Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.1K avg views
Posting 9.4/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Бул маанилүү дата кыргыз элинин эркиндикке, эгемендүүлүккө жана өз алдынча мамлекет болууга умтулуусун айгинелейт. Ушул жылдар аралыгында Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн түптөөдөн тартып туруктуу өнүгүүгө чейинки татаал жолду татыктуу басып өтүп, мамлекеттүүлүгүн чыңдап, бай руханий мурасын сактап, эл аралык аренада кадыр-барктуу мамлекетке айланды. Буга Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы айкын далил болот. Сиздин күчтүү жетекчилигиңиздин алдында Кыргызстанда экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана элдин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган масштабдуу өзгөрүүлөр ишке ашырылууда. Казакстан менен Кыргызстанды кылымдарды карыткан достук жана ынак коңшулук салттарына негизделген чыныгы боордоштук мамилелер байланыштырып турат. Өлкөлөрүбүз өз ара ишеним жана тилектештиктин бекем негизине таянып, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык алакаларды ырааттуу өнүктүрүп келе жатат. Казак-кыргыз мамилелери мындан ары да элдерибиздин жыргалчылыгы жана Борбор Азиянын гүлдөп-өнүгүшү үчүн динамикалуу түрдө чыңдала берет деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо. Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго түгөнгүс күч-кубат жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалады. ** 🔹Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Республики Казахстан Касым-Жомарт Токаев поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «Эта знаменательная дата символизирует стремление кыргызского народа к свободе, суверенитету и независимости. За эти годы Кыргызстан достойно прошел непростой путь от становления до устойчивого развития, укрепил свою государственность, сохранил богатое духовное наследие, стал авторитетным государством на международной арене. Ярким свидетельством тому служит избрание Кыргызской Республики непостоянным членом Совета Безопасности Организации Объединенных Наций на 2027-2028 годы. Под Вашим сильным руководством в Кыргызстане реализуются масштабные преобразования, направленные на обеспечение экономического роста и повышение благосостояния народа. Казахстан и Кыргызстан связывают поистине братские отношения, уходящие корнями в многовековые традиции дружбы и добрососедства. Наши страны, опираясь на прочную основу взаимного доверия и солидарности, последовательно развивают отношения стратегического партнерства и союзничества. Убежден, казахско-кыргызские отношения и впредь будут динамично укрепляться на благо наших народов и процветания Центральной Азии», - говорится в поздравлении. Касым-Жомарт Токаев пожелал Садыру Жапарову неиссякаемой энергии и новых успехов в государственной деятельности, а братскому народу Кыргызстана - благополучия и прогресса.

Views over time

05001K31 Aug 02:2911 Nov 05:031.1K31 Aug 02:29: 0 views11 Nov 05:03: 1,080 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
31 Aug 2026, 02:290
11 Nov 2026, 05:031.1K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.