Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Авазада (Түркмөнстан) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууда. Иш-чаранын алдында Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду тосуп алуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчылары саламдашып, биргелешип сүрөткө түшүштү. Аземге ошондой эле Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Армения Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Президенти Владимир Путин, Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан катышты. Биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин делегациялардын башчылары тар курамдагы жолугушууга катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү. ****** Президент Садыр Жапаров принимает участие в заседании Совета глав государств СНГ Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 9 октября, принимает участие в заседании Совета глав государств Содружества Независимых Государств, проходящем в Туркменистане. Перед началом мероприятия состоялась церемония приветствия Президента Садыра Жапарова Президентом Туркменистана Сердаром Бердымухамедовым. Главы государств поприветствовали друг друга и сделали совместную фотографию. В церемонии также приняли участие Президент Азербайджана Ильхам Алиев, Премьер-министр Армении Никол Пашинян, Президент Беларуси Александр Лукашенко, Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев, Президент России Владимир Путин, Президент Таджикистана Эмомали Рахмон, Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев и Президент Ирана Масуд Пезешкиан. После общего фотографирования главы делегаций прошли в зал заседаний для участия во встрече в узком составе.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР
-
edited -



-



+6
-



+6
-
edited Президент Садыр Жапаров Авазада КМШ өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды. Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен бирге Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышты. Лидерлерге Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын даамдары, улуттук кийимдери жана музыкалык чыгармалары тартууланды. ****** Президент Садыр Жапаров посетил Фестиваль национальных блюд стран СНГ в Авазе Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 8 октября, посетил Фестиваль национальных блюд стран Содружества Независимых Государств, который проходит в Авазе. Глава государства вместе с Президентом Казахстана Касым-Жомартом Токаевым, Президентом Таджикистана Эмомали Рахмоном, Президентом Туркменистана Сердаром Бердымухамедовым, Президентом Узбекистана Шавкатом Мирзиёевым, Президентом Азербайджана Ильхамом Алиевым, Президентом Беларуси Александром Лукашенко и Премьер-министром Армении Николом Пашиняном ознакомился с национальной кухней, традициями и культурным наследием народов Содружества. Лидерам представили блюда, национальные костюмы и музыкальные произведения Кыргызстана, Азербайджана, Армении, Беларуси, России, Казахстана, Таджикистана, Узбекистана и Туркменистана.
-

-
edited 🇰🇬🇹🇲Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту Авазада бүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, алардын бир туугандык жана стратегиялык мүнөзүн белгилешти. Соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Президент Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар эки жактуу алакаларды мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берип, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди. ****** 🇰🇬🇹🇲Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом Туркменистана Сердаром Бердымухамедовым В Авазе сегодня, 8 октября, Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров встретился с Президентом Туркменистана Сердаром Бердымухамедовым. Главы государств обсудили актуальные вопросы двустороннего сотрудничества и перспективы дальнейшего развития кыргызско-туркменских отношений, отметив их братский и стратегический характер. Особое внимание уделено расширению торгово-экономического и энергетического сотрудничества, а также развитию транспортно-логистических связей. Президент Садыр Жапаров выразил уверенность, что достигнутые договоренности придадут новый импульс дальнейшему развитию двусторонних отношений и будут способствовать расширению взаимовыгодного сотрудничества между двумя странами.
-

-
edited Президент Садыр Жапаров на Консультативной встрече глав государств ЦА и Азербайджана предложил усилить экономическое сотрудничество, развивать электронную торговлю и расширять транспортную связанность региона Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 8 октября, принял участие в работе восьмой Консультативной встречи глав государств Центральной Азии и Азербайджанской Республики, проходящей в комплексе «Аваза». Глава государства на заседании выступил с речью, обозначив ключевые направления дальнейшего практического взаимодействия стран региона. Особое внимание Президент уделил промышленной кооперации, предложив правительствам стран определить конкретные взаимовыгодные проекты в сфере переработки сельскохозяйственной продукции, легкой промышленности, производства строительных материалов и логистики с указанием участников, источников финансирования и сроков реализации. Отдельным направлением Президент обозначил развитие электронной торговли. В качестве практического шага предложено создать единую электронную торговую площадку Центральной Азии и Азербайджана, которая позволит расширить доступ бизнеса и потребителей к региональной продукции и создать дополнительные возможности для ее продвижения. Как подчеркнул Садыр Жапаров, развитие электронной торговли должно сопровождаться формированием соответствующей логистической инфраструктуры, включая доставку, складирование, таможенное оформление и отслеживание товаров. Кыргызская сторона готова задействовать потенциал специалистов Парка высоких технологий для реализации данной инициативы. Отмечая важность развития транспортных маршрутов, Президент подчеркнул, что эффективность экономического сотрудничества напрямую зависит от надежности транспортной связанности региона, стоимости перевозок и предсказуемости транзитных условий. Особо Садыр Жапаров выделил строительство железной дороги «Китай – Кыргызстан – Узбекистан», которая создаст дополнительные возможности для включения стран региона в международные транспортные и производственные связи. «Нашим ориентиром должны стать измеримые результаты: снижение стоимости доставки и сокращение времени в пути. При этом каждая страна должна иметь возможность полноценно участвовать в региональных транспортных проектах и получать от них экономическую отдачу», — подчеркнул Глава государства. Далее Садыр Жапаров отметил важность сохранения ледников и горных экосистем, с которыми неразрывно связано долгосрочное устойчивое развитие стран региона. «Экономия природных ресурсов, их рациональное использование и применение инноваций в данной сфере необходимо для устойчивого развития и будущих поколений», - подчеркнул Глава государства. Также Президент отметил ощутимые возможности для сближения народов, которое открывает формирование общего туристического пространства. «Наши страны обладают взаимодополняющим туристическим потенциалом. Исторические города, горные и прикаспийские маршруты, богатое культурное наследие позволяют объединить усилия по продвижению Центральной Азии и Азербайджана как привлекательного направления для путешествий, - подчеркнул Садыр Жапаров, предложив развивать сотрудничество по принципу «одно путешествие - несколько стран». В завершение Президент Садыр Жапаров отметил, что Кыргызская Республика готова и далее вносить деятельный вклад в укрепление добрососедства и развитие взаимовыгодного сотрудничества, направленного на обеспечение устойчивого экономического роста и повышение благосостояния народов региона.
-
edited Президент Садыр Жапаров БА өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда экономикалык кызматташтыкты күчөтүүнү, электрондук сооданы өнүктүрүүнү жана аймактын транспорттук байланышын кеңейтүүнү сунуштады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, «Аваза» комплексинде өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышты. Мамлекет башчысы жыйында сөз сүйлөп, аймактагы өлкөлөрдүн мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарына токтолду. Президент өнөр жай кооперациясына өзгөчө көңүл буруп, өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү жана логистика тармактарында өз ара пайдалуу конкреттүү долбоорлорду аныктоону, анда катышуучуларды, каржылоо булактарын жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүүнү сунуштады. Өзүнчө багыт катары Президент электрондук сооданы өнүктүрүүнү белгиледи. Практикалык кадам катары бизнес өкүлдөрүнүн жана керектөөчүлөрдүн аймактык продукцияга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү жана аны илгерилетүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү шарттаган Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү электрондук соода аянтчасын түзүү сунушталды. Садыр Жапаров белгилегендей, электрондук сооданы өнүктүрүү жеткирүү, кампада сактоо, бажылык тариздөө жана товарларга көз салууну камтыган тиешелүү логистикалык инфраструктураны түзүү менен коштолууга тийиш. Кыргыз тарап бул демилгени ишке ашыруу үчүн Жогорку технологиялар паркынын адистеринин потенциалын пайдаланууга даяр. Транспорттук каттамдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Президент экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугу түздөн-түз аймактын транспорттук байланышынын ишенимдүүлүгүнө, ташуулардын наркына жана транзиттик шарттардын болжолдуулугуна көз каранды экенин баса белгиледи. Садыр Жапаров «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл буруп, ал аймактагы өлкөлөрдүн эл аралык транспорттук жана өндүрүштүк байланыштарга кошулуусу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты. «Биздин багытыбыз өлчөнө турган натыйжалар болушу керек: жеткирүү наркын төмөндөтүү жана жолдо жүрүүгө кеткен убакытты кыскартуу. Ошол эле учурда ар бир өлкө аймактык транспорттук долбоорлорго толук кандуу катышууга жана алардан экономикалык пайда алууга мүмкүнчүлүк алышы керек», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Андан ары Садыр Жапаров мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, алар аймактагы өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү менен ажырагыс байланышта экенин айтты. «Жаратылыш ресурстарын үнөмдөө, аларды сарамжалдуу пайдалануу жана бул багытта инновацияларды колдонуу туруктуу өнүгүү жана келечек муундар үчүн зарыл», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Ошондой эле Президент жалпы туристтик мейкиндикти түзүү элдердин жакындашуусу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. «Биздин өлкөлөр бири-бирин толуктаган туристтик потенциалга ээ. Тарыхый шаарлар, тоолуу жана Каспий жээгиндеги каттамдар, бай маданий мурас Борбордук Азияны жана Азербайжанды саякаттоо үчүн жагымдуу багыт катары илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров жана «бир саякат – бир нече өлкө» принциби боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады. Соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы мындан ары да ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого жана аймак элдеринин туруктуу экономикалык өсүшүн жана бакубаттуулугун камсыз кылууга багытталган өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жигердүү салым кошууга даяр экендигин айтты.
-



+3
-
🔹Президент Садыр Жапаров БА мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында мамлекет башчыларын тосуп алуу аземине катышты Түркмөнбашы шаарында бүгүн, 8-октябрда, Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун тосуп алуу аземи болуп өттү. Саммитке ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев катышууда. Тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары жыйындар залына өтүштү. ** 🔹Президент Садыр Жапаров принял участие в церемонии приветствия глав государств на полях КВГГЦА+АР В городе Туркменбаши сегодня, 8 октября, состоялась церемония приветствия Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова Президентом Туркменистана Сердаром Бердымухамедовым на полях Консультативной встречи глав государств Центральной Азии и Азербайджанской Республики (КВГГЦА+АР). В саммите также принимают участие Президент Республики Казахстан Касым-Жомарт Токаев, Президент Республики Таджикистан Эмомали Рахмон, Президент Республики Узбекистан Шавкат Мирзиёев и Президент Азербайджанской Республики Ильхам Алиев. После завершения церемонии приветствия и совместного фотографирования главы государств прошли в зал заседаний.
-



+6
-
🔹Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга келди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, иш сапар менен Түркмөнстанга келди. Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнбашы шаарындагы эл аралык аэропортко конду. Президентти траптан Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды. Аэропортто Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын жана КМШ мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуучу өлкөлөрдүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилген. Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров БА мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна жана КМШ мамлекеттер башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. **** 🔹Президент Садыр Жапаров прибыл с рабочим визитом в Туркменистан Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 8 октября, прибыл с рабочим визитом в Туркменистан. Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту г. Туркменбаши. У трапа Президента встретил заместитель председателя Кабинета министров, министр иностранных дел Туркменистана Рашид Мередов. В аэропорту вывешены флаги стран-участниц консультативной встречи глав государств Центральной Азии и Азербайджанской Республики (КВГГЦА+АР) и СНГ, расстелена ковровая дорожка, выстроена рота почетного караула. В рамках рабочего визита Президент Садыр Жапаров примет участие в КВГГЦА+АР и заседании Совета глав государств СНГ, а также проведет двусторонние встречи.
-
-
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Түркмөнбашы шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги Кеңешинин жыйынына катышат. 8-октябрда Консультативдик жолугушуунун алкагында өлкө лидерлери аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, саясий диалогду мындан ары чыңдоону, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле энергетика жана экология тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашат. 9-октябрда Президент Садыр Жапаров Түркмөнстан Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат. Мамлекет башчылары Шериктештиктин алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү механизмдерин мындан ары өркүндөтүүнү карашат. ****** Президент Садыр Жапаров совершит рабочий визит в Туркменистан Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров 8–9 октября совершит рабочий визит в Туркменистан. Глава государства по приглашению Президента Туркменистана Сердара Бердымухамедова примет участие в Восьмой Консультативной встрече глав государств Центральной Азии и Азербайджанской Республики, а также в очередном заседании Совета глав государств СНГ, которые состоятся в городе Туркменбаши. 8 октября в рамках Консультативной встречи лидеры стран обсудят актуальные вопросы регионального взаимодействия, дальнейшее укрепление политического диалога, расширение торгово-экономического и транспортно-логистического сотрудничества, а также взаимодействие в сферах энергетики и экологии. 9 октября Президент Садыр Жапаров примет участие в заседании Совета глав государств СНГ под председательством Республики Туркменистан. Главы государств рассмотрят актуальные вопросы сотрудничества в рамках Содружества и дальнейшего совершенствования механизмов многостороннего взаимодействия.
-



+3
-
edited Президент Садыр Жапаров Нарын шаарындагы жаңы аскер шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Тайлак баатыр» атындагы Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жаңы аскер шаарчасын куруу долбоору менен таанышты. Мамлекет башчысына долбоор, анын негизги объектилери жана түзүлүп жаткан инфраструктура тууралуу маалымат берилди. Жаңы аскер шаарчасы Нарын шаарында аянты 13,4 га болгон жер тилкесине курулууда. Курулуш иштери 2026-жылдын I чейрегинде башталган, иштерди 2027-жылдын III чейрегинде аяктоо пландалууда. Бул аскер шаарчасында аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн, жашоосун жана турмуш-тиричилик шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон объектилердин кеңири комплекси каралган. Атап айтканда, штаб, казарма, кароол кызматтарынын объектилери, окуу классы жана башка имараттар курулат. Ошондой эле аскер шаарчасынын аймагында 60 орундуу бала бакча, балдар оюн аянтчасы, спорттук шаарча жана футбол талаасы, конок үйү каралган. Долбоорду ишке ашыруу аскер кызматкерлерин кызматты аткаруу, жашоо-тиричилик жактан камсыздоо үчүн заманбап шарттарды түзүүгө, ошондой эле Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган. Мамлекет башчысы курулуп жаткан объектилердин сапатына, аймакты көрктөндүрүүгө жана аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызмат өтөө жана жашоо үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. ****** Президент Садыр Жапаров ознакомился с ходом строительства нового военного городка в Нарыне Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 октября, в ходе рабочей поездки в Нарынскую область ознакомился с проектом строительства нового военного городка Пограничного управления по Нарынской области Государственной пограничной службы Кыргызской Республики имени «Тайлак баатыра». Главе государства представили информацию о проекте, его основных объектах и создаваемой инфраструктуре. Новый военный городок возводится в городе Нарын на земельном участке площадью 13,4 га. Строительство начато в I квартале 2026 года, завершение работ планируется в III квартале 2027 года. В данном военном городке предусмотрен широкий комплекс объектов, необходимых для обеспечения служебной деятельности, проживания и бытовых условий военнослужащих. В частности, будут построены штаб, казарма, объекты караульной службы, учебный класс и другие здания. Также на территории военного городка предусмотрены детский сад на 60 мест, детская игровая площадка, спортивный городок и футбольное поле, гостевой дом. Реализация проекта направлена на создание современных условий для несения службы военнослужащими, их проживания и бытового обеспечения, а также укрепление материально-технической базы Пограничного управления по Нарынской области. Глава государства подчеркнул необходимость уделить особое внимание качеству возводимых объектов, благоустройству территории и созданию надлежащих условий для несения службы и проживания военнослужащих и членов их семей.
-



-



+6
- Older posts