🔹Сауд Арабиясынын Падышасы Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Сауд Арабиясынын Падышасы Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Өлкөңүздүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу Сауд Арабия Падышалыгынын элинин жана Өкмөтүнүн, ошондой эле жеке өзүбүздүн атыбыздан Улуу Мартабалуу Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай каалаган чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду зор кубаныч менен жолдойбуз. Ал эми боордош Кыргызстандын Өкмөтүнө жана элине мындан аркы өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда. ** 🔹Король КСА Салман бин Абдульазиз Аль Сауд поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Король Саудовской Аравии Салман бин Абдульазиз Аль Сауд поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости Кыргызской Республики. «По случаю празднования Дня независимости Вашей страны от имени народа, Правительства Королевства Саудовская Аравия и от нас лично с огромным удовольствием передаем Вашему Превосходительству самые искренние слова поздравления и наилучшие пожелания здоровья и счастья, а Правительству и народу братского Кыргызстана дальнейшего развития и процветания», - говорится в поздравительном послании.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР
-
-
🔹Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Терең тарыхый, диний жана цивилизациялык шарттар Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүп келет. Кубанычка жараша, эки өлкөнүн Евразия биримдигинин жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлдү. Ошол эле учурда, айрыкча экономикалык тармакта, азырынча толук пайдаланылбай келе жаткан олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар жана аларды ишке ашырууга болот”, - деп айтылат куттуктоодо. Масуд Пезешкиан Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын өкмөтүнө жана элине бакыт-таалай жана өсүп-өнүгүүнү каалады. ** 🔹Президент Ирана Масуд Пезешкиан поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Исламской Республики Иран Масуд Пезешкиан поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «Глубокие исторические, религиозные и цивилизационные общности создали благоприятные предпосылки для укрепления и развития взаимовыгодного сотрудничества между Исламской Республикой Иран и Кыргызской Республикой. К счастью, сотрудничество между двумя странами в рамках Евразийского союза и Шанхайской организации сотрудничества вступило в новый этап. Вместе с тем по-прежнему существует значительный потенциал, особенно в экономической сфере, который может быть реализован», - говорится в поздравлении. Масуд Пезешкиан пожелал Садыру Жапарову здоровья и успехов, а правительству и народу Кыргызстана - счастья и процветания.
-
🔹Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Пакистандын Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Пакистан Кыргыз Республикасы менен жалпы тарыхка, маданий жакындыкка, өз ара ишенимге жана тыгыз кызматташтыкка негизделген жакын жана достук мамилелерин жогору баалайт. 2026-жылдын июль айында Сиздердин кооз өлкөңүздөргө жасаган сапарым, 1995-жылдагы буга чейинки сапарым тууралуу жылуу эскерүүлөрдү кайрадан жандандырып, эки тараптуу мамилелерибизди мындан ары чыңдоо үчүн дагы бир баалуу мүмкүнчүлүк түздү. Ошондой эле Улуу Мартабалуу Сиздин 2025-жылдын декабрь айында Пакистанга жасаган сапарыңызды жылуу сезимдер менен эскерем. Эки жолку сапардын алкагында өткөрүлгөн жемиштүү сүйлөшүүлөр өз ара кызыкчылык туудурган тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон жалпы умтулуубузду дагы бир жолу тастыктады. Эки өлкөбүздүн өз ара кызыкчылыгы үчүн кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо максатында Улуу Мартабалуу Сиз менен тыгыз иш алып барууну улантууну чыдамсыздык менен күтөм”, - деп айтылат куттуктоодо. Асиф Али Зардари Мамлекет башчысына чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине мындан аркы тынчтыкты, өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады. ** 🔹Президент Пакистана Асиф Али Зардари поздравил Садыра Жапарова и кыргызский народ с Днем независимости Президент Исламской Республики Пакистан Асиф Али Зардари поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и кыргызский народ с Днем независимости Кыргызской Республики. «Пакистан высоко ценит свои близкие и дружественные отношения с Кыргызской Республикой, основанные на общей истории, культурной близости, взаимном доверии и тесном сотрудничестве. Мой визит в вашу прекрасную страну в июле 2026 года вновь пробудил тёплые воспоминания о моём предыдущем визите в 1995 году и стал ещё одной ценной возможностью для дальнейшего укрепления наших двусторонних отношений. Я также с теплотой вспоминаю визит Вашего Превосходительства в Пакистан в декабре 2025 года. Плодотворные переговоры, проведённые в рамках обоих визитов, ещё раз подтвердили наше общее стремление расширять сотрудничество в представляющих взаимный интерес областях. С нетерпением ожидаю продолжения тесной работы с Вашим Превосходительством в целях дальнейшего укрепления сотрудничества во взаимных интересах наших двух стран», - говорится в поздравительном послании. Асиф Али Зардари пожелал Главе государства крепкого здоровья и счастья, а братскому кыргызскому народу — дальнейшего мира, развития и процветания.
-
-
🔹Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Өткөн отуз беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жолунда олуттуу ийгиликтерге жетишип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү натыйжаларды көрсөттү. Сиздин жетекчилигиңиз алдында жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдуу реформалар жана инфраструктураны жаңылоо иштери өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын ырааттуу түрдө бекемдеп жатат. Армения биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук жана өз ара сый-урматка негизделген мамилелерди жогору баалайт. Биргелешкен аракеттердин негизинде Армения менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты жаңы мазмун менен байытып, эки жактуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара пайдалуу алакаларды тереңдетүү аркылуу элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн иш алып барарыбызга ишенем. Жакын арада Ереванда түздөн-түз жолугуп, баарлашуубузду улантып, эки тараптуу күн тартибин мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулай турганыбызга кубанычтамын”, - деп айтылат куттуктоодо. Никол Пашинян Садыр Жапаровго чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде түгөнгүс күч-кубат, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалады. * 🔹Премьер-министр Армении Никол Пашинян поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Премьер-министр Республики Армения Никол Пашинян поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «В ходе прошедших трёх с половиной десятков лет Кыргызская Республика прошла значительный путь укрепления государственности, отмечая важные достижения в деле социально-экономического развития страны. Осуществляемые под Вашим руководством широкомасштабные реформы и модернизация инфраструктуры последовательно укрепляют позиции страны на международной арене. Армения высоко ценит сформировавшиеся между нашими странами дружественные, основанные на обоюдном уважении отношения. Убеждён, что совместными усилиями мы сможем наполнить новым содержанием межгосударственное сотрудничество между Арменией и Кыргызстаном, углубляя взаимовыгодное взаимодействие как на двусторонних, так и многосторонних форматах, во благо наших народов. Рад, что в скором времени в Ереване сможем продолжить наше непосредственное общение и обсудить вопросы, касательные дальнейшего развития двусторонней повестки», - говорится в поздравлении. Никол Пашинян пожелал Садыру Дапарову доброго здоровья, неиссякаем энергии в его ответственной государственной деятельности, а дружественному народу Кыргызстана - мира, благополучия и стабильно продвижения.
-
-
🔹Беларусь Президенти Александр Лукашенко Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Бул майрам кыргыз элинин эгемендик жолун тандаганын, социалдык-экономикалык өсүшкө, мамлекеттүүлүктү чыңдоого жана жарандардын бакубатчылыгын жогорулатууга умтулуусун айгинелейт. Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркынын жогору экенин тастыктады. Беларусь тараптын кыргызстандык өнөктөштөрүнө көрсөткөн колдоосу өз ара ишенимди бекемдеп, эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин дагы бир ирет көрсөттү. Элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар көп тармактуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана биргелешкен интеграциялык демилгелерди ишке ашырууга бекем негиз болот деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо. *** 🔹Президент Беларуси Александр Лукашенко поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Республики Беларусь Александр Лукашенко поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «Этот праздник символизирует суверенный выбор кыргызского народа и его стремление идти по пути социально-экономического роста, упрочения государственности и повышения благосостояния граждан. Избрание Кыргызстана в Совет Безопасности ООН на 2027 - 2028 годы стало подтверждением авторитета республики на мировой арене. Поддержка, оказанная белорусской стороной кыргызским партнерам, укрепила взаимное доверие и подчеркнула высокий уровень двустороннего сотрудничества. Убежден, что узы дружбы наших народов являются надежным фундаментом для углубления многоплановых отношений и реализации совместных интеграционных инициатив», - говорится в поздравлении.
-
-
🔹Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Бүгүн Кыргызстан Сиздин жетекчилигиңиз алдында мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана кеңири масштабдагы курулуш иштеринде олуттуу ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада да чоң абройго ээ болду. Боордош өлкө катары биз Кыргызстандын ийгиликтерине өзүбүздүкүндөй эле кубанабыз. Салттуу достук жана боордоштук байланыштар менен бекемделген Азербайжан менен Кыргызстандын алакалары жылдан-жылга өнүгүп, жаңы мазмун менен толукталып, союздаштык мамилелердин деңгээлине жеткени бизди кубандырат. Жакында эле Сиздин меймандос өлкөңүзгө жасаган мамлекеттик сапарым мамлекеттерибиздин тыгыз өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон бекем эркин билдирип, азербайжан-кыргыз мамилелеринин тарыхындагы жаңы этапка негиз түзүү менен кызматташуунун кеңири күн тартибин айкын көрсөттү. Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жана байланыштар биргелешкен аракеттердин негизинде мындан ары да элдерибиздин кызыкчылыктарына ылайык өнүгүп, бекемделе берет деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо. *** 🔹Президент Азербайджана Ильхам Алиев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости. Президент Азербайджанской Республики Ильхам Алиев поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «Сегодня Кыргызстан под Вашим руководством достиг значительных успехов в укреплении государственности, социально-экономическом развитии и широкомасштабном созидательном строительстве, а также приобрел большой авторитет на международной арене. Как братская страна, мы радуемся успехам Кыргызстана так же, как своим собственным. Вызывает удовлетворение то, что отношения между Азербайджаном Кыргызстаном, связанными традиционными узами дружбы и братства, из года в год развиваются, приобретая новое содержание и достигли уровня союзнических отношений. Недавний мой государственный визит в Вашу гостеприимную страну продемонстрировал твёрдую решимость наших государств развивать тесное партнёрство и показал широкую повестку сотрудничества, заложив основу нового этапа в истории азербайджано-кыргызских отношений. Уверен, что союзнические отношения и связи между Азербайджаном и Кыргызстаном благодаря совместным усилиям и впредь будут развиваться и укрепляться по восходящей линии в соответствии с интересами наших народов», - отмечено в поздравлении.
-
-
edited 🔹Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Бизди жалпы тарыхый, тилдик, диний жана маданий баалуулуктар байланыштырган достук мамиледеги жана боордош Кыргызстан элинин эгемендүүлүктүн 35 жылында бардык тармактарда жетишкен ийгиликтерине сыймыктануу менен көз салып келем. Сиздин баалуу салымыңыздын жана күч-аракетиңиздин аркасында эки жактуу мамилелерибиз, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардагы, анын ичинде Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы кызматташтыгыбыз жылдан-жылга тереңдеп, өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеп жатабыз. Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 29-30-октябрында Анкара шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун XIII саммитинде, ошондой эле 2026-жылдын 11-12-ноябрында Анталья шаарында өтө турган COP31 лидерлеринин саммитинде Сиз менен жолугушууга үмүттөнөм”, - деп айтылат куттуктоодо. Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү каалады. *** 🔹Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Турецкой Республики Реджеп Тайип Эрдоган поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «С гордостью наблюдаю за успехами дружественного и братского Кыргызстана, с которым нас связывают общие исторические, языковые, религиозные и культурные ценности, достигнутыми за 35 лет независимости во всех сферах. Благодаря Вашему ценному вкладу и усилиям мы с удовлетворением отмечаем, что наши двусторонние отношения, а также сотрудничество на многосторонних платформах, в том числе в рамках Организации тюркских государств, из года в год углубляются и развиваются. В этой связи выражаю надежду на встречу с Вами на XIII Саммите Организации тюркских государств, который состоится 29–30 октября 2026 года в городе Анкаре, а также на Саммите лидеров COP31, который пройдет 11–12 ноября 2026 года в городе Анталья», - говорится в поздравлении. Реджеп Тайип Эрдоган пожелал Садыру Жапарову крепкого здоровья и благополучия, а братскому кыргызскому народу — мира, процветания и дальнейшего развития.
-
-
🔹Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана боордош кыргыз элине Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосун жана каалоо-тилектерди билдирген телеграмма жолдоду. “Бүгүнкү күндө боордош Кыргызстан Сиздин жетекчилигиңиз астында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бардык тармактарында масштабдуу жыйынтыктарга жетишип, ырааттуу түрдө алдыга жылып жатат. Конструктивдүү аймактык кызматташтык саясатынын жигердүү жактоочусу катары Кыргызстандын эл аралык аренада кадыр-баркы өсүүдө. Биздин өлкөлөрдү достук, ынак коңшулук жана жакшы мамилелердин тарыхый салттары байланыштырат. Биздин элдерибиздин өз ара мамилелерин ар тараптуу бекемдөө бүгүнкү күндө да Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын сап башында турат. Тараптардын биргелешкен аракеттеринин аркасында мамлекеттер аралык өнөктөштүк жана бардык деңгээлдеги диалог ийгиликтүү өнүгүп, акыркы жылдары дагы кеңири мүнөзгө ээ болду. Тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Келишимге кол коюу мунун айкын мисалы катары саналат", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. * 🔹Президент Таджикистана Эмомали Рахмон поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Республики Таджикистан Эмомали Рахмон направил Президенту Кыргызской Республики Садыру Жапарову и братскому народу Кыргызстана телеграмму с поздравлениями и наилучшими пожеланиями по случаю Дня независимости. «Сегодня братский Кыргызстан под Вашим руководством неуклонно движется вперед, достигая масштабных результатов во всех сферах социально-экономического развития страны. Растёт авторитет Кыргызстана на международной арене, как активного сторонника политики конструктивного регионального сотрудничества. Наши страны связывают исторические традиции отношений дружбы, добрососедства и доброго общения. Всестороннее укрепление взаимоотношений наших народов и сегодня занимает главное место в приоритетах внешней политики Таджикистана. Благодаря совместным усилиям сторон успешно развиваются межгосударственное партнерство и диалог на всех уровнях, приобретая за последние годы еще более широкий характер. Наглядным примером этого является подписание Договора о таджикско-кыргызской государственной границе», - говорится в поздравительной телеграмме.
-
-
edited 🔹Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Республики Узбекистан Шавкат Мирзиёев поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Кыргызской Республики. «Нас особенно радует, что в результате проводимых в стране под Вашим руководством системных и широкомасштабных реформ, направленных на обеспечение устойчивого роста, дружественный Кыргызстан сегодня демонстрирует высокие показатели экономического и социального роста. Хотел бы с особым удовлетворением отметить, что ряд важных инициатив регионального и глобального значения, выдвинутых Вами, получает достойное признание со стороны мирового сообщества. В основе таких огромных достижений лежит мудрая и дальновидная политика, опирающаяся на Вашей эффективной деятельности в качестве Главы государства и богатом практическом опыте. Наши плодотворные переговоры и важные договоренности, достигнутые в ходе недавнего государственного визита в Вашу страну в очаровательном и живописном городе Чолпон-Ата, вывели наши отношения на новый исторический этап - на уровень союзнических отношений. Уважаемый господин Президент! Хотел бы подчеркнуть, что неформальная Консультативная встреча глав государств Центральной Азии и Азербайджанской Республики стала важным шагом на пути дальнейшего укрепления регионального сотрудничества, повышения атмосферы дружбы и взаимного доверия между нашими странами. Уверен, что 25-й юбилейный саммит Совета глав государств-членов Шанхайской организации сотрудничества и шестые Всемирные игры кочевников также пройдут на высоком уровне и эти важные мероприятия позволят широко продемонстрировать всему миру богатое историко-культурное наследие и традиции гостеприимства Вашей страны. Несомненно, многовековые узы дружбы и братства между нашими народами будут и впредь укрепляться, а наше сотрудничество, основанное на принципах добрососедства и взаимной поддержки, последовательно расширяться», - говорится в поздравительном послании. Шавкат Мирзиёев пожелал Садыру Жапарову крепкого здоровья, неиссякаемой энергии, новых успехов в его ответственной государственной деятельности, а дружественному народу Кыргызстана - мира, благополучия и постоянного прогресса.
-
🔹Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Сиздин жетекчилигиңиз алдында өлкөдө туруктуу өсүштү камсыз кылууга багытталган системалуу жана кеңири масштабдуу реформалар жүргүзүлүп, анын натыйжасында боордош Кыргызстан бүгүн экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн жогорку көрсөткүчтөрүн көрсөтүп жатканы бизди өзгөчө кубандырат. Сиз тарабынан көтөрүлгөн аймактык жана дүйнөлүк маанидеги бир катар маанилүү демилгелер эл аралык коомчулук тарабынан татыктуу колдоого алынып жатканын да өзгөчө канааттануу менен белгилегим келет. Мындай ири жетишкендиктердин негизинде Сиздин Мамлекет башчысы катары натыйжалуу ишмердигиңизге жана мол практикалык тажрыйбаңызга таянган даанышман жана көрөгөч саясатыңыз турат. Жакында ажайып кооз Чолпон-Ата шаарында өлкөңүзгө жасаган мамлекеттик сапарымдын алкагында жүргүзүлгөн жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүз жана жетишилген маанилүү макулдашуулар мамилелерибизди жаңы тарыхый баскычка – союздаштык мамилелер деңгээлине чыгарды. Урматтуу Президент мырза! Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу аймактык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана өз ара ишенимди чыңдоого карай маанилүү кадам болгонун баса белгилегим келет. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 25-юбилейлик саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенем. Бул маанилүү иш-чаралар өлкөңүздүн бай тарыхый-маданий мурасын жана меймандостук салттарын дүйнөгө кеңири таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Элибиздин ортосундагы кылымдардан бери келген достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да бекемделип, коңшулук жана өз ара колдоо принциптерине негизделген кызматташтыгыбыз ырааттуу түрдө кеңейе берери талашсыз”, — деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда. Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, кажыбас күч-кубат жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалады.
-
-
🔹Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Бул маанилүү дата кыргыз элинин эркиндикке, эгемендүүлүккө жана өз алдынча мамлекет болууга умтулуусун айгинелейт. Ушул жылдар аралыгында Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн түптөөдөн тартып туруктуу өнүгүүгө чейинки татаал жолду татыктуу басып өтүп, мамлекеттүүлүгүн чыңдап, бай руханий мурасын сактап, эл аралык аренада кадыр-барктуу мамлекетке айланды. Буга Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы айкын далил болот. Сиздин күчтүү жетекчилигиңиздин алдында Кыргызстанда экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана элдин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган масштабдуу өзгөрүүлөр ишке ашырылууда. Казакстан менен Кыргызстанды кылымдарды карыткан достук жана ынак коңшулук салттарына негизделген чыныгы боордоштук мамилелер байланыштырып турат. Өлкөлөрүбүз өз ара ишеним жана тилектештиктин бекем негизине таянып, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык алакаларды ырааттуу өнүктүрүп келе жатат. Казак-кыргыз мамилелери мындан ары да элдерибиздин жыргалчылыгы жана Борбор Азиянын гүлдөп-өнүгүшү үчүн динамикалуу түрдө чыңдала берет деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо. Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго түгөнгүс күч-кубат жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалады. ** 🔹Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Республики Казахстан Касым-Жомарт Токаев поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «Эта знаменательная дата символизирует стремление кыргызского народа к свободе, суверенитету и независимости. За эти годы Кыргызстан достойно прошел непростой путь от становления до устойчивого развития, укрепил свою государственность, сохранил богатое духовное наследие, стал авторитетным государством на международной арене. Ярким свидетельством тому служит избрание Кыргызской Республики непостоянным членом Совета Безопасности Организации Объединенных Наций на 2027-2028 годы. Под Вашим сильным руководством в Кыргызстане реализуются масштабные преобразования, направленные на обеспечение экономического роста и повышение благосостояния народа. Казахстан и Кыргызстан связывают поистине братские отношения, уходящие корнями в многовековые традиции дружбы и добрососедства. Наши страны, опираясь на прочную основу взаимного доверия и солидарности, последовательно развивают отношения стратегического партнерства и союзничества. Убежден, казахско-кыргызские отношения и впредь будут динамично укрепляться на благо наших народов и процветания Центральной Азии», - говорится в поздравлении. Касым-Жомарт Токаев пожелал Садыру Жапарову неиссякаемой энергии и новых успехов в государственной деятельности, а братскому народу Кыргызстана - благополучия и прогресса.
-
-
🔹Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Сиздин жетекчилигиңиз менен Кыргызстан алдында турган социалдык жана экономикалык милдеттерди ийгиликтүү чечип, эл аралык позициясын ырааттуу бекемдеп келе жатат. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда динамикалуу өнүгүүдө. Москва менен Бишкек ар түрдүү багыттар боюнча жемиштүү кызматташып, ЖККУ, ЕврАзЭШ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында жигердүү өз ара аракеттенүүдө. Биз, албетте, эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча тыгыз биргелешкен ишибизди улантабыз. Бишкекте өтө турган алдыдагы жолугушуубуз өз ара пайдалуу орус-кыргыз кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө, Евразия мейкиндигиндеги коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо. Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми жалпы кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады. ** 🔹Президент России Владимир Путин поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Российской Федерации Владимир Путин поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости Кыргызской Республики. «Под Вашим руководством Кыргызстан успешно решает стоящие перед социальные и экономические задачи, последовательно укрепляет с международные позиции. Отношения между нашими странами динамично развиваются в духе стратегического партнерства и союзничества. Москва и Бишкек плодотворно сотрудничают на различных направлениях, активно взаимодействуют в рамках ОДКБ, ЕврАзЭС, СНГ, ШОС и других многосторонних структур. И мы, конечно, продолжим самую тесную совместную работу двусторонней, региональной и международной повестке дня. Уверен, что наша предстоящая встреча в Бишкеке послужит дальнейшему наращиванию взаимовыгодного российско-кыргызского сотрудничества, будет способствовать упрочению безопасности и стабильности на Евразийском пространстве, - говорится в поздравлении. Владимир Путин пожелал Садыр Жапарову крепкого здоровья и успехов в государственной деятельности, а всем кыргызстанцам - мира и процветания.
- Older posts