🔹Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Өткөн отуз беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жолунда олуттуу ийгиликтерге жетишип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү натыйжаларды көрсөттү. Сиздин жетекчилигиңиз алдында жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдуу реформалар жана инфраструктураны жаңылоо иштери өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын ырааттуу түрдө бекемдеп жатат. Армения биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук жана өз ара сый-урматка негизделген мамилелерди жогору баалайт. Биргелешкен аракеттердин негизинде Армения менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты жаңы мазмун менен байытып, эки жактуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара пайдалуу алакаларды тереңдетүү аркылуу элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн иш алып барарыбызга ишенем. Жакын арада Ереванда түздөн-түз жолугуп, баарлашуубузду улантып, эки тараптуу күн тартибин мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулай турганыбызга кубанычтамын”, - деп айтылат куттуктоодо. Никол Пашинян Садыр Жапаровго чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде түгөнгүс күч-кубат, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалады. * 🔹Премьер-министр Армении Никол Пашинян поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Премьер-министр Республики Армения Никол Пашинян поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «В ходе прошедших трёх с половиной десятков лет Кыргызская Республика прошла значительный путь укрепления государственности, отмечая важные достижения в деле социально-экономического развития страны. Осуществляемые под Вашим руководством широкомасштабные реформы и модернизация инфраструктуры последовательно укрепляют позиции страны на международной арене. Армения высоко ценит сформировавшиеся между нашими странами дружественные, основанные на обоюдном уважении отношения. Убеждён, что совместными усилиями мы сможем наполнить новым содержанием межгосударственное сотрудничество между Арменией и Кыргызстаном, углубляя взаимовыгодное взаимодействие как на двусторонних, так и многосторонних форматах, во благо наших народов. Рад, что в скором времени в Ереване сможем продолжить наше непосредственное общение и обсудить вопросы, касательные дальнейшего развития двусторонней повестки», - говорится в поздравлении. Никол Пашинян пожелал Садыру Дапарову доброго здоровья, неиссякаем энергии в его ответственной государственной деятельности, а дружественному народу Кыргызстана - мира, благополучия и стабильно продвижения.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 31 Aug 2026, 02:39 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 927 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.