Президент Садыр Жапаров Нарын шаарында инновациялык-креативдик борборду ачты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарындагы инновациялык-креативдик борбордун салтанаттуу ачылышына катышты. Мамлекет башчысы жаңы борбордун инфраструктурасы жана комплекстин бөлмөлөрү менен таанышты. Имаратта китепкана, музей, инновациялык теле жана аудио студиялар, кино-концерттик зал, коворкинг жана IT-зоналар, ошондой эле соода аянтчасы жайгашкан. Садыр Жапаров бул борбор маданият, билим берүү жана чыгармачылык тармактарын бириктирген жаңы коомдук мейкиндикке айланарын канааттануу менен белгиледи. Белгиленгендей, борбордун ишмердүүлүгү шаардын тургундарынын, өзгөчө жаштардын чыгармачылык, билим берүү, инновациялык жана маданий демилгелерин колдоого багытталат. Иш-чаранын катышуучулары менен кыскача саламдашуу сөзүнөн кийин Садыр Жапаров символдук түрдө боону чечип, борбордун расмий ачылышын белгиледи. Шаар тургундары жана маданият тармагынын өкүлдөрү жаңы заманбап борбордун түзүлүшүнө байланыштуу Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.2K avg views
Posting
9.5/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 7 Oct 2026, 09:15 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.1K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.