Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0
edited

Президент Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине келди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин ишине катышууда. Мамлекет башчысын иш-чара өтүп жаткан “Меридиан” көргөзмө борборунан Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты. COP17 Лидерлер саммитине бир катар мамлекеттердин башчылары, окумуштуулар, эл аралык экологиялык уюмдардын жетекчилери, эксперттер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышууда. Саламдашуу жана жалпы сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин лидерлер Саммит өтүүчү залга бет алышты. Иш-чаранын алкагында Куньмин-Монреаль глобалдык алкактык программасы боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы каралып, экосистемаларды коргоого каржылоо тартууга багытталган ар кандай чаралар талкууланат. COP17 Лидерлер саммитинин жыйынтыгы боюнча “Еревандын аракет чакырыгы” аттуу саясий декларацияны кабыл алуу күтүлүүдө. ****** Президент Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине келди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин ишине катышууда. Мамлекет башчысын иш-чара өтүп жаткан “Меридиан” көргөзмө борборунан Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты. COP17 Лидерлер саммитине бир катар мамлекеттердин башчылары, окумуштуулар, эл аралык экологиялык уюмдардын жетекчилери, эксперттер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышууда. Саламдашуу жана жалпы сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин лидерлер Саммит өтүүчү залга бет алышты. Иш-чаранын алкагында Куньмин-Монреаль глобалдык алкактык программасы боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы каралып, экосистемаларды коргоого каржылоо тартууга багытталган ар кандай чаралар талкууланат. COP17 Лидерлер саммитинин жыйынтыгы боюнча “Еревандын аракет чакырыгы” аттуу саясий декларацияны кабыл алуу күтүлүүдө.

Views over time

05001K1.5K16 Oct 07:1211 Nov 05:031.3K16 Oct 07:12: 0 views11 Nov 05:03: 1,320 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
16 Oct 2026, 07:120
11 Nov 2026, 05:031.3K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.