Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.1K avg views
Posting 9.4/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹Франциянын Президенти Эммануэль Макрон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Мен да сиз сыяктуу эле, акыркы жылдары жаңы багыттар менен толукталып, көп кырдуу болуп калган өнөктөштүгүбүздү мындан ары тереңдетүүгө болгон умтулууларды колдойм. Мындан улам саламаттыкты сактоо, жарандык авиация, шаардык кызматтар, тоо-кен тармагы, ошондой эле маданият, анын ичинде жакында Бишкекте Франк-немис маданий институтунун ачылышы сыяктуу өлкөлөрүбүз үчүн маанилүү болгон тармактарда кызматташтыгыбызды өнүктүрүү келечегин канааттануу менен белгилейм. Мындан тышкары, бир катар маанилүү көп тараптуу иш-чаралар, эң ириде, Кыргыз Республикасынын 2027-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги мандаты кызматташтыгыбызды бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ереванда өтө турган Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча COP17 конференциясы эки өлкөбүзгө тоо экосистемаларын коргоо маселелери боюнча биргелешкен ишти улантууга мүмкүнчүлүк берет”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда. ** 🔹Президент Франции Эммануэль Макрон поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Французской Республики Эммануэль Макрон поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «Я, как и Вы, разделяю стремление к дальнейшему углублению нашего партнёрства, которое за последние годы приобрело новые направления и стало более многообразным. В этой связи я с удовлетворением отмечаю перспективы развития нашего сотрудничества в таких важных для наших стран сферах, как здравоохранение, гражданская авиация, городские услуги, горный сектор, а также культура - в частности, в связи с предстоящим открытием Франко-немецкого культурного института в Бишкеке. Кроме того, ряд важных многосторонних мероприятий открывает новые возможности для укрепления нашего сотрудничества, прежде всего предстоящий мандат Кыргызской Республики в Совете Безопасности Организации Объединённых Наций, начиная с 2027 года. Конференция СОР17 по биоразнообразию, которая состоится в Ереване, также станет возможностью для наших двух стран продолжить совместную работу над вопросами защиты горных экосистем», - говорится в поздравлении.

Views over time

05001K31 Aug 02:5511 Nov 05:0395931 Aug 02:55: 0 views11 Nov 05:03: 959 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
31 Aug 2026, 02:550
11 Nov 2026, 05:03959

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.