🔹Мальтанын Президенти Мириам Спитери Дебоно Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Мальтанын Президенти Мириам Спитери Дебоно Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “1993-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Мальта менен Кыргызстан өз ара сый-урмат жана кызматташтыкка негизделген достук мамилелерин улантып келе жатышат. Өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки жактуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө үмүттөнөм”, — деп айтылат билдирүүдө. Мириам Спитери Дебоно Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады. **** 🔹Президент Мальты Мириам Спитери Дебоно поздравила Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Мальты Мириам Спитери Дебоно поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Кыргызской Республики. «С момента установления дипломатических отношений в 1993 году Мальта и Кыргызстан продолжают поддерживать дружественные отношения, основанные на взаимном уважении и сотрудничестве. Рассчитываю на дальнейшее развитие нашего двустороннего и многостороннего взаимодействия в сферах, представляющих взаимный интерес», - говорится в послании. Мириам Спитери Дебоно пожелала Садыру Жапарову крепкого здоровья и благополучия, а народу Кыргызстана — мира, прогресса и процветания.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР
-
edited -
🔹ТАР Президенти Матамела Сирил Рамафоса Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Түштүк Африка Республикасынын Президенти Матамела Сирил Рамафоса Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу даражалуу Сизге чың ден соолук каалап, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем достук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана чыңдоого болгон ниетибизди дагы бир ирет ырастоого уруксат этиңиз”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда. ** 🔹Президент ЮАР Матамела Сирил Рамафоса поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Южно-Африканской Республики Матамела Сирил Рамафоса поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости Кыргызской Республики. «Позвольте воспользоваться этой возможностью и пожелать Его Превосходительству крепкого здоровья, а также вновь подтвердить наше желание в дальнейшем улучшать и укреплять замечательные узы дружбы, существующие между нашими странами», - говорится в поздравительном послании.
-
🔹Нидерланддардын Королу Виллем-Александр Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Нидерланддардын Королу Виллем-Александр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Урматтуу даражаңызга куттуктоомду жана Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык каалаган ак тилектеримди билдирүүгө уруксат этиңиз”, - деп айтылат куттуктоо катында. ** 🔹Король Нидерландов Виллем-Александр поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Король Нидерландов Виллем-Александр поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «Позвольте выразить Вашему Превосходительству мои поздравления и наилучшие пожелания благополучия народу Кыргызской Республики» - говорится в поздравительном послании.
-
-
🔹Испаниянын Королу Филипп VI Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Испаниянын королу Филипп VI Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Жеке бакубатчылык жана кымбаттуу кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү тилеген эң жакшы каалоомду кабыл алыңыз”, - деп айтылат телеграммада. * 🔹Король Испании Филипп VI поздравил Президента Садыра Жапарова и кыргызский народ с Днем независимости Король Испании Филипп VI поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и кыргызский народ с Днем независимости. «Примите мои наилучшие пожелания личного благополучия, мира и процветания для дорогого кыргызского народа», - говорится в телеграмме.
-
-
🔹Австриянын Президенти Александр Ван дер Беллен Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Австрия Республикасынын Президенти Александр Ван дер Беллен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кубануу менен Сизге жана Кыргызстан элине эң жылуу куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди билдирем. Ушул жылдын июнь айында БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлоо учурунда көрсөткөн колдооңуз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Кеңешке мүчө болуп шайланышы менен куттуктайм. Биздин өлкөлөрдүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде биргелешип мүчө болушу, көп тараптуу, анын ичинде туруктуу тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн сонун мүмкүнчүлүк берет”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Александр Ван дер Беллен Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине бактылуу жана гүлдөп-өнүккөн келечек каалады. ** 🔹Президент Австрии Александр Ван дер Беллен поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Австрийской Республики Александр Ван дер Беллен поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости. «По случаю Дня независимости Кыргызской Республики имею большое удовольствие направить Вам и народу Кыргызстана мои самые тёплые поздравления и наилучшие пожелания. Хотел бы выразить искреннюю благодарность за оказанную поддержку в ходе выборов в Совет Безопасности ООН в июне текущего года и одновременно поздравить Вас с успешным избранием Кыргызской Республики в состав этого органа. Совместное членство наших стран в Совете Безопасности ООН предоставит прекрасную возможность для дальнейшего укрепления многостороннего сотрудничества, в том числе в области устойчивого горного развития», - говорится в поздравительной телеграмме. Александр Ван дер Беллен пожелал Садыру Жапарову крепкого здоровья и благополучия, а народу Кыргызстана - счастливого и благополучного будущего.
-
🔹Того Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Ушул маанилүү күндү утурлай Того менен Кыргызстандын өз ара кызыкчылыктарга жооп берген көптөгөн тармактарда чыңдалып келе жаткан достук жана өнөктөштүк мамилелерин өзгөчө белгилегим келет. Менин өлкөм бул байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана жалпы жетекчилигибиздин алдында эки элдин жыргалчылыгы үчүн мамилелерибизди мындан ары да бекемдөө боюнча ырааттуу иштерди улантууга бекем ниеттенет. Сизге жана үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө чың ден соолук, ал эми кыргыз элине тынчтык жана түбөлүктүү бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда. ** 🔹Председатель Совета Министров Того Фор Эссозимна Гнассингбе поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Председатель Совета Министров Тоголезской Республики Фор Эссозимна Гнассингбе поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости Кыргызской Республики. «Я хотел бы воспользоваться этим знаменательным событием, чтобы приветствовать прекрасные отношения дружбы и партнерства, которые Того и Кыргызстан укрепили в многочисленных областях, представляющих взаимный интерес. Моя страна, придающая особое значение развитию этих связей, остается приверженной, под нашим общим руководством, неуклонной работе по их дальнейшему укреплению на благо наших двух народов. Выражаю мои самые теплые пожелания здоровья лично Вам и членом Вашей семьи, а также мира и вечного процветания Кыргызскому народу», - говорится в поздравительном послании.
-
-
🔹Бахрейн Королу Хамад бин Иса бин Салман Аль Халифа Президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Бахрейндин Королу Хамад бин Иса бин Салман Аль Халифа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Боордош өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик майрам менен Сизди өзүмдүн жана Бахрейн элинин, Өкмөтүнүн атынан куттуктоо мен үчүн чоң кубаныч. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми кыргыз элине өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат куттуктоодо. ** 🔹Король Бахрейна Хамад бин Иса бин Салман Аль Халифа поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Король Бахрейна Хамад бин Иса бин Салман Аль Халифа поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Кыргызской Республики. «Для меня большая радость от себя лично и от имени народа и Правительства Бахрейна поздравить Вас с государственным праздником, по случаю Дня независимости братской страны. Я также рад воспользоваться этой возможностью, чтобы передать Вашему превосходительству искренние пожелания здоровья и счастья, а также прогресса и процветания кыргызскому народу», - говорится в поздравлении.
-
-
edited 🔹Марокко Падышасы Мухаммед VI Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Марокконун Падышасы Мухаммед VI Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөлөрүбүздү байланыштырып турган бир туугандык мамилелерди жана достукту жогору баалай турганымды белгилегим келет. Буга байланыштуу Сиздин Урматтуу даражаңыз менен биргеликте кызматташтыгыбызды мындан ары бекемдөө жана элдерибиздин үмүт-тилектерин ишке ашыруу үчүн биргелешкен ишибизди улантууну чыдамсыздык менен күтүп жатам”, - деп айтылат куттуктоодо. *** 🔹Король Марокко Мухаммед VI поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Король Марокко, Мухаммед VI поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «Пользуясь этой возможностью, хотел бы отметить, насколько высоко я ценю братские узы и дружбу, связывающие наши страны. В связи с этим я с нетерпением ожидаю продолжения совместной работы с Вашим Превосходительством по укреплению нашего сотрудничества и реализации чаяний наших народов», - говорится в поздравлении.
-
🔹Бельгия Королу Филипп Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Бельгиянын Королу Филипп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамын белгилөө Сизге, ошондой эле мекендештериңизге өзүмдүн куттуктоолорумду жана бакыт-таалай, чың ден соолук кааларымды билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө”, - деп айтылат куттуктоодо. ** 🔹Король Бельгии Филипп поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости. Король Бельгии Филипп поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «Празднование Национального праздника Кыргызской Республики предоставляет мне возможность выразить Вашему Превосходительству, а также Вашим соотечественникам мои поздравления и пожелания счастья и здоровья», - говорится в поздравлении.
-
-
🔹Мисирдин Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Мисир Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө байланыштуу, Улуу Даражалуу Сизге жана достук мамиледеги элиңизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду жана өлкөңүздүн өнүгүүсү жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн эң жакшы тилектеримди билдирем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Мисир Кыргыз Республикасы менен болгон жылуу мамилелерине чоң маани берерин тастыктап, эки боордош элдин бакубатчылыгы үчүн өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу байланыштарыбызды мындан ары бекемдөөгө болгон үмүтүмдү билдиргим келет”, - деп айтылат Мисир Араб Республикасынын Президентинин куттуктоо телеграммасында. Абдель Фаттах Ас-Сиси Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады. ** 🔹Президент Египта Абдель Фаттах Ас-Сиси поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Арабской Республики Египет Абдель Фаттах Ас-Сиси поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости. «По случаю празднования Дня независимости Кыргызской Республики я имею честь направить Вашему Превосходительству и дружественному народу мои искренние поздравления и наилучшие пожелания прогресса и процветания вашей стране. Пользуясь этой возможностью, я хотел бы подтвердить важность, которую Египет придает своим теплым отношениям с Кыргызской Республикой, и выразить надежду на дальнейшее укрепление наших двусторонних связей во всех областях, представляющих взаимный интерес, на благо наших двух дружественных народов», - говорится в поздравительно телеграмме Президента Арабской Республики Египет. Абдель Фаттах Ас-Сиси пожелал Садыру Жапарову крепкого здоровья и счастья, а также благополучия и процветания дружественному народу Кыргызстана.
-
-
🔹Франциянын Президенти Эммануэль Макрон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Мен да сиз сыяктуу эле, акыркы жылдары жаңы багыттар менен толукталып, көп кырдуу болуп калган өнөктөштүгүбүздү мындан ары тереңдетүүгө болгон умтулууларды колдойм. Мындан улам саламаттыкты сактоо, жарандык авиация, шаардык кызматтар, тоо-кен тармагы, ошондой эле маданият, анын ичинде жакында Бишкекте Франк-немис маданий институтунун ачылышы сыяктуу өлкөлөрүбүз үчүн маанилүү болгон тармактарда кызматташтыгыбызды өнүктүрүү келечегин канааттануу менен белгилейм. Мындан тышкары, бир катар маанилүү көп тараптуу иш-чаралар, эң ириде, Кыргыз Республикасынын 2027-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги мандаты кызматташтыгыбызды бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ереванда өтө турган Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча COP17 конференциясы эки өлкөбүзгө тоо экосистемаларын коргоо маселелери боюнча биргелешкен ишти улантууга мүмкүнчүлүк берет”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда. ** 🔹Президент Франции Эммануэль Макрон поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Французской Республики Эммануэль Макрон поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «Я, как и Вы, разделяю стремление к дальнейшему углублению нашего партнёрства, которое за последние годы приобрело новые направления и стало более многообразным. В этой связи я с удовлетворением отмечаю перспективы развития нашего сотрудничества в таких важных для наших стран сферах, как здравоохранение, гражданская авиация, городские услуги, горный сектор, а также культура - в частности, в связи с предстоящим открытием Франко-немецкого культурного института в Бишкеке. Кроме того, ряд важных многосторонних мероприятий открывает новые возможности для укрепления нашего сотрудничества, прежде всего предстоящий мандат Кыргызской Республики в Совете Безопасности Организации Объединённых Наций, начиная с 2027 года. Конференция СОР17 по биоразнообразию, которая состоится в Ереване, также станет возможностью для наших двух стран продолжить совместную работу над вопросами защиты горных экосистем», - говорится в поздравлении.
-
-
edited 🔹АКШнын Президенти Дональд Трамп Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Өткөн отуз беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасы эгемендүү жана көз карандысыз мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолун аныктап алды жана Америка Кошмо Штаттары Сиздерге өнөктөш жана достош болуп келатканына сыймыктанат. Биздин өлкөлөр өз ара урматтоого, экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана аймактык коопсуздук менен туруктуулукка болгон жалпы умтулууга негизделген бекем мамилелерди курушту. “С5+1” сыяктуу форматтардын, ошондой эле соода, инвестиция жана коопсуздук тармактарындагы өсүп жаткан кызматташтыгыбыздын аркасында, мамлекеттерибиз элдерибиздин гүлдөп-өсүшүн камсыз кылуунун жаңы жолдорун таба беришет. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын суверенитетин жана эгемендүүлүгүн мурдагыйдай эле бекем колдоп келет. Ушул маанилүү күндө мамлекеттерибиздин ортосундагы өнөктөштүктүн андан ары бекемделишине жана америкалык жана кыргыз элдеринин ортосундагы достуктун уланышына үмүтүмдү билдирем. Ушул майрамга карата эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда. *** 🔹Президент США Дональд Трамп поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Соединенных Штатов Америки Дональд Трамп поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Кыргызской Республики. «За прошедшие три с половиной десятилетия Кыргызская Республика определила свой собственный путь развития как суверенное и независимое государство, и Соединенные Штаты гордятся тем, что выступают Вашим партнером и другом. Наши страны выстроили прочные отношения, основанные на взаимном уважении, расширении экономических связей и общей приверженности региональной безопасности и стабильности. Благодаря таким форматам, как «C5+1», а также нашему растущему сотрудничеству в сферах торговли, инвестиций и безопасности, наши государства продолжают находить новые пути для обеспечения процветания наших народов. Соединенные Штаты по-прежнему твердо поддерживают суверенитет и независимость Кыргызской Республики. В этот знаменательный день я выражаю надежду на дальнейшее укрепление партнерства между нашими странами и продолжение дружбы между американским и кыргызским народами. Примите мои наилучшие пожелания по случаю этого праздника», - говорится в поздравительном послании.
-
- Older posts