Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 11 hours ago
Reactions per 1K views 0.0

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Президент Садыр Жапаров кыргыз делегациясын салттуу жылуу кабыл алгандыгы жана кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө жеке көңүл бургандыгы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, жетишилген натыйжаларга көп жагынан лидерлердин ортосунда калыптанган ишенимдүү мамилелер жана конструктивдүү диалог өбөлгө болгонун айтты. Владимир Путин өз кезегинде кыргыз-орус кызматташтыгынын олуттуу потенциалын белгилеп, эки тараптуу күн тартибинин негизги багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө даяр экендигин айтты. Мамлекет башчылары соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, энергетика, өнөр жай жана финансы секторлорундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл буруу менен, кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты. Тараптар эки жактуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Мамлекет башчысы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорго кошумча дем берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Views over time

05001K1.5K11 Nov 16:2913 Nov 02:371.2K11 Nov 16:29: 0 views11 Nov 17:36: 330 views11 Nov 22:34: 490 views12 Nov 16:34: 1,190 views13 Nov 02:37: 1,250 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
11 Nov 2026, 16:290
11 Nov 2026, 17:36330
11 Nov 2026, 22:34490
12 Nov 2026, 16:341.2K
13 Nov 2026, 02:371.2K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.