Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 11 hours ago
Reactions per 1K views 0.0
  1. 🔹Президент Садыр Жапаров вручил награды за организацию масштабных международных и государственных мероприятий Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 9 ноября, в Бишкеке вручил государственные награды гражданам, внесшим значительный вклад в подготовку и проведение крупных международных и государственных мероприятий, а также добившимся высоких результатов в профессиональной деятельности. Государственные награды и почетные звания присвоены за заслуги в организации и проведении саммита глав государств Шанхайской организации сотрудничества, Всемирных игр кочевников и мероприятий, посвященных 35-летию независимости Кыргызской Республики. Выступая на церемонии, Глава государства подвел итоги проведенных в 2026 году масштабных мероприятий, отметив их значение для укрепления международного авторитета Кыргызстана, популяризации национальной культуры и демонстрации организационного потенциала страны. Президент подчеркнул, что достигнутые результаты стали итогом слаженной работы государственных органов, руководителей и специалистов, и способствовали развитию инфраструктуры столицы и регионов. Отдельно Садыр Жапаров отметил вклад руководителей, непосредственно обеспечивавших подготовку и проведение мероприятий: Председателя Кабинета Министров — Руководителя Администрации Президента Адылбека Касымалиева, которому присвоена степень отличия «Эмгек Баатыры», а также Управляющего делами Президента Каныбека Туманбаева, мэра города Бишкек Айбека Джунушалиева и министра внутренних дел Улана Ниязбекова, награжденных орденом «Манас» I степени. Особое внимание Президент уделил значению личной ответственности, профессионализма и добросовестного исполнения служебных обязанностей, подчеркнув, что за успехом масштабных государственных проектов стоит труд большого количества людей. Глава государства выразил признательность работникам государственных и муниципальных органов, сотрудникам Министерства внутренних дел, Министерства чрезвычайных ситуаций, Министерства здравоохранения, Министерства транспорта и коммуникаций, Министерства обороны, деятелям культуры, ОАО «Национальная электрическая сеть Кыргызстана» и других организаций, принимавших участие в подготовке и проведении мероприятий. «Государственная награда — это знак высокого доверия со стороны государства, признание добросовестного труда и одновременно большая ответственность за дальнейшую деятельность. Я всегда подчеркиваю, что служение государству должно подтверждаться конкретными делами. Нам нужны не бумажные отчеты, а видимые, узнаваемые людьми эффективные дела и реальный вклад в развитие нашего государства», — подчеркнул Садыр Жапаров. В завершение Президент Садыр Жапаров пожелал награжденным дальнейших успехов в профессиональной и общественной деятельности, и выразил уверенность, что их труд и достижения станут примером для других граждан в служении Родине и развитии Кыргызстана.

  2. 🔹Президент Садыр Жапаров ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларды уюштургандыгы үчүн сыйлыктарды тапшырды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда, Бишкек шаарында ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылды. Салтанатта сөз сүйлөгөн Мамлекет башчысы 2026-жылы өткөрүлгөн масштабдуу иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарып, алардын Кыргызстандын эл аралык аброюн бекемдөө, улуттук маданиятты даңазалоо жана өлкөнүн уюштуруучулук дараметин көрсөтүүдөгү маанисине токтолду. Президент жетишилген натыйжалар мамлекеттик органдардын, жетекчилердин жана адистердин биргелешкен ишинин жыйынтыгы болгонун жана борбор калаанын, ошондой эле аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи. Садыр Жапаров иш-чараларды даярдоону жана өткөрүүнү түздөн-түз камсыздаган жетекчилердин салымына өзгөчө токтолуп: “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылган Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин, ошондой эле I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана ички иштер министри Улан Ниязбековдун эмгегин белгиледи. Президент жеке жоопкерчиликтин, кесипкөйлүктүн жана кызматтык милдеттерди ак ниет аткаруунун маанисине өзгөчө көңүл буруп, ири мамлекеттик долбоорлордун ийгилигинин артында көптөгөн адамдардын эмгеги турганын айтты. Мамлекет башчысы мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерине, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Коргоо министрлигинин кызматкерлерине, маданият ишмерлерине, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсына жана иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө катышкан башка уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. “Мамлекеттик сыйлык – бул мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жогорку ишеним, ак эмгекке берилген баа жана мындан аркы иштерге болгон чоң жоопкерчилик. Мен мамлекетке кызмат кылуу конкреттүү иш менен далилдениши керектигин дайыма айтып келем. Бизге кагаз жүзүндөгү отчеттор эмес, көзгө көрүнгөн, эл билген натыйжалуу иштер жана мамлекетибиздин өнүгүшүнө кошулган реалдуу салым керек”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров. Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров сыйлангандарга кесиптик жана коомдук ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалап, алардын эмгеги жана жетишкендиктери башка жарандар үчүн Мекенге кызмат кылууда жана Кыргызстанды өнүктүрүүдө үлгү болоруна ишенимин билдирди.

  3. 💼Айдит Эркин ээлеген кызматынан бошотулду жана Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси болуп дайындалды ***** 💼Айдит Эркин освобожден от ранее занимаемой должности и назначен Послом Кыргызстана в Пакистане

  4. 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун эли менен жолугушту. 3-бөлүк *** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров встретился с жителями г. Кара-Балта, Жайылского и Панфиловского районов. 3 часть

  5. edited

    🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун эли менен жолугушту. 2-бөлүк *** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров встретился с жителями г. Кара-Балта, Жайылского и Панфиловского районов. 2 часть

  6. 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун эли менен жолугушту. 1-бөлүк *** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров встретился с жителями г. Кара-Балта, Жайылского и Панфиловского районов. 1 часть

  7. 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Москва районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди. 2-бөлүк *** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров ответил на вопросы жителей Московского района. 2 часть

  8. edited

    🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Москва районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди. 1-бөлүк *** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров ответил на вопросы жителей Московского района. 1 часть

  9. edited

    🔹 Президент Садыр Жапаров встретился с жителями г. Кара-Балта, Жайылского и Панфиловского районов Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 8 ноября, в ходе рабочей поездки по Чуйской области встретился с жителями города Кара-Балта, Жайылского и Панфиловского районов. В ходе встречи жители отдельных сел подняли вопросы отсутствия питьевого обеспечения, необходимости строительства и ремонта внутренних дорог, а также строительства школ и детских садов. Кроме того, были подняты вопросы обеспечения жильем в рамках Государственной ипотечной компании, предоставления земельных участков, а также оформления правоустанавливающих документов на недвижимость и земельные участки. Заслушав все обращения жителей, Глава государства обозначил приоритетные направления дальнейшего развития социальной инфраструктуры. Президент напомнил, что государство поставило цель полностью решить проблему аварийных и старых школ в стране до 2028 года. При планировании строительства социальных объектов первоочередное внимание будет уделяться возведению школ, затем детских садов. После этого в планах предусмотрено строительство домов культуры и спортивных комплексов. Президент подчеркнул, что решение обозначенных проблем будет осуществляться поэтапно и в плановом порядке с учетом имеющихся потребностей.

  10. 🔹 Президент Садыр Жапаров Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун эли менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө айрым айылдардын тургундары ичүүчү суу менен камсыздоонун жоктугу, ички жолдорду куруу жана оңдоо, ошондой эле мектептерди жана бала бакчаларды куруу зарылдыгы боюнча маселелерди көтөрүштү. Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай менен камсыздоо, жер тилкелерин бөлүп берүү, ошондой эле кыймылсыз мүлккө жана жер тилкелерине укукту ырастоочу документтерди тариздөө маселелери козголду. Мамлекет башчысы тургундардын бардык кайрылууларын угуп чыгып, социалдык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Президент мамлекет 2028-жылга чейин өлкөдөгү авариялык абалдагы жана эски мектептер көйгөйүн толугу менен чечүүнү максат кылып койгонун эске салды. Социалдык объектилердин курулушун пландаштырууда биринчи кезекте мектептерди, андан кийин бала бакчаларды курууга көңүл бурулат. Мындан соң пландарда маданият үйлөрүн жана спорт комплекстерин куруу каралган. Президент белгиленген көйгөйлөрдү чечүү учурдагы муктаждыктарды эске алуу менен баскычтуу жана пландуу түрдө ишке ашырыларын баса белгиледи.

  11. Older posts