Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын белгилешти. Мамлекет башчысы ошондой эле ШКУнун жана ШКУ+ алкагындагы иш-чараларга, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкандыгы үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди. Соңунда лидерлер кыргыз-орус стратегиялык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого жана жогорку деңгээлдеги ишенимдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.2K avg views
Posting
9.5/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 7 Oct 2026, 09:18 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.1K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.