Президент Садыр Жапаров Нарын шаарында курулуп жаткан балдар оюн-зоок борборун көрүп чыкты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарында курулуп жаткан балдар оюн-зоок борборунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы борбордо балдар жана алардын ата-энелери үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, ошондой эле оюн жана эс алуу залдарын, оюн аянтчаларын жана объекттин башка бөлмөлөрүн көрүп чыкты. Заманбап эки кабаттуу борбор аянты 6 600 чарчы метр болгон жер тилкесине курулууда. Имараттын жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзөт. Объект ата-энелери менен бирге бир учурда 350гө жакын баланын болушуна ылайыкталган. Садыр Жапаров шаарда балдардын кызыктуу эс алуусу жана үй-бүлөлүк убакытты бирге өткөрүүсү үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, жаңы борбор балдардын чыгармачылык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул долбоорду ишке ашыруу Нарын шаарынын социалдык инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган. Мындан тышкары, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Президент калкка зарыл кызматтарды көрсөтүү үчүн курулган жаңы муниципалдык борбордук мончонун ишмердүүлүгү менен таанышты. Комплексте ошондой эле тренажер залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, бассейн жана башка инфраструктуралык объектилер каралган. ***** Президент Садыр Жапаров осмотрел строящийся детский игровой развлекательный центр в Нарыне Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 октября, в ходе рабочей поездки в Нарынскую область ознакомился с ходом строительства детского игрового развлекательного центра в городе Нарын. Глава государства ознакомился с условиями, создаваемыми в центре для детей и их родителей, а также осмотрел игровые и рекреационные залы, игровые площадки и другие помещения объекта. Современный двухэтажный центр строится на земельном участке площадью 6 600 квадратных метров. Общая площадь здания составляет 1 500 квадратных метров. Объект рассчитан на одновременное пребывание около 350 детей вместе с родителями. Садыр Жапаров подчеркнул важность создания в городе современных и безопасных условий для содержательного досуга детей и семейного времяпрепровождения. Кроме того, новый центр создаст дополнительные возможности для развития творческого и всестороннего развития детей. Реализация данного проекта направлена на дальнейшее развитие социальной инфраструктуры города Нарын. Кроме того, в рамках рабочей поездки в Нарынскую область Президент ознакомился с деятельностью новой муниципальной центральной бани, построенной для предоставления населению необходимых услуг. В комплексе также предусмотрены тренажерный зал, раздевалки, бассейн и другие объекты инфраструктуры.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.2K avg views
Posting
9.5/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 7 Oct 2026, 09:52 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.3K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.