


+6
КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР



+6
🔹Президент Садыр Жапаров посетил корпорацию StoneX Group в Нью-Йорке Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 сентября, в рамках рабочего визита в Соединенные Штаты Америки посетил офис StoneX Group в Нью-Йорке и провел встречу с руководством корпорации. Справочно: StoneX Group является крупной американской финансовой группой, предоставляющей корпоративным, институциональным и государственным клиентам доступ к международным финансовым и товарным рынкам. Компания со штаб-квартирой в Нью-Йорке осуществляет деятельность через разветвленную международную сеть, а ее акции котируются на бирже NASDAQ. В ходе посещения офиса Глава государства ознакомился с основными направлениями деятельности StoneX Group, ее международной финансовой инфраструктурой и опытом работы на мировых финансовых и товарных рынках, а также с возможностями компании в сфере обслуживания корпоративных, институциональных и государственных клиентов. Далее состоялась встреча Президента с делегацией StoneX Group во главе с исполнительным директором Филипом Смитом. Стороны отметили, что Кыргызстан и StoneX Group уже имеют опыт взаимодействия в сфере международной торговли драгоценными металлами. Накопленные за предыдущие годы деловые связи и знание компанией особенностей кыргызского рынка создают основу для дальнейшего расширения практического сотрудничества. В этой связи стороны обсудили перспективные направления взаимодействия, включая торговлю драгоценными металлами, управление ценовыми рисками, международные расчеты и использование современных финансовых инструментов. Отдельное внимание было уделено возможностям использования международной финансовой инфраструктуры и опыта StoneX Group для реализации новых проектов в Кыргызстане. Президент Садыр Жапаров подчеркнул важность дальнейшего развития экономического сотрудничества между Кыргызстаном и США, отметив заинтересованность кыргызской стороны в привлечении американских инвестиций, технологий и международного опыта. Он отметил значительный потенциал для расширения взаимодействия с StoneX Group с учетом опыта компании на международных финансовых и товарных рынках. В свою очередь, Филип Смит отметил перспективность дальнейшего расширения и углубления коммерческих отношений между StoneX Group и Кыргызстаном. Он подчеркнул готовность компании наращивать ресурсы и усилия для расширения своего присутствия на кыргызском рынке и развития сотрудничества в различных направлениях финансовых услуг. Филип Смит выразил благодарность Президенту Садыр Жапарову за внимание к развитию взаимодействия и подтвердил готовность к дальнейшей совместной работе. В завершение встречи состоялась церемония подписания Меморандумов о взаимопонимании между Министерством финансов Кыргызской Республики и StoneX Group, а также между ОАО «Элдик Банк» и StoneX Group.
🔹Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында StoneX Group корпорациясына барды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарындагы StoneX Group кеңсесине барып, корпорациянын жетекчилиги менен жолугушту. Маалымат үчүн: StoneX Group — корпоративдик, институционалдык жана мамлекеттик кардарларга эл аралык финансылык жана товардык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган ири америкалык финансылык топ. Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан компания кеңири эл аралык тармак аркылуу иш алып барат, ал эми анын акциялары NASDAQ биржасында котировкалоодон өтөт. Кеңсеге баруу учурунда Мамлекет башчысы StoneX Group компаниясынын ишмердигинин негизги багыттары, анын эл аралык финансылык инфраструктурасы жана дүйнөлүк финансылык жана товардык рыноктордогу иш тажрыйбасы, ошондой эле корпоративдик, институционалдык жана мамлекеттик кардарларды тейлөө жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Андан соң Президент компаниянын аткаруучу директору Филип Смит баштаган StoneX Group делегациясы менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен StoneX Group буга чейин баалуу металлдарды эл аралык соодалоо жаатында өз ара кызматташуу тажрыйбасына ээ экенин белгилешти. Мурунку жылдары түзүлгөн ишкердик алакалар жана компаниянын кыргыз рыногунун өзгөчөлүктөрүн билүүсү практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө негиз түзөт. Буга байланыштуу тараптар өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын, анын ичинде баалуу металлдарды соодалоо, баалардын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерди башкаруу, эл аралык эсептешүүлөр жана заманбап финансылык инструменттерди пайдалануу маселелерин талкуулашты. StoneX Group компаниясынын эл аралык финансылык инфраструктурасын жана тажрыйбасын Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашырууда пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз тарап америкалык инвестицияларды, технологияларды жана эл аралык тажрыйбаны тартууга кызыкдар экенин билдирди. Ал компаниянын эл аралык финансылык жана товардык рыноктордогу тажрыйбасын эске алганда StoneX Group менен кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи. Өз кезегинде Филип Смит StoneX Group менен Кыргызстандын ортосундагы коммерциялык мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечеги кең экенин айтты. Ал компания өзүнүн кыргыз рыногундагы катышуусун кеңейтүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ресурстарын жана аракеттерин көбөйтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Филип Смит Президент Садыр Жапаровго кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары биргелешкен иштерди улантууга даярдыгын ырастады. Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен StoneX Group ортосунда, ошондой эле “Элдик Банк” ААК менен StoneX Group ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюу аземи болуп өттү.
✉️ Президент Садыр Жапаров поздравил Президента России Владимира Путина с успешным проведением выборов депутатов Государственной Думы Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров направил поздравительную телеграмму Президенту Российской Федерации Владимиру Путину по случаю успешного проведения выборов депутатов Государственной Думы Российской Федерации. «Убежден, что Государственная Дума нового созыва внесет весомый вклад в реализацию масштабных задач, стоящих перед Российской Федерацией, и дальнейшее поступательное развитие страны, осуществляемое под Вашим руководством. Кыргызская Республика придает особое значение сложившемуся тесному взаимодействию между законодательными органами наших стран. Межпарламентские связи являются важной составляющей кыргызско-российских отношений стратегического партнерства и союзничества. Рассчитываю, что парламентарии Кыргызстана и России продолжат активную совместную работу, направленную на дальнейшее расширение многопланового сотрудничества и укрепление традиционно дружественных связей между нашими народами. Пользуясь случаем, желаю Вам крепкого здоровья, благополучия и новых успехов в государственной деятельности, а народу Российской Федерации – мира, стабильности и процветания», - говорится в поздравительном послании Президента Садыра Жапарова.
✉️ Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путинди Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлгөнүнө байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге куттуктоо телеграммасын жөнөттү. “Сиздин жетекчилигиңиз астында жаңы чакырылыштагы Мамлекеттик Дума Россия Федерациясынын алдында турган масштабдуу милдеттерди ишке ашырууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп ишенем. Кыргыз Республикасы өлкөлөрүбүздүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда калыптанган тыгыз кызматташтыкка өзгөчө маани берет. Парламенттер аралык байланыштар кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Кыргызстан менен Россиянын парламентарийлери көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана элдерибиздин ортосундагы салттуу достук байланыштарды чыңдоого багытталган жигердүү биргелешкен иштерин улантат деп ишеним артам. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы ийгиликтерди, ал эми Россия Федерациясынын элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.



+5
🔹 Президент Садыр Жапаров Юта штатындагы лыжа курортун масштабдуу кеңейтүү долбоору менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Юта штатындагы Deer Valley лыжа курортун масштабдуу кеңейтүү долбоору менен таанышты. Мамлекет башчысына Deer Valley курортунун концепциясы тааныштырылып, анда заманбап мейманкана, турак жай, спорттук жана туристтик инфраструктурасы бар, жыл бою иштей турган жаңы курорттук кластерди түзүү каралган. Тоолуу аймактарды комплекстүү пландаштырууга, заманбап архитектурага, алдыңкы мейманкана бренддерин жана жеке инвестицияларды тартууга, ошондой эле суу жана башка жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду. Президент ошондой эле жаратылыш ландшафтын сактоого жана курортко жыл бою конокторду кабыл алууга мүмкүндүк берген инфраструктураны түзүү боюнча ыкмалар менен таанышты. **** 🔹 Президент Садыр Жапаров ознакомился с проектом масштабного расширения горнолыжного курорта в Юте Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров в рамках рабочего визита в США ознакомился с проектом масштабного расширения горнолыжного курорта Deer Valley в штате Юта. Главе государства представили концепцию Deer Valley, предусматривающую создание нового всесезонного курортного кластера с современной гостиничной, жилой, спортивной и туристической инфраструктурой. Отдельное внимание уделено комплексному планированию горных территорий, современной архитектуре, привлечению ведущих гостиничных брендов и частных инвестиций, а также рациональному использованию воды и других природных ресурсов. Президент также ознакомился с подходами к сохранению природного ландшафта и созданию инфраструктуры, позволяющей курорту принимать гостей круглый год.
🎥Видео:Президент Садыр Жапаров Юта штатынын Олимпиадалык паркына барды **** 🎥Видео:Президент Садыр Жапаров посетил Олимпийский парк Юты




+6
🔹 Президент Садыр Жапаров посетил Олимпийский парк Юты Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров 19 сентября в рамках рабочего визита в США посетил Олимпийский парк штата Юта (Utah Olympic Park), расположенный вблизи города Солт-Лейк-Сити. В ходе посещения Глава государства встретился с председателем Организационного комитета зимних Олимпийских игр 2034 года Фрейзером Баллоком и ознакомился с развитием спортивной инфраструктуры штата, использованием наследия Олимпиады 2002 года, а также планами подготовки к Играм 2034 года. Особый интерес Президента вызвал опыт Юты по популяризации зимних видов спорта среди детей и школьников, расширению массового участия в спорте и использованию современной спортивной инфраструктуры для привлечения туристов. Отмечено, что созданная к Олимпиаде 2002 года инфраструктура продолжает активно использоваться для подготовки спортсменов, проведения соревнований и развития спортивного туризма. Садыр Жапаров подчеркнул, что опыт Юты представляет практический интерес для Кыргызстана как горной страны с большим потенциалом развития зимних видов спорта и туризма. «Для Кыргызстана это очень ценный опыт. Нам необходимо не только развивать современную спортивную инфраструктуру, но и создавать условия, чтобы зимними видами спорта занималось как можно больше детей и молодежи. Это одновременно здоровье нации, развитие спорта, туризма и продвижение страны», - отметил Президент. Глава государства поручил детально изучить опыт Юты в развитии зимних видов спорта, подготовке молодых спортсменов и эффективном использовании спортивной инфраструктуры, а также наметить конкретные направления сотрудничества с Организационным комитетом Игр 2034 года и спортивными организациями штата. Отдельное внимание Садыр Жапаров уделил подготовке к зимним Олимпийским играм 2034 года в Солт-Лейк-Сити. Президент поставил задачу уже сейчас расширять подготовку кыргызстанских спортсменов, осваивать новые для страны зимние олимпийские дисциплины и создавать условия для того, чтобы в 2034 году Кыргызстан был представлен на Играх значительно более широким составом национальной олимпийской сборной.
🔹 Президент Садыр Жапаров Юта штатынын Олимпиадалык паркына барды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 19-сентябрда АКШга иш сапарынын алкагында Солт-Лейк-Сити шаарына жакын жайгашкан Юта штатынын Олимпиадалык паркына (Utah Olympic Park) барды. Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы 2034-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынын Уюштуруу комитетинин төрагасы Фрейзер Баллок менен жолугушуп, штаттагы спорттук инфраструктуранын өнүгүшү, 2002-жылы өткөн Олимпиаданын мурасын пайдалануу, ошондой эле 2034-жылкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү пландары менен таанышты. Президентти Юта штатынын кышкы спорт түрлөрүн балдар жана мектеп окуучулары арасында жайылтуу, спортко массалык түрдө катышууну кеңейтүү жана туристтерди тартуу үчүн заманбап спорттук инфраструктураны пайдалануу тажрыйбасы өзгөчө кызыктырды. 2002-жылдагы Олимпиадага карата түзүлгөн инфраструктура спортчуларды даярдоо, мелдештерди өткөрүү жана спорттук туризмди өнүктүрүү үчүн азыркыга чейин жигердүү колдонулуп жатканы белгиленди. Садыр Жапаров Ютанын тажрыйбасы кышкы спорт түрлөрүн жана туризмди өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар тоолуу өлкө катары Кыргызстан үчүн практикалык жактан кызыктуу экенин айтты. “Кыргызстан үчүн бул абдан баалуу тажрыйба. Биз заманбап спорттук инфраструктураны гана өнүктүрбөстөн, кышкы спорт түрлөрү менен мүмкүн болушунча көп балдар жана жаштар машыга турган шарттарды түзүшүбүз керек. Бул - улуттун саламаттыгы, спорттун, туризмдин өнүгүшү жана өлкөнү таанытуу менен бирге жүрөт”, - деп белгиледи Президент. Мамлекет башчысы Юта штатынын кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү, жаш спортчуларды даярдоо жана спорттук инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу тажрыйбасын кеңири изилдеп чыгууну, ошондой эле 2034-жылдагы Олимпиада оюндарынын Уюштуруу комитети жана штаттын спорттук уюмдары менен кызматташуунун конкреттүү багыттарын аныктоону тапшырды. Садыр Жапаров 2034-жылы Солт-Лейк-Ситиде өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Президент кыргызстандык спортчуларды даярдоону азыртадан кеңейтүү, өлкө үчүн жаңы болгон кышкы олимпиадалык спорт түрлөрүн өздөштүрүү жана 2034-жылы Кыргызстан Олимпиада оюндарында улуттук курама команданын кыйла кеңири курамы менен катыша тургандай шарттарды түзүү милдетин койду.






+6
🔹Президент Садыр Жапаров встретился с руководством штата Юта Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 19 сентября, в рамках рабочего визита в США встретился с Губерантором штата Юта Спенсером Коксом и Президентом Сената Стюартом Адамсом в городе Солт-Лейк-Сити в здании Капитолия. Прежде всего, Глава государства поблагодарил собеседников за гостеприимство и радушный прием, а также поздравил руководство штата Юта и американский народ с 250-летием со Дня независимости США и пожелал благополучия и развития стране. В ходе встречи стороны обсудили перспективы кыргызско-американского сотрудничества, а также возможности расширения взаимодействия между Кыргызстаном и штатом Юта в экономической, инвестиционной и культурно-гуманитарной сферах. С учетом потенциала Кыргызстана и Юты, особое внимание уделено вопросам взаимодействия по направлениям: горнодобывающая промышленность, туризм, спорт, информационные технологии, финансы и развитие инфраструктуры. Садыр Жапаров рассказал собеседникам о достижениях Кыргызстана за последние годы и реализуемые масштабные проекты по всей стране. При этом подчеркнул, что Кыргызстан готов к взаимовыгодному сотрудничеств, укреплению деловых связей и оказанию содействия инвесторам из США. Президент также отметил, что сборная команда США по кок-бору произвела фурор на прошедших Шестых Всемирных играх кочевников, а капитан команды, выходец из штата Юта Лэд Хауэл, показал высокие спортивные качества. Губернатор Спенсер Кокс, в свою очередь, поблагодарил Садыра Жапарова за принятие приглашения посетить штат Юта и выразил заинтересованность в развитии взаимовыгодного сотрудничества. Поприветствовав кыргызскую делегацию, Президент Сената Стюарт Адамс отметил, что Юта является самым экономически развитым штатом и имеет большой потенциал в горнорудной сфере. Садыр Жапаров акцентировал на возможности в совместной работе в горнорудной отрасли, в сфере туризма, образования и финансов, а также рассмотрения открытия прямых рейсов между Кыргызстаном и США. В заключение Президент пригласил Губернатора Спенсера Кокса посетить Кыргызстан с визитом в удобное время. Спенсер Кокс любезно принял приглашение.
🔹Президент Садыр Жапаров Юта штатынын жетекчилиги менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, АКШга болгон иш сапарынын алкагында Солт-Лейк-Сити шаарындагы Капитолий имаратында Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен жолугушту. Эң алды менен Мамлекет башчысы маектештерине меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Юта штатынын жетекчилигин жана Америка элин АКШнын Эгемендүүлүк күнүнүн 250 жылдыгы менен куттуктап, өлкөгө бакубатчылык жана өнүгүү каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле Кыргызстан менен Юта штатынын ортосундагы экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кыргызстан жана Юта штатынын потенциалын эске алуу менен тоо-кен өнөр жайы, туризм, спорт, маалыматтык технологиялар, финансы жана инфраструктураны өнүктүрүү багыттарындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Садыр Жапаров маектештерине акыркы жылдарда Кыргызстанда жетишилген ийгиликтер жана өлкө боюнча ишке ашырылып жаткан ири масштабдуу долбоорлор тууралуу айтып берди. Ошол эле учурда Кыргызстан өз ара пайдалуу кызматташтыкка, ишкердик байланыштарды чыңдоого жана АКШдан келген инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Президент ошондой эле АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чоң таасир калтырганын, ал эми команданын капитаны, Юта штатынын тургуну Лэд Хауэл жогорку спорттук чеберчилигин көрсөткөнүн айтты. Өз кезегинде губернатор Спенсер Кокс Садыр Жапаровго Юта штатына барууга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Кыргыз делегациясын жылуу тосуп алган Сенаттын президенти Стюарт Адамс Юта экономикалык жактан эң өнүккөн штат болуп саналарына жана тоо-кен тармагында чоң потенциалга ээ экенине токтолду. Садыр Жапаров тоо-кен, туризм, билим берүү жана финансы жаатында биргелешип иш алып баруу, ошондой эле Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга көңүл бурду. Жолугушуунун соңунда Президент губернатор Спенсер Коксту өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырды. Спенсер Кокс чакырууну жылуу кабыл алды.
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди ** 🎥Видео: Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в США



+2
🔹Президент Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров иш сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатына келди. Мамлекет башчысын Солт-Лейк-Сити шаарынын аэропортунан Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды. Сапардын алкагында Президент штаттын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле туризм жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы америкалык тараптын тажрыйбасы менен таанышат. Андан соң Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына жөнөп, ал жерде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат, ошондой эле мамлекет башчылары жана АКШнын ири компанияларынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. **** 🔹Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в США Сегодня, 18 сентября, Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в штат Юта Соединенных Штатов Америки. Главу государства в аэропорту города Солт-Лейк-Сити встретил президент Сената штата Юта Стюарт Адамс. В рамках пребывания Президент проведет встречи с руководством штата, а также ознакомится с опытом американской стороны в сферах туризма и устойчивого горного развития. Затем Президент Садыр Жапаров направится в Нью-Йорк, где примет участие в мероприятиях Недели высокого уровня Общих дебатов 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН, а также проведет ряд двусторонних встреч с главами государств и руководителями крупных компаний США.