🇰🇬🇹🇹Президент Садыр Жапаров Тринидад жана Тобаго Республикасынын Премьер-министри Камла Персад-Биссессар менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тринидад жана Тобаго Республикасынын Премьер-министри Камла Персад-Биссессар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Садыр Жапаров Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтып, Тринидад жана Тобаго менен жакын алакаларды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы Камла Персад-Биссессарды Тринидад жана Тобагонун 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдирип, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө көбүрөөк дуушар болгон өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын биргелешип илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Өз кезегинде Камла Персад-Биссессар соода, экономика, энергетика жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүндө, анын ичинде кайра жаралуучу энергия булактары жаатында тажрыйба алмашуу багытында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Мындан тышкары Тринидад жана Тобагонун Премьер-министри өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу диалогду жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын деңиз транспорттук жолдоруна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүнө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыктарын ырасташты. ** 🇰🇬🇹🇹Президент Садыр Жапаров встретился с Премьер-министром Тринидада и Тобаго Камлой Персад-Биссессар Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, на полях 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в городе Нью-Йорке встретился с Премьер-министром Республики Тринидад и Тобаго Камлой Персад-Биссессар. В ходе встречи стороны обсудили перспективы развития двусторонних отношений, а также взаимодействие в рамках международных организаций. Садыр Жапаров отметил заинтересованность Кыргызстана в расширении сотрудничества со странами Латинской Америки и Карибского бассейна и подчеркнул важность установления более тесных контактов с Тринидадом и Тобаго. Глава государства поздравил Камлу Персад-Биссессар с избранием Тринидада и Тобаго непостоянным членом Совета Безопасности ООН на 2027–2028 годы и выразил готовность к тесному взаимодействию в рамках Совета Безопасности ООН, отметив важность совместного продвижения интересов малых и развивающихся государств, а также стран, наиболее уязвимых перед климатическими изменениями. В свою очередь Камла Персад-Биссессар подчеркнула заинтересованность в развитии сотрудничества в сферах торговли, экономики, энергетики и культурно-гуманитарного взаимодействия, включая обмен опытом в области возобновляемых источников энергии. Также Премьер-министр Тринидад и Тобаго выразила готовность к дальнейшему развитию двустороннего диалога и сотрудничества по представляющим взаимный интерес направлениям и оказать содействие Кыргызстану в расширении возможностей для выхода на морские транспортные пути. В завершение стороны подтвердили готовность укреплять конструктивное взаимодействие и развивать отношения между странами.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.2K avg views
Posting
9.5/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 22 Sep 2026, 20:59 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.3K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.