Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0
edited

Президент Садыр Жапаров БА өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда экономикалык кызматташтыкты күчөтүүнү, электрондук сооданы өнүктүрүүнү жана аймактын транспорттук байланышын кеңейтүүнү сунуштады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, «Аваза» комплексинде өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышты. Мамлекет башчысы жыйында сөз сүйлөп, аймактагы өлкөлөрдүн мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарына токтолду. Президент өнөр жай кооперациясына өзгөчө көңүл буруп, өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү жана логистика тармактарында өз ара пайдалуу конкреттүү долбоорлорду аныктоону, анда катышуучуларды, каржылоо булактарын жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүүнү сунуштады. Өзүнчө багыт катары Президент электрондук сооданы өнүктүрүүнү белгиледи. Практикалык кадам катары бизнес өкүлдөрүнүн жана керектөөчүлөрдүн аймактык продукцияга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү жана аны илгерилетүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү шарттаган Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү электрондук соода аянтчасын түзүү сунушталды. Садыр Жапаров белгилегендей, электрондук сооданы өнүктүрүү жеткирүү, кампада сактоо, бажылык тариздөө жана товарларга көз салууну камтыган тиешелүү логистикалык инфраструктураны түзүү менен коштолууга тийиш. Кыргыз тарап бул демилгени ишке ашыруу үчүн Жогорку технологиялар паркынын адистеринин потенциалын пайдаланууга даяр. Транспорттук каттамдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Президент экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугу түздөн-түз аймактын транспорттук байланышынын ишенимдүүлүгүнө, ташуулардын наркына жана транзиттик шарттардын болжолдуулугуна көз каранды экенин баса белгиледи. Садыр Жапаров «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл буруп, ал аймактагы өлкөлөрдүн эл аралык транспорттук жана өндүрүштүк байланыштарга кошулуусу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты. «Биздин багытыбыз өлчөнө турган натыйжалар болушу керек: жеткирүү наркын төмөндөтүү жана жолдо жүрүүгө кеткен убакытты кыскартуу. Ошол эле учурда ар бир өлкө аймактык транспорттук долбоорлорго толук кандуу катышууга жана алардан экономикалык пайда алууга мүмкүнчүлүк алышы керек», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Андан ары Садыр Жапаров мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, алар аймактагы өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү менен ажырагыс байланышта экенин айтты. «Жаратылыш ресурстарын үнөмдөө, аларды сарамжалдуу пайдалануу жана бул багытта инновацияларды колдонуу туруктуу өнүгүү жана келечек муундар үчүн зарыл», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Ошондой эле Президент жалпы туристтик мейкиндикти түзүү элдердин жакындашуусу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. «Биздин өлкөлөр бири-бирин толуктаган туристтик потенциалга ээ. Тарыхый шаарлар, тоолуу жана Каспий жээгиндеги каттамдар, бай маданий мурас Борбордук Азияны жана Азербайжанды саякаттоо үчүн жагымдуу багыт катары илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров жана «бир саякат – бир нече өлкө» принциби боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады. Соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы мындан ары да ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого жана аймак элдеринин туруктуу экономикалык өсүшүн жана бакубаттуулугун камсыз кылууга багытталган өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жигердүү салым кошууга даяр экендигин айтты.

Views over time

05001K1.5K8 Oct 07:5111 Nov 05:031.2K8 Oct 07:51: 0 views11 Nov 05:03: 1,230 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
8 Oct 2026, 07:510
11 Nov 2026, 05:031.2K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.