🔹АКШнын Президенти Дональд Трамп Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Өткөн отуз беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасы эгемендүү жана көз карандысыз мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолун аныктап алды жана Америка Кошмо Штаттары Сиздерге өнөктөш жана достош болуп келатканына сыймыктанат. Биздин өлкөлөр өз ара урматтоого, экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана аймактык коопсуздук менен туруктуулукка болгон жалпы умтулууга негизделген бекем мамилелерди курушту. “С5+1” сыяктуу форматтардын, ошондой эле соода, инвестиция жана коопсуздук тармактарындагы өсүп жаткан кызматташтыгыбыздын аркасында, мамлекеттерибиз элдерибиздин гүлдөп-өсүшүн камсыз кылуунун жаңы жолдорун таба беришет. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын суверенитетин жана эгемендүүлүгүн мурдагыйдай эле бекем колдоп келет. Ушул маанилүү күндө мамлекеттерибиздин ортосундагы өнөктөштүктүн андан ары бекемделишине жана америкалык жана кыргыз элдеринин ортосундагы достуктун уланышына үмүтүмдү билдирем. Ушул майрамга карата эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда. *** 🔹Президент США Дональд Трамп поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Соединенных Штатов Америки Дональд Трамп поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Кыргызской Республики. «За прошедшие три с половиной десятилетия Кыргызская Республика определила свой собственный путь развития как суверенное и независимое государство, и Соединенные Штаты гордятся тем, что выступают Вашим партнером и другом. Наши страны выстроили прочные отношения, основанные на взаимном уважении, расширении экономических связей и общей приверженности региональной безопасности и стабильности. Благодаря таким форматам, как «C5+1», а также нашему растущему сотрудничеству в сферах торговли, инвестиций и безопасности, наши государства продолжают находить новые пути для обеспечения процветания наших народов. Соединенные Штаты по-прежнему твердо поддерживают суверенитет и независимость Кыргызской Республики. В этот знаменательный день я выражаю надежду на дальнейшее укрепление партнерства между нашими странами и продолжение дружбы между американским и кыргызским народами. Примите мои наилучшие пожелания по случаю этого праздника», - говорится в поздравительном послании.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 31 Aug 2026, 02:51 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 938 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.