Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 11 hours ago
Reactions per 1K views 0.0

Президент Садыр Жапаров Москва шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Россия Федерациясынын ЖККУга төрагалык кылган мезгилде аткарган олуттуу иштерине токтолду. Президент Кыргызстандын жамааттык коопсуздукту чыңдоого жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө умтулаарын баса белгиледи. Тактап айтканда, ал кыргыз аскер кызматчыларынын үстүбүздөгү жылы Казакстан, Россия, Беларуссия жана Тажикстанда өткөрүлгөн биргелешкен аскердик машыгууларга жигердүү катышкандыгына токтолду. Мындан тышкары, август айында Кыргызстан өз аймагында Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” окуу-машыгуу борборунун базасында “Борбор” биргелешкен аскердик машыгууларын өткөрдү. Садыр Жапаров мындай иш-чаралардын жамааттык күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жана өз ара шайкеш аракеттенүүсүн жогорулатуу үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан 2027-жылы ЖККУнун биргелешкен иш-чараларын өткөрүүгө даяр экендигин ырастады. Мамлекет башчысы эл аралык терроризм, экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде “Канал” баңгизатка каршы операциясынын алкагында чыңдоо зарыл экенин айтты. Садыр Жапаров Афганистандагы кырдаалга өзүнчө токтолуп, чек ара аралык коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча макулдашылган күч-аракеттерди көрүүнүн, ошондой эле өлкөнүн экономикалык жактан калыбына келишине көмөк көрсөтүүнүн жана гуманитардык маселелерди чечүүнүн зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болоруна токтолуп, аймактык коопсуздук, чыр-чатактардын алдын алуу жана превентивдүү дипломатия маселелери боюнча ЖККУдагы өнөктөштөр менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырастады. Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары тарабынан ЖККУнун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана жамааттык коопсуздукту чыңдоого багытталган 18 документке кол коюлду.

Views over time

05001K11 Nov 14:4412 Nov 09:2894611 Nov 14:44: 0 views11 Nov 16:13: 450 views11 Nov 20:49: 665 views12 Nov 09:28: 946 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
11 Nov 2026, 14:440
11 Nov 2026, 16:13450
11 Nov 2026, 20:49665
12 Nov 2026, 09:28946

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.