Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0
edited

Президент Садыр Жапаров: “Кыргыз Республикасы АӨИЧКны ачык диалог жүргүзүү, өз ара ишенимди бекемдөө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча катары карайт” Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Баку шаарында өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) мамлекет башчыларынын жетинчи саммитинде сөз сүйлөдү. Саммиттин темасы: “Кыйла күчтүү АӨИЧК: Азиядагы өз ара байланыштуулук, санариптештирүү жана туруктуу өсүш”. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Азия аймагы динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. БУУнун болжолуна ылайык, 2026-жылы дүйнөлүк экономикалык өсүштүн 59 пайызы Азияга туура келет. Ал Кыргызстан бардык катышуучу мамлекеттер менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты. “Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануу менен көз салып, жаңжалдын мындан ары кеңейишине жол берилбеши керек деп эсептейбиз. Афганистан Азиядагы жалпы коопсуздук жана кызматташтык мейкиндигинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Өлкөдө туруктуу абалга жетишүү обочолонтуу жана кысым көрсөтүү аркылуу эмес, ырааттуу диалог, экономиканы калыбына келтирүү жана эл аралык коомчулуктун макулдашылган аракеттери аркылуу ишке ашат”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров жана Кыргызстан боордош Палестина менен мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар экенин кошумчалады. https://president.kg/kg/news/21/41004 *** Президент Садыр Жапаров: «Кыргызская Республика рассматривает СВМДА как важную площадку для открытого диалога, укрепления взаимного доверия, мирного разрешения споров и продвижения совместных инициатив» Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 15 октября, в рамках рабочего визита в Азербайджанскую Республику выступил на Седьмом саммите глав государств Совещания по взаимодействию и мерам доверия в Азии (СВМДА), который состоялся в Баку. Тема саммита: «Более сильное СВМДА: взаимосвязанность, цифровизация и устойчивый рост в Азии». В своей речи Глава государства отметил, что Азиатский регион динамично развивается. Согласно прогнозам ООН, в 2026 году на долю Азии придется 59 процентов мирового экономического роста. При этом он выразил готовность Кыргызстана и далее тесно взаимодействовать со всеми государствами-участниками. «Мы с глубокой обеспокоенностью следим за развитием ситуации на Ближнем Востоке и считаем недопустимым дальнейшее расширение конфликта. Афганистан является важной частью общего пространства безопасности и сотрудничества в Азии. Достижение устойчивой стабильности в стране требует не изоляции и давления, а последовательного диалога, экономического восстановления и согласованных действий международного сообщества», - подчеркнул Садыр Жапаров, добавив, что Кыргызстан заинтересован в укреплении отношений с братской Палестиной. https://president.kg/ru/news/21/41004

Views over time

05001K1.5K15 Oct 10:0711 Nov 05:031.6K15 Oct 10:07: 0 views11 Nov 05:03: 1,580 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
15 Oct 2026, 10:070
11 Nov 2026, 05:031.6K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.