🇺🇳 Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты. Дебаттар башталганга чейин БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин Мамлекет башчысын тосуп алуу аземи болуп өттү. Дебаттар ачылышына дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясы “Ишенимди калыбына келтирүү, өзгөрүүлөрдү башкаруу: ар бир адамдын жыргалчылыгы үчүн иштеген Бириккен Улуттар Уюму” деген ураандын алдында ачылды. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт. Анын сөз сүйлөөсү бүгүн кечинде, Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 21:00–22:00дө күтүлүүдө. Түз эфирди УТРК каналынан жана социалдык тармактардагы баракчалардан көрүүгө болот. **** 🇺🇳 Президент Садыр Жапаров принял участие в церемонии открытия Общих дебатов 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, принял участие в открытии Общих дебатов 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН, проходящих в Нью-Йорке (Соединенные Штаты Америки). Перед началом дебатов состоялась церемония приветствия Главы государства Генеральным секретарем ООН Антониу Гутерришем. На открытии дебатов принимают участие главы государств и делегации из 193 стран мира. Сессия Генеральной Ассамблеи ООН была открыта под лозунгом «Восстановление доверия, управление преобразованиями: Организация Объединенных Наций, работающая на благо каждого». Президент Садыр Жапаров выступит в первый день дебатов Генеральной Ассамблеи ООН. Его выступление ожидается сегодня вечером, ориентировочно в 21:00-22:00 по времени Бишкека. Прямую трансляцию можно будет посмотреть на канале НТРК и на страницах социальных сетей.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.2K avg views
Posting
9.5/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 22 Sep 2026, 13:48 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.6K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.