Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0
edited

Президент Садыр Жапаров Нарын шаарындагы жаңы аскер шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Тайлак баатыр» атындагы Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жаңы аскер шаарчасын куруу долбоору менен таанышты. Мамлекет башчысына долбоор, анын негизги объектилери жана түзүлүп жаткан инфраструктура тууралуу маалымат берилди. Жаңы аскер шаарчасы Нарын шаарында аянты 13,4 га болгон жер тилкесине курулууда. Курулуш иштери 2026-жылдын I чейрегинде башталган, иштерди 2027-жылдын III чейрегинде аяктоо пландалууда. Бул аскер шаарчасында аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн, жашоосун жана турмуш-тиричилик шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон объектилердин кеңири комплекси каралган. Атап айтканда, штаб, казарма, кароол кызматтарынын объектилери, окуу классы жана башка имараттар курулат. Ошондой эле аскер шаарчасынын аймагында 60 орундуу бала бакча, балдар оюн аянтчасы, спорттук шаарча жана футбол талаасы, конок үйү каралган. Долбоорду ишке ашыруу аскер кызматкерлерин кызматты аткаруу, жашоо-тиричилик жактан камсыздоо үчүн заманбап шарттарды түзүүгө, ошондой эле Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган. Мамлекет башчысы курулуп жаткан объектилердин сапатына, аймакты көрктөндүрүүгө жана аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызмат өтөө жана жашоо үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. ****** Президент Садыр Жапаров ознакомился с ходом строительства нового военного городка в Нарыне Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 октября, в ходе рабочей поездки в Нарынскую область ознакомился с проектом строительства нового военного городка Пограничного управления по Нарынской области Государственной пограничной службы Кыргызской Республики имени «Тайлак баатыра». Главе государства представили информацию о проекте, его основных объектах и создаваемой инфраструктуре. Новый военный городок возводится в городе Нарын на земельном участке площадью 13,4 га. Строительство начато в I квартале 2026 года, завершение работ планируется в III квартале 2027 года. В данном военном городке предусмотрен широкий комплекс объектов, необходимых для обеспечения служебной деятельности, проживания и бытовых условий военнослужащих. В частности, будут построены штаб, казарма, объекты караульной службы, учебный класс и другие здания. Также на территории военного городка предусмотрены детский сад на 60 мест, детская игровая площадка, спортивный городок и футбольное поле, гостевой дом. Реализация проекта направлена на создание современных условий для несения службы военнослужащими, их проживания и бытового обеспечения, а также укрепление материально-технической базы Пограничного управления по Нарынской области. Глава государства подчеркнул необходимость уделить особое внимание качеству возводимых объектов, благоустройству территории и созданию надлежащих условий для несения службы и проживания военнослужащих и членов их семей.

Views over time

05001K1.5K7 Oct 10:5111 Nov 05:031.4K7 Oct 10:51: 0 views11 Nov 05:03: 1,410 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
7 Oct 2026, 10:510
11 Nov 2026, 05:031.4K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.