Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 11 hours ago
Reactions per 1K views 0.0
  1. Президент Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы курулуш министрлерин кабыл алды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы өлкөлөрдүн курулуш министрлерин кабыл алды. Мамлекет башчысы делегациялар менен саламдашып, акыркы жылдары практикалык мазмун, жаңы демилгелер жана кызматташтыктын багыттары менен толукталган “Борбордук Азия – Кытай” форматынын саясий мааниси жана актуалдуулугу өсүп жатканын белгиледи. Ал өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоодо Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, бул документ узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу алакаларды өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзгөнүн айтты. Садыр Жапаров Сиань жана Астана шаарларында форматтын эки саммитинин ийгиликтүү өткөрүлүшү, “Борбордук Азия – Кытай” форматынын Катчылыгынын натыйжалуу иштеши, ошондой эле келерки жылы Кытайда үчүнчү саммиттин өтүшү бул механизмдин ролу өсүп жатканын жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү зарылдыгын айгинелеп турарын баса белгиледи. Мамлекет башчысы белгилегендей, мындай иш-чараларды, атап айтканда, “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы курулуш министрлеринин жолугушуусун өткөрүү Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытайдын көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана курулуш тармагындагы актуалдуу милдеттерди чечүү боюнча натыйжалуу чечимдерди макулдашылган түрдө иштеп чыгууга умтулуп жатканын көрсөтүп турат. Президент Кыргызстан туруктуу өнүгүү багытын ырааттуу ишке ашырып, ишенимдүү экономикалык өсүштү көрсөтүп жаткандыгына көңүл бурду. Учурда өлкө боюнча жеткиликтүү турак жай куруу каралган “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы жигердүү ишке ашырылууда. Программа турак жай инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Мамлекет башчысы Кыргызстан бул форматтын алкагында тиешелүү министрликтердин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Садыр Жапаров ошондой эле жетишилген макулдашуулар жана жаңы демилгелер Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын практикалык кызматташтыгына кошумча дем берерине ишенимин артып, кыргыз тарап масштабдуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты. Өз кезегинде “Борбордук Азия – Кытай” форматынын Катчылыгынын башкы катчысы Сунь Вэйдун “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы курулуш министрлеринин экинчи жолугушуусун жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Катчылыктын атынан кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Ал курулуш министрлеринин кеңешмеси бул форматтын алкагындагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн 14 механизминин бири экенин жана курулуш тармагында гана эмес, экономикалык, соода жана гуманитардык чөйрөлөрдө да кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Сунь Вэйдун курулуш тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы өнүгүшү катышуучу мамлекеттерде эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди. Башкы катчы ошондой эле министрлердин болуп өткөн жолугушуусунун жыйынтыктары мамлекеттердин лидерлери жетишкен макулдашууларды жана саммиттердин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруудагы маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Жетишилген натыйжалар келерки жылы Кытайда өтө турган “Борбордук Азия – Кытай” үчүнчү саммитинин алдында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө салым кошот.

  2. Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом России Владимиром Путиным Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 ноября, в рамках рабочего визита в Российскую Федерацию провел переговоры с Президентом России Владимиром Путиным. Президент Садыр Жапаров выразил признательность Владимиру Путину за традиционный теплый прием кыргызской делегации и личное внимание к развитию кыргызско-российских отношений, отметив, что достигнутые результаты во многом стали возможны благодаря сложившимся между лидерами доверительным отношениям и конструктивному диалогу. Владимир Путин в свою очередь подчеркнул значительный потенциал кыргызско-российского сотрудничества и выразил готовность к дальнейшему расширению взаимодействия по ключевым направлениям двусторонней повестки. Главы государств обсудили перспективы дальнейшего углубления кыргызско-российского стратегического партнерства, уделив особое внимание расширению торгово-экономического взаимодействия, развитию сотрудничества в энергетике, промышленности и финансовом секторе, а также укреплению связей в сфере образования. Стороны отметили высокий уровень двусторонних отношений и выразили заинтересованность в последовательном развитии сотрудничества, в том числе посредством реализации совместных инициатив и проектов. Глава государства подчеркнул важность использования имеющихся возможностей для дальнейшего укрепления двустороннего взаимодействия и придания дополнительного импульса совместным проектам.

  3. Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Президент Садыр Жапаров кыргыз делегациясын салттуу жылуу кабыл алгандыгы жана кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө жеке көңүл бургандыгы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, жетишилген натыйжаларга көп жагынан лидерлердин ортосунда калыптанган ишенимдүү мамилелер жана конструктивдүү диалог өбөлгө болгонун айтты. Владимир Путин өз кезегинде кыргыз-орус кызматташтыгынын олуттуу потенциалын белгилеп, эки тараптуу күн тартибинин негизги багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө даяр экендигин айтты. Мамлекет башчылары соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, энергетика, өнөр жай жана финансы секторлорундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл буруу менен, кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты. Тараптар эки жактуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Мамлекет башчысы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорго кошумча дем берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

  4. edited

    Президент Садыр Жапаров выступил на заседании Совета коллективной безопасности ОДКБ в Москве Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 ноября, выступил на очередной сессии Совета коллективной безопасности Организации Договора о коллективной безопасности (ОДКБ), состоявшейся в Москве. Глава государства в своем выступлении отметил значительную работу, проведенную Российской Федерацией в период председательства в ОДКБ. Президент подчеркнул приверженность Кыргызстана укреплению коллективной безопасности и дальнейшему развитию практического взаимодействия между государствами – членами ОДКБ. В частности, он отметил активное участие кыргызских военнослужащих в совместных учениях, проведенных в текущем году в Казахстане, России, Беларуси и Таджикистане. Кроме того, в августе Кыргызстан принял на своей территории совместные военные учения «Центр» на базе учебно-тренировочного центра «Эдельвейс» в городе Балыкчы. Садыр Жапаров подчеркнул важность таких мероприятий для повышения боевой подготовки и слаженности коллективных сил, подтвердив готовность Кыргызстана принять совместные мероприятия ОДКБ в 2027 году. Особое внимание Глава государства уделил вопросам противодействия международному терроризму, экстремизму, незаконному обороту наркотиков и транснациональной преступности. Он отметил необходимость укрепления взаимодействия компетентных органов, в том числе в рамках антинаркотической операции «Канал». Отдельно Садыр Жапаров остановился на ситуации в Афганистане, отметив необходимость согласованных усилий по противодействию трансграничным угрозам, а также содействия экономическому восстановлению страны и решению гуманитарных вопросов. Глава государства также затронул предстоящее членство Кыргызстана в Совете Безопасности ООН в 2027–2028 годах, подтвердив готовность к конструктивному взаимодействию с партнерами по ОДКБ по вопросам региональной безопасности, предупреждения конфликтов и превентивной дипломатии. По итогам заседания главами государств подписано 18 документов, направленных на дальнейшее развитие сотрудничества и укрепление коллективной безопасности в рамках ОДКБ.

  5. Президент Садыр Жапаров Москва шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Россия Федерациясынын ЖККУга төрагалык кылган мезгилде аткарган олуттуу иштерине токтолду. Президент Кыргызстандын жамааттык коопсуздукту чыңдоого жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө умтулаарын баса белгиледи. Тактап айтканда, ал кыргыз аскер кызматчыларынын үстүбүздөгү жылы Казакстан, Россия, Беларуссия жана Тажикстанда өткөрүлгөн биргелешкен аскердик машыгууларга жигердүү катышкандыгына токтолду. Мындан тышкары, август айында Кыргызстан өз аймагында Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” окуу-машыгуу борборунун базасында “Борбор” биргелешкен аскердик машыгууларын өткөрдү. Садыр Жапаров мындай иш-чаралардын жамааттык күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жана өз ара шайкеш аракеттенүүсүн жогорулатуу үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан 2027-жылы ЖККУнун биргелешкен иш-чараларын өткөрүүгө даяр экендигин ырастады. Мамлекет башчысы эл аралык терроризм, экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде “Канал” баңгизатка каршы операциясынын алкагында чыңдоо зарыл экенин айтты. Садыр Жапаров Афганистандагы кырдаалга өзүнчө токтолуп, чек ара аралык коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча макулдашылган күч-аракеттерди көрүүнүн, ошондой эле өлкөнүн экономикалык жактан калыбына келишине көмөк көрсөтүүнүн жана гуманитардык маселелерди чечүүнүн зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болоруна токтолуп, аймактык коопсуздук, чыр-чатактардын алдын алуу жана превентивдүү дипломатия маселелери боюнча ЖККУдагы өнөктөштөр менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырастады. Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары тарабынан ЖККУнун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана жамааттык коопсуздукту чыңдоого багытталган 18 документке кол коюлду.

  6. Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) сессиясына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди. Иш-чарага келген өлкө лидерлерин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды. Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары тар форматтагы жыйындар залына өтүштү. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин ишине Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана уюмдун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков катышууда. ** Президент Садыр Жапаров прибыл в Большой Кремлевский дворец для участия в сессии Совета коллективной безопасности ОДКБ Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 ноября, прибыл в Большой Кремлевский дворец для участия в сессии Совета коллективной безопасности Организации Договора о коллективной безопасности (СКБ ОДКБ). Лидеров стран, прибывших на мероприятие, приветствовал Президент Российской Федерации Владимир Путин. После завершения церемонии приветствия и совместного фотографирования главы государств приняли участие в заседании в узком формате. В работе СКБ ОДКБ принимают участие Президент Беларуси Александр Лукашенко, Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев, Президент Кыргызстана Садыр Жапаров, Президент России Владимир Путин, Президент Таджикистана Эмомали Рахмон и Генеральный секретарь Организации Таалатбек Масадыков.

  7. edited

    Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берилди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 74-пунктунун «б» пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Чыныбаев Канатбек Койчубековичке катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди. ******* Министру чрезвычайных ситуаций Канатбеку Чыныбаеву объявлен строгий выговор Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров в соответствии со статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, подпунктом «б» пункта 74 Дисциплинарного устава Вооруженных Cил Кыргызской Республики, принятого Законом Кыргызской Республики «О Дисциплинарном уставе Вооруженных Сил Кыргызской Республики», подписал распоряжение, согласно которому за ненадлежащее исполнение возложенных обязанностей наложено дисциплинарное взыскание в виде строгого выговора на Чыныбаева Канатбека Койчубековича – министра чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.

  8. 🎥Видео:Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага келди **** 🎥Видео:Президент Садыр Жапаров прибыл в Москву для участия в заседании Совета коллективной безопасности ОДКБ

  9. 🔹Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага келди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди. Мамлекет башчысынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды. Эске сала кетсек, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, сессиялар аралык мезгилдеги уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашат. ***** 🔹Президент Садыр Жапаров прибыл в Москву для участия в заседании Совета коллективной безопасности ОДКБ Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 10 ноября, прибыл в г. Москва (Российская Федерация) для участия в очередном заседании Совета коллективной безопасности Организации Договора о коллективной безопасности (ОДКБ). Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту «Внуково 2». Президента Садыра Жапарова встретил заместитель министра иностранных дел Российской Федерации Александр Панкин. Напомним, что в ходе заседания СКБ лидеры стран ОДКБ обсудят актуальные вопросы международной и региональной безопасности, итоги деятельности Организации в межсессионный период, а также дальнейшие меры по укреплению коллективной безопасности.

  10. 💼Жаңыбай Юсубалиев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды ***** 💼Жаңыбай Юсубалиев назначен заместителем председателя Государственной пограничной службы

  11. 💼Майрамбек Исманалиев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы болуп дайындалды ***** 💼Майрамбек Исманалиев назначен первым заместителем председателя Государственной пограничной службы – начальником Главного штаба

  12. 💼Мирзамир Сыдыков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы кызматынан бошотулду ** 💼Мирзамир Сыдыков освобожден от занимаемой должности первого заместителя председателя Государственной пограничной службы – начальника Главного штаба

  13. edited

    Президент Садыр Жапаров Москвада ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышат Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин Москва шаарында өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясына иш сапары менен барат. Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашат. Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана Уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге, анын ичинде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясына жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 35 жылдыгына жана ЖККУнун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар планына кол коюу пландалууда. ****** Президент Садыр Жапаров примет участие в заседании Совета коллективной безопасности ОДКБ в Москве Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров 10-11 ноября совершит рабочий визит в Российскую Федерацию для участия в очередном заседании Совета коллективной безопасности Организации Договора о коллективной безопасности (ОДКБ), которое состоится в Москве. В ходе заседания главы государств обсудят актуальные вопросы международной и региональной безопасности, итоги деятельности ОДКБ в межсессионный период, а также дальнейшие меры по укреплению коллективной безопасности. Особое внимание будет уделено вопросам противодействия терроризму и экстремизму, обеспечения биологической безопасности и совершенствования механизмов взаимодействия государств – членов Организации. По итогам заседания планируется подписание ряда документов, в том числе Декларации Совета коллективной безопасности ОДКБ и Плана мероприятий, посвященных 35-летию подписания Договора о коллективной безопасности и 25-летию ОДКБ.

  14. Older posts