Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0
  1. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү сактоо боюнча Кыргызстан 10 млн доллар баштапкы төгүм кошо турган атайын трасттык фонд түзүүнү сунуштады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинде сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө курчап турган чөйрөнүн булганышы жана климаттын өзгөрүшү эл аралык кызматташтыкты чыңдоону жана бардык өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттерин талап кыларын баса белгиледи. Садыр Жапаров Армениянын тоо жана тузсуз суу экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгү боюнча Ереван платформасын түзүү демилгесин колдоо менен бирге, Кыргыз Республикасы ага активдүү катышууга даяр экендигин ырастады. “Глобалдык жылуулуктун таасиринен улам Борбордук Азиядагы мөңгүлөр эрип, тоолуу экосистемаларга жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого олуттуу коркунуч жаралууда”, - деди Президент. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Мамлекет башчысы дүйнөлүк коомчулукка төрт негизги демилгени карап чыгууну сунуштады: Глобалдык экологиялык фонддун түзүмүндө атайын тоо программасын түзүү, Бишкек шаарында тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борборду уюштуруу, карызды жаратылышты коргоо боюнча милдеттенмелерге алмаштыруу механизмин (Debt-for-nature swaps) киргизүү, ошондой эле сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүн коргоо боюнча аймактык кызматташтыкты чыңдоо. Президент өз сөзүндө Ысык-Көлдү сактоого жана климаттын өзгөрүшүнүн анын экосистемасына тийгизген олуттуу кесепеттерине өзгөчө көңүл бурду. Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы 170 жылда көлдө суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, акыркы беш жылда төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жеткен. Президент Ысык-Көлдү сактоо үчүн көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Тиешелүү мамлекеттик органдар көлдүн жана анын акваториясынын флорасы менен фаунасын сактоо боюнча кеңири масштабдуу иштерди жүргүзүүдө. Акыркы төрт жылда Көлдүн түбүнөн 70 тоннага жакын ар кандай таштандылар жана болжол менен 580 миң метр мыйзамсыз салынган синтетикалык балык улоочу торлор алынган. Ошондой эле уникалдуу жаратылыш объектисин коргоо максатында Кыргызстан БУУнун колдоосу астында атайын трасттык фонд түзүү боюнча ишти баштады. Мамлекет башчысы эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү бул демилгени колдоого чакырып, Кыргыз Республикасы мамлекеттик бюджеттен 10 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, Президент бардык өлкөлөрдү, эл аралык уюмдарды жана өнөктөштөрдү 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону экономикалык саясаттын, инвестициялык пландаштыруунун жана аймактарды өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү болууга тийиш экенин, ал эми жаратылышты коргоо келечек муундардын алдындагы жалпы жоопкерчилик экенин баса белгиледи.

  2. 🎥Видео: Президент Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитинин ачылышына катышты ***** 🎥Видео: Президент Садыр Жапаров принял участие в открытии Саммита лидеров СОР17 в Ереване

  3. edited

    Президент Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине келди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин ишине катышууда. Мамлекет башчысын иш-чара өтүп жаткан “Меридиан” көргөзмө борборунан Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты. COP17 Лидерлер саммитине бир катар мамлекеттердин башчылары, окумуштуулар, эл аралык экологиялык уюмдардын жетекчилери, эксперттер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышууда. Саламдашуу жана жалпы сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин лидерлер Саммит өтүүчү залга бет алышты. Иш-чаранын алкагында Куньмин-Монреаль глобалдык алкактык программасы боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы каралып, экосистемаларды коргоого каржылоо тартууга багытталган ар кандай чаралар талкууланат. COP17 Лидерлер саммитинин жыйынтыгы боюнча “Еревандын аракет чакырыгы” аттуу саясий декларацияны кабыл алуу күтүлүүдө. ****** Президент Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине келди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин ишине катышууда. Мамлекет башчысын иш-чара өтүп жаткан “Меридиан” көргөзмө борборунан Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты. COP17 Лидерлер саммитине бир катар мамлекеттердин башчылары, окумуштуулар, эл аралык экологиялык уюмдардын жетекчилери, эксперттер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышууда. Саламдашуу жана жалпы сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин лидерлер Саммит өтүүчү залга бет алышты. Иш-чаранын алкагында Куньмин-Монреаль глобалдык алкактык программасы боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы каралып, экосистемаларды коргоого каржылоо тартууга багытталган ар кандай чаралар талкууланат. COP17 Лидерлер саммитинин жыйынтыгы боюнча “Еревандын аракет чакырыгы” аттуу саясий декларацияны кабыл алуу күтүлүүдө.

  4. Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Субакожоева Айзада Муратбековна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. ** 💼Айзада Субакожоева назначена Чрезвычайным и Полномочным Послом Кыргызстана в Китае Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому Айзада Субакожоева, в соответствии с пунктом 4 части 6 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Айзада Субакожоева назначена Чрезвычайным и Полномочным Послом Кыргызской Республики в Китайской Народной Республике.

  5. edited

    💼Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Мусаева Актилек Ишенгазыевна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордунан бошотулду. ****** 💼Актилек Мусаева освобождена от должности Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызстана в Китае Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 4 части 6 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Актилек Мусаева освобождена от должности Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики в Китайской Народной Республике.

  6. 💼Айзада Субакожоева Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары кызматынан бошотулду Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Субакожоева Айзада Муратбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. *** 💼Айзада Субакожоева освобождена от занимаемой должности заместителя главы Национального агентства по виртуальным активам и блокчейн-технологиям Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал распоряжение, согласно которому, руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, Айзада Субакожоева освобождена от занимаемой должности заместителя главы Национального агентства по виртуальным активам и блокчейн-технологиям при Президенте Кыргызской Республики в связи с переходом на другую работу.

  7. edited

    Президент Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитинин ачылышына катышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты. Иш-чара өтө турган жерге келгенде, Мамлекет башчысын Армения Республикасынын Президенти Ваагн Хачатурян жана Премьер-министри Никол Пашинян тосуп алышты. Расмий аземдин жүрүшүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларына театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды. ****** Президент Садыр Жапаров принял участие в открытии Саммита лидеров СОР17 в Ереване Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 15 октября, принял участие в официальной церемонии открытия Саммита лидеров в рамках 17-й Конференции сторон Конвенции ООН о биологическом разнообразии (СОР17) в городе Ереван, Республика Армения. По прибытию на место проведения мероприятия Главу государства встретили Президент Республики Армения Ваагн Хачатурян и Премьер-министр Никол Пашинян. Во время официальной церемонии главам государств и правительств продемонстрировали театрализованное представление.

  8. edited

    Президент Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Армения Республикасына расмий сапар менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Ереван шаарындагы “Звартноц” эл аралык аэропортуна конду. Президентти учактын тепкичинен Армениянын Вице-премьер-министри Мгер Григорян жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун аймагына кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилип, Кыргызстандын жана Армениянын мамлекеттик туулары илинген. Расмий сапар Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча өтүүдө. Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлер саммитине катышат, ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. ****** Президент Садыр Жапаров прибыл с официальным визитом в Армению Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 15 октября, прибыл с официальным визитом в Республику Армения. Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту «Звартноц» города Ереван. У трапа самолета Президента встретили Вице-премьер-министр Армении Мгер Григорян и другие официальные лица. На территории аэропорта расстелена ковровая дорожка, выстроен почетный караул, вывешены флаги Кыргызстана и Армении. Официальный визит проходит по приглашению Премьер-министра Армении Никола Пашиняна. В ходе визита Президент Садыр Жапаров примет участие в Саммите лидеров в рамках 17-й Конференции сторон Конвенции ООН о биологическом разнообразии, а также проведет двусторонние переговоры с высшим руководством Армении.

  9. edited

    🎥Видео: Президент Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барды ***** 🎥Видео: Президент Садыр Жапаров прибыл с официальным визитом в Армению

  10. Президент Садыр Жапаров Армения Республикасына расмий сапар менен барат Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча 15-17-октябрда Армения Республикасына расмий сапар менен барат. Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлердин саммитине катышат. Мамлекет башчысы ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сапардын жыйынтыгы боюнча кызматташтыктын ар кыл багыттары боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу мерчемделүүдө. ****** Президент Садыр Жапаров совершит официальный визит в Республику Армения Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, по приглашению Премьер-министра Армении Никола Пашиняна, в период с 15 по 17 октября совершит официальный визит в Республику Армения. В рамках визита Президент Садыр Жапаров примет участие в Саммите лидеров в рамках 17-й Конференции сторон Конвенции ООН о биологическом разнообразии. Глава государства также проведет двусторонние переговоры с высшим руководством Армении. По итогам визита планируется подписание ряда двусторонних документов в различных сферах сотрудничества.

  11. 🇰🇬🇰🇭Президент Садыр Жапаров Камбоджанын Премьер-министри Хун Манет менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Бакуда өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммитинин алкагында Камбоджа Падышалыгынын Премьер-министри Хун Манет менен жолугушту. Тараптар эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө, каржы-банк чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Мамлекет башчысы кыргыз-камбоджа мамилелеринин достук мүнөзүн белгилеп, Кыргызстан өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты. Бул контекстте Президент Ысык-Көлдөгү “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, Камбоджа ишкерлерин Кыргызстандын келечектүү инвестициялык демилгелерине катышууга чакырды. Өз кезегинде Камбоджанын Премьер-министри Хун Манет эки тараптуу алакаларды мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты, биринчи кезекте, соода-экономикалык, инвестициялык жана туристтик тармактарда кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Тараптар ошондой эле БУУ жана АӨИЧК баш болгон эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Президент Садыр Жапаров Камбоджа тарапты 2027-жылдын 21-23-октябрында БУУ менен биргеликте Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кыргыз-камбоджа мамилелерин мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты активдештирүүгө өз ара кызыкдарлыгын ырасташты. ** 🇰🇬🇰🇭Президент Садыр Жапаров встретился с Премьер-министром Камбоджи Хун Манетом Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, сегодня 15 октября, на полях саммита СВМДА в Баку провел встречу с Премьер-министром Королевства Камбоджа Хун Манетом. Стороны обсудили перспективы развития двустороннего сотрудничества, уделив особое внимание расширению торгово-экономических и инвестиционных связей, взаимодействию в финансово-банковской сфере и развитию туризма. Глава государства отметил дружественный характер кыргызско-камбоджийских отношений и подчеркнул заинтересованность Кыргызстана в дальнейшем укреплении партнерства, расширении деловых контактов и реализации совместных проектов. В данном контексте Президент рассказал о возможностях специальной финансово-инвестиционной территории «Тамчы» на Иссык-Куле и пригласил камбоджийский бизнес к участию в перспективных инвестиционных инициативах Кыргызстана. В свою очередь Премьер-министр Камбоджи Хун Манет выразил заинтересованность в дальнейшем развитии двусторонних отношений, отметив значительный потенциал для расширения взаимовыгодного сотрудничества, прежде всего в торгово-экономической, инвестиционной и туристической сферах. Стороны также подчеркнули важность укрепления взаимодействия в рамках международных и региональных организаций, включая ООН и СВМДА. Президент Садыр Жапаров пригласил камбоджийскую сторону принять участие во Втором Глобальном горном саммите «Бишкек+25», который состоится 21–23 октября 2027 года в Бишкеке совместно с ООН. По итогам встречи стороны подтвердили взаимную заинтересованность в дальнейшем укреплении кыргызско-камбоджийских отношений и активизации практического сотрудничества по направлениям, представляющим обоюдный интерес.

  12. edited

    Президент Садыр Жапаров: “Кыргыз Республикасы АӨИЧКны ачык диалог жүргүзүү, өз ара ишенимди бекемдөө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча катары карайт” Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Баку шаарында өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) мамлекет башчыларынын жетинчи саммитинде сөз сүйлөдү. Саммиттин темасы: “Кыйла күчтүү АӨИЧК: Азиядагы өз ара байланыштуулук, санариптештирүү жана туруктуу өсүш”. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Азия аймагы динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. БУУнун болжолуна ылайык, 2026-жылы дүйнөлүк экономикалык өсүштүн 59 пайызы Азияга туура келет. Ал Кыргызстан бардык катышуучу мамлекеттер менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты. “Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануу менен көз салып, жаңжалдын мындан ары кеңейишине жол берилбеши керек деп эсептейбиз. Афганистан Азиядагы жалпы коопсуздук жана кызматташтык мейкиндигинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Өлкөдө туруктуу абалга жетишүү обочолонтуу жана кысым көрсөтүү аркылуу эмес, ырааттуу диалог, экономиканы калыбына келтирүү жана эл аралык коомчулуктун макулдашылган аракеттери аркылуу ишке ашат”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров жана Кыргызстан боордош Палестина менен мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар экенин кошумчалады. https://president.kg/kg/news/21/41004 *** Президент Садыр Жапаров: «Кыргызская Республика рассматривает СВМДА как важную площадку для открытого диалога, укрепления взаимного доверия, мирного разрешения споров и продвижения совместных инициатив» Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 15 октября, в рамках рабочего визита в Азербайджанскую Республику выступил на Седьмом саммите глав государств Совещания по взаимодействию и мерам доверия в Азии (СВМДА), который состоялся в Баку. Тема саммита: «Более сильное СВМДА: взаимосвязанность, цифровизация и устойчивый рост в Азии». В своей речи Глава государства отметил, что Азиатский регион динамично развивается. Согласно прогнозам ООН, в 2026 году на долю Азии придется 59 процентов мирового экономического роста. При этом он выразил готовность Кыргызстана и далее тесно взаимодействовать со всеми государствами-участниками. «Мы с глубокой обеспокоенностью следим за развитием ситуации на Ближнем Востоке и считаем недопустимым дальнейшее расширение конфликта. Афганистан является важной частью общего пространства безопасности и сотрудничества в Азии. Достижение устойчивой стабильности в стране требует не изоляции и давления, а последовательного диалога, экономического восстановления и согласованных действий международного сообщества», - подчеркнул Садыр Жапаров, добавив, что Кыргызстан заинтересован в укреплении отношений с братской Палестиной. https://president.kg/ru/news/21/41004

  13. Older posts