🔹Австриянын Президенти Александр Ван дер Беллен Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Австрия Республикасынын Президенти Александр Ван дер Беллен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кубануу менен Сизге жана Кыргызстан элине эң жылуу куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди билдирем. Ушул жылдын июнь айында БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлоо учурунда көрсөткөн колдооңуз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Кеңешке мүчө болуп шайланышы менен куттуктайм. Биздин өлкөлөрдүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде биргелешип мүчө болушу, көп тараптуу, анын ичинде туруктуу тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн сонун мүмкүнчүлүк берет”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Александр Ван дер Беллен Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине бактылуу жана гүлдөп-өнүккөн келечек каалады. ** 🔹Президент Австрии Александр Ван дер Беллен поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Австрийской Республики Александр Ван дер Беллен поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости. «По случаю Дня независимости Кыргызской Республики имею большое удовольствие направить Вам и народу Кыргызстана мои самые тёплые поздравления и наилучшие пожелания. Хотел бы выразить искреннюю благодарность за оказанную поддержку в ходе выборов в Совет Безопасности ООН в июне текущего года и одновременно поздравить Вас с успешным избранием Кыргызской Республики в состав этого органа. Совместное членство наших стран в Совете Безопасности ООН предоставит прекрасную возможность для дальнейшего укрепления многостороннего сотрудничества, в том числе в области устойчивого горного развития», - говорится в поздравительной телеграмме. Александр Ван дер Беллен пожелал Садыру Жапарову крепкого здоровья и благополучия, а народу Кыргызстана - счастливого и благополучного будущего.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 31 Aug 2026, 03:05 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 960 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.