🔹Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана боордош кыргыз элине Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосун жана каалоо-тилектерди билдирген телеграмма жолдоду. “Бүгүнкү күндө боордош Кыргызстан Сиздин жетекчилигиңиз астында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бардык тармактарында масштабдуу жыйынтыктарга жетишип, ырааттуу түрдө алдыга жылып жатат. Конструктивдүү аймактык кызматташтык саясатынын жигердүү жактоочусу катары Кыргызстандын эл аралык аренада кадыр-баркы өсүүдө. Биздин өлкөлөрдү достук, ынак коңшулук жана жакшы мамилелердин тарыхый салттары байланыштырат. Биздин элдерибиздин өз ара мамилелерин ар тараптуу бекемдөө бүгүнкү күндө да Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын сап башында турат. Тараптардын биргелешкен аракеттеринин аркасында мамлекеттер аралык өнөктөштүк жана бардык деңгээлдеги диалог ийгиликтүү өнүгүп, акыркы жылдары дагы кеңири мүнөзгө ээ болду. Тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Келишимге кол коюу мунун айкын мисалы катары саналат", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. * 🔹Президент Таджикистана Эмомали Рахмон поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Республики Таджикистан Эмомали Рахмон направил Президенту Кыргызской Республики Садыру Жапарову и братскому народу Кыргызстана телеграмму с поздравлениями и наилучшими пожеланиями по случаю Дня независимости. «Сегодня братский Кыргызстан под Вашим руководством неуклонно движется вперед, достигая масштабных результатов во всех сферах социально-экономического развития страны. Растёт авторитет Кыргызстана на международной арене, как активного сторонника политики конструктивного регионального сотрудничества. Наши страны связывают исторические традиции отношений дружбы, добрососедства и доброго общения. Всестороннее укрепление взаимоотношений наших народов и сегодня занимает главное место в приоритетах внешней политики Таджикистана. Благодаря совместным усилиям сторон успешно развиваются межгосударственное партнерство и диалог на всех уровнях, приобретая за последние годы еще более широкий характер. Наглядным примером этого является подписание Договора о таджикско-кыргызской государственной границе», - говорится в поздравительной телеграмме.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 31 Aug 2026, 02:32 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.1K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.