловых кругов и бизнес-сообщества США. Встреча состоялась в Нью-Йорке и стала площадкой для прямого диалога о текущем состоянии экономики Кыргызстана, инвестиционных возможностях и перспективах расширения деловых связей с американским бизнесом.



+5