Президент Садыр Жапаров Нарын шаарында курулуп жаткан балдар оюн-зоок борборун көрүп чыкты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарында курулуп жаткан балдар оюн-зоок борборунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы борбордо балдар жана алардын ата-энелери үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, ошондой эле оюн жана эс алуу залдарын, оюн аянтчаларын жана объекттин башка бөлмөлөрүн көрүп чыкты. Заманбап эки кабаттуу борбор аянты 6 600 чарчы метр болгон жер тилкесине курулууда. Имараттын жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзөт. Объект ата-энелери менен бирге бир учурда 350гө жакын баланын болушуна ылайыкталган. Садыр Жапаров шаарда балдардын кызыктуу эс алуусу жана үй-бүлөлүк убакытты бирге өткөрүүсү үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, жаңы борбор балдардын чыгармачылык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул долбоорду ишке ашыруу Нарын шаарынын социалдык инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган. Мындан тышкары, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Президент калкка зарыл кызматтарды көрсөтүү үчүн курулган жаңы муниципалдык борбордук мончонун ишмердүүлүгү менен таанышты. Комплексте ошондой эле тренажер залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, бассейн жана башка инфраструктуралык объектилер каралган. ***** Президент Садыр Жапаров осмотрел строящийся детский игровой развлекательный центр в Нарыне Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 октября, в ходе рабочей поездки в Нарынскую область ознакомился с ходом строительства детского игрового развлекательного центра в городе Нарын. Глава государства ознакомился с условиями, создаваемыми в центре для детей и их родителей, а также осмотрел игровые и рекреационные залы, игровые площадки и другие помещения объекта. Современный двухэтажный центр строится на земельном участке площадью 6 600 квадратных метров. Общая площадь здания составляет 1 500 квадратных метров. Объект рассчитан на одновременное пребывание около 350 детей вместе с родителями. Садыр Жапаров подчеркнул важность создания в городе современных и безопасных условий для содержательного досуга детей и семейного времяпрепровождения. Кроме того, новый центр создаст дополнительные возможности для развития творческого и всестороннего развития детей. Реализация данного проекта направлена на дальнейшее развитие социальной инфраструктуры города Нарын. Кроме того, в рамках рабочей поездки в Нарынскую область Президент ознакомился с деятельностью новой муниципальной центральной бани, построенной для предоставления населению необходимых услуг. В комплексе также предусмотрены тренажерный зал, раздевалки, бассейн и другие объекты инфраструктуры.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР
-
-
🎥Президент Садыр Жапаров Нарын шаарында инновациялык-креативдик борборду ачты **** 🎥Президент Садыр Жапаров открыл инновационно-креативный центр в Нарыне
-
-
edited Состоялся телефонный разговор Президента Садыра Жапарова с Президентом России Владимиром Путиным Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня,7 октября, провел телефонный разговор с Президентом Российской Федерации Владимиром Путиным. Садыр Жапаров тепло поздравил Владимира Путина с днем рождения, пожелав ему крепкого здоровья, благополучия и дальнейших успехов в государственной деятельности. В ходе беседы стороны отметили высокий уровень кыргызско-российских отношений союзничества и стратегического партнерства, а также поступательное развитие двустороннего сотрудничества. Глава государства также поблагодарил российскую сторону за участие в мероприятиях в рамках ШОС и ШОС+, а также во Всемирных играх кочевников. В завершение лидеры подтвердили взаимный настрой на дальнейшее укрепление кыргызско-российского стратегического сотрудничества и продолжение доверительного диалога на высшем уровне.
-
Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын белгилешти. Мамлекет башчысы ошондой эле ШКУнун жана ШКУ+ алкагындагы иш-чараларга, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкандыгы үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди. Соңунда лидерлер кыргыз-орус стратегиялык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого жана жогорку деңгээлдеги ишенимдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.
-



+4
-



+5
-
Президент Садыр Жапаров открыл инновационно-креативный центр в Нарыне Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 октября, в ходе рабочей поездки в Нарынскую область принял участие в торжественном открытии инновационно-креативного центра в г. Нарын. Глава государства ознакомился с инфраструктурой нового центра и помещениями комплекса. В здании размещены библиотека, музей, инновационные теле- и аудиостудии, киноконцертный зал, коворкинг- и IT-зоны, а также торговая площадка. Садыр Жапаров с удовлетворением отметил, что данный Центр станет новым общественным пространством, объединяющим сферу культуры, образования и творчества. Отмечается, что деятельность Центра будет направлена на поддержку творческих, образовательных, инновационных и культурных инициатив жителей города, особенно молодежи. После краткого приветствия участников мероприятия Садыр Жапаров символически развязал ленту, ознаменовав официальное открытие центра. Жители города и представители сферы культуры выразили Президенту Садыру Жапарову благодарность за создание нового современного центра.
-
Президент Садыр Жапаров Нарын шаарында инновациялык-креативдик борборду ачты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарындагы инновациялык-креативдик борбордун салтанаттуу ачылышына катышты. Мамлекет башчысы жаңы борбордун инфраструктурасы жана комплекстин бөлмөлөрү менен таанышты. Имаратта китепкана, музей, инновациялык теле жана аудио студиялар, кино-концерттик зал, коворкинг жана IT-зоналар, ошондой эле соода аянтчасы жайгашкан. Садыр Жапаров бул борбор маданият, билим берүү жана чыгармачылык тармактарын бириктирген жаңы коомдук мейкиндикке айланарын канааттануу менен белгиледи. Белгиленгендей, борбордун ишмердүүлүгү шаардын тургундарынын, өзгөчө жаштардын чыгармачылык, билим берүү, инновациялык жана маданий демилгелерин колдоого багытталат. Иш-чаранын катышуучулары менен кыскача саламдашуу сөзүнөн кийин Садыр Жапаров символдук түрдө боону чечип, борбордун расмий ачылышын белгиледи. Шаар тургундары жана маданият тармагынын өкүлдөрү жаңы заманбап борбордун түзүлүшүнө байланыштуу Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти.
-
🎥Президент Садыр Жапаров Нарын облусунда МИК тарабынан курулган жаңы турак жай комплекстерин ачты *** 🎥Президент Садыр Жапаров открыл в Нарынской области новые жилые комплексы, построенные ГИК
-



+6
-



+6
-



+6
-
Президент Садыр Жапаров Нарын облусунда МИК тарабынан курулган жаңы турак жай комплекстерин ачты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө онлайн режимде Кочкор районунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплекси да ачылды. Мамлекет башчысы учурда республиканын бардык аймактарында курулуш иштери активдүү жүрүп жатканын баса белгиледи. Ошол эле учурда калктын жашоо шарттарын жакшыртууга жана анын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган чаралар ырааттуу ишке ашырылып жатат. Бүгүн Нарын шаарында биринчи жолу 216 батирлүү заманбап турак жай комплекси, ал эми Кочкор районунда 217 батирлүү турак жай комплекси пайдаланууга берилет. Белгиленгендей, турак жай комплекстеринде бардык зарыл шарттар каралган: балдар үчүн оюн аянтчалары, эс алуу жайлары, спорт аянтчалары, кеңсе бөлмөлөрү, унаа токтотуучу жайлар жана башка объектилер. https://president.kg/kg/news/21/40964 ******* Президент Садыр Жапаров открыл в Нарынской области новые жилые комплексы, построенные ГИК Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 октября, в ходе рабочей поездки в Нарынскую область принял участие в торжественном открытии жилого комплекса, построенного Государственной ипотечной компанией в г. Нарын. В ходе мероприятия в режиме онлайн состоялось также открытие жилого комплекса, построенного Государственной ипотечной компанией в Кочкорском районе. Глава государства акцентировал, что в настоящее время во всех регионах нашей республики активно ведется строительство. Вместе с тем последовательно реализуются меры, направленные на улучшение условий жизни населения и повышение его благосостояния. В Нарыне сегодня впервые будет введен в эксплуатацию современный жилой комплекс на 216 квартир, а в Кочкорском районе - жилой комплекс на 217 квартир. Отмечается, что в жилых комплексах предусмотрены все необходимые условия: детские игровые площадки, зоны отдыха, спортивные площадки, офисные помещения, парковочные места и другие объекты. https://president.kg/ru/news/21/40964
-
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышына катышты **** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров принял участие в торжественном открытии стадиона «Бишкек Арена»
-
-



+5
-



+6
-



+6
-



+1
- Older posts