🔹Беларусь Президенти Александр Лукашенко Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Бул майрам кыргыз элинин эгемендик жолун тандаганын, социалдык-экономикалык өсүшкө, мамлекеттүүлүктү чыңдоого жана жарандардын бакубатчылыгын жогорулатууга умтулуусун айгинелейт. Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркынын жогору экенин тастыктады. Беларусь тараптын кыргызстандык өнөктөштөрүнө көрсөткөн колдоосу өз ара ишенимди бекемдеп, эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин дагы бир ирет көрсөттү. Элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар көп тармактуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана биргелешкен интеграциялык демилгелерди ишке ашырууга бекем негиз болот деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо. *** 🔹Президент Беларуси Александр Лукашенко поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Республики Беларусь Александр Лукашенко поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «Этот праздник символизирует суверенный выбор кыргызского народа и его стремление идти по пути социально-экономического роста, упрочения государственности и повышения благосостояния граждан. Избрание Кыргызстана в Совет Безопасности ООН на 2027 - 2028 годы стало подтверждением авторитета республики на мировой арене. Поддержка, оказанная белорусской стороной кыргызским партнерам, укрепила взаимное доверие и подчеркнула высокий уровень двустороннего сотрудничества. Убежден, что узы дружбы наших народов являются надежным фундаментом для углубления многоплановых отношений и реализации совместных интеграционных инициатив», - говорится в поздравлении.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 31 Aug 2026, 02:36 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.1K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.