Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

🇰🇬🇰🇭Президент Садыр Жапаров Камбоджанын Премьер-министри Хун Манет менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Бакуда өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммитинин алкагында Камбоджа Падышалыгынын Премьер-министри Хун Манет менен жолугушту. Тараптар эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө, каржы-банк чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Мамлекет башчысы кыргыз-камбоджа мамилелеринин достук мүнөзүн белгилеп, Кыргызстан өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты. Бул контекстте Президент Ысык-Көлдөгү “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, Камбоджа ишкерлерин Кыргызстандын келечектүү инвестициялык демилгелерине катышууга чакырды. Өз кезегинде Камбоджанын Премьер-министри Хун Манет эки тараптуу алакаларды мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты, биринчи кезекте, соода-экономикалык, инвестициялык жана туристтик тармактарда кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Тараптар ошондой эле БУУ жана АӨИЧК баш болгон эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Президент Садыр Жапаров Камбоджа тарапты 2027-жылдын 21-23-октябрында БУУ менен биргеликте Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кыргыз-камбоджа мамилелерин мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты активдештирүүгө өз ара кызыкдарлыгын ырасташты. ** 🇰🇬🇰🇭Президент Садыр Жапаров встретился с Премьер-министром Камбоджи Хун Манетом Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, сегодня 15 октября, на полях саммита СВМДА в Баку провел встречу с Премьер-министром Королевства Камбоджа Хун Манетом. Стороны обсудили перспективы развития двустороннего сотрудничества, уделив особое внимание расширению торгово-экономических и инвестиционных связей, взаимодействию в финансово-банковской сфере и развитию туризма. Глава государства отметил дружественный характер кыргызско-камбоджийских отношений и подчеркнул заинтересованность Кыргызстана в дальнейшем укреплении партнерства, расширении деловых контактов и реализации совместных проектов. В данном контексте Президент рассказал о возможностях специальной финансово-инвестиционной территории «Тамчы» на Иссык-Куле и пригласил камбоджийский бизнес к участию в перспективных инвестиционных инициативах Кыргызстана. В свою очередь Премьер-министр Камбоджи Хун Манет выразил заинтересованность в дальнейшем развитии двусторонних отношений, отметив значительный потенциал для расширения взаимовыгодного сотрудничества, прежде всего в торгово-экономической, инвестиционной и туристической сферах. Стороны также подчеркнули важность укрепления взаимодействия в рамках международных и региональных организаций, включая ООН и СВМДА. Президент Садыр Жапаров пригласил камбоджийскую сторону принять участие во Втором Глобальном горном саммите «Бишкек+25», который состоится 21–23 октября 2027 года в Бишкеке совместно с ООН. По итогам встречи стороны подтвердили взаимную заинтересованность в дальнейшем укреплении кыргызско-камбоджийских отношений и активизации практического сотрудничества по направлениям, представляющим обоюдный интерес.

Views over time

05001K1.5K15 Oct 10:3011 Nov 05:031.4K15 Oct 10:30: 0 views11 Nov 05:03: 1,360 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
15 Oct 2026, 10:300
11 Nov 2026, 05:031.4K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.