🇰🇬🇪🇺Президент Садыр Жапаров Европа кеңешинин Президенти Антониу Кошта менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Европа кеңешинин Президенти Антониу Кошта менен жолугушту. Жолугушуунун башында Антониу Кошта Мамлекет башчысын Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы жана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында Бишкек шаарында ШКУ саммитинин ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады. Тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” форматында саясий диалогду улантуунун жана “Global Gateway” программасынын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Маектештер санкцияларга байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Өз кезегинде Садыр Жапаров Батыш жана европалык өнөктөштөр тарабынан Кыргызстанга карата жүргүзүлүп жаткан санкциялык саясатка тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстан Европа Биримдигинин жооптуу расмий өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашып турганына карабастан, мындай чаралар көрүлүп жатканын айтты. Мамлекет башчысы быйыл Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору операцияларды жүргүзүп келген 50 компаниянын иши токтотулганын мисал келтирип, ошондой эле Батыш жана европалык өнөктөштөр менен ачык диалог жүргүзүүгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Экономикалык багытта тараптар конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, анын ичинде Кыргызстандын транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн мультимодалдык коридорлорго кошулуусуна умтулуусун эске алуу менен транспорт тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты. Жолугушуунун соңунда Антониу Кошта кызматташтыкка жаңы дем берүү максатында Садыр Жапаровду Брюссель шаарына сапар менен келүүгө чакырды. Мамлекет башчысы чакырууну жылуу кабыл алды. ****** 🇰🇬🇪🇺Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом Европейского совета Антониу Коштой Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, на полях 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в городе Нью-Йорке встретился с Президентом Европейского совета Антониу Коштой. В начале встречи Антониу Кошта поздравил Главу государства с избранием Кыргызстана в непостоянные члены Совета Безопасности ООН и успешным проведением Саммита ШОС в Бишкеке в начале сентября текущего года. Стороны обсудили актуальные вопросы сотрудничества между Кыргызстаном и Европейским Союзом. В частности, отмечена важность поддержания политического диалога как в двустороннем, так и в рамках формата «Центральная Азия – Европейский Союз» и развития взаимодействия в рамках программы «Global Gateway”. Отдельное внимание собеседники уделили санкционной проблематике. Со своей стороны Садыр Жапаров выразил обеспокоенность санкционной политике, проводимой со стороны западных и европейских партнеров в отношении Кыргызстана несмотря на то, что Кыргызстан поддерживает постоянный контакт и регулярно обменивается информацией с ответственными официальными лицами Европейского Союза. Глава государства привел в пример закрытие в этом году в Кыргызстане 50 компаний, выполнявших операции с повышенным санкционным риском, а также подчеркнул готовность в открытом диалоге и заинтересованности в развитии сотрудничества с западными и европейскими партнерами. В экономической сфере стороны обсудили перспективы реализации конкретных совместных проектов, в том числе в транспортной отрасли с учетом стремления Кыргызстана в развитии транзитного потенциала и присоединения страны к мультимодальным коридорам. В заключение, Антониу Кошта пригласил Садыра Жапарова посетить Брюссель с визитом с целью придания сотрудничеству нового импульса. Глава государства любезно принял приглашение.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.2K avg views
Posting
9.5/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 22 Sep 2026, 18:34 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.6K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.