Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.1K avg views
Posting 9.4/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0
  1. 🔹Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, “ШКУ+” жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Жолугушуунун башында Мамлекет башчысы Антониу Гутерришке Кыргыз Республикасына келүүгө чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгы Уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келип жатканын белгиледи. Тараптар БУУ менен өз ара аракеттенүүнүн келечегин, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле тоолуу аймактарга жана климатка байланыштуу демилгелерди дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып баруусуна бурулду. Мамлекет башчысы Коопсуздук Кеңешиндеги иштин артыкчылыктуу багыттары катары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоону, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин эл аралык процесстердеги ролун кеңейтүүнү, ошондой эле климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык аракеттерди бириктирүүнү белгиледи. Буга байланыштуу 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык маселеси талкууланды. Саммит 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот. Президент Садыр Жапаров БУУга Саммитти биргелешип уюштурууну сунуштады. Уюмдун иш-чарага катышуусу анын эл аралык камтуусун кеңейтип, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулоого көптөгөн мамлекеттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүн тартууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана практикалык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдарлык билдирилди.

  2. 🎥Видео: Кыргызстан менен Кытай лидерлеринин расмий жолугушуусу аземи *** 🎥Видео: Церемония официальной встречи лидеров Кыргызстана и Китая

  3. edited

    Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында, бүгүн, 31-августта, транспорт-логистика, инвестиция, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюшту. Мындан тышкары, төмөнкү документтерди алмашуу аземи болуп өттү: **** По итогам переговоров Президента Садыра Жапарова и Председателя КНР Си Цзиньпина подписан ряд двусторонних документов В рамках государственного визита Председателя Китайской Народной Республики Си Цзиньпина сегодня, 31 августа, состоялась церемония подписания и обмена двусторонними документами, которые направлены на дальнейшее укрепление кыргызско-китайского сотрудничества в транспортно-логистической, инвестиционной, гуманитарной и других сферах. Главы государств подписали Договор о вечном добрососедстве, дружбе и сотрудничестве между Кыргызской Республикой и Китайской Народной Республикой, а также Cовместную декларацию Кыргызской Республики и Китайской Народной Республики о высококачественном развитии всеобъемлющего стратегического партнерства в новую эпоху. Кроме этого состоялась церемония обмена следующими документам:

  4. edited

    🇰🇬🇨🇳Президент Садыр Жапаров КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун башында Садыр Жапаров Кытай лидерин кыргыз жергесинде жылуу тосуп алып, анын сапары Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы өткөрулгөн күнгө туш келгенин өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле КЭРдин Тибет автономиялуу районунда сел жүрүп, адам курмандыктары болгондугуна байланыштуу Си Цзиньпинге жана кытай элине жеке өзү терең кайгыруу менен көңүл айтты. Президент Кыргызстан Кытай менен көп кылымдык достук, ынак коңшулук жана өз ара ишеним мамилелерин мындан ары да чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи. “Кыска тарыхый мезгилдин ичинде биздин алакалар жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти жана бүгүнкү күндө тарыхый жактан эң жогорку деңгээлде турат. Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы “алтын мезгилине” кадам таштады деп ишенимдүү түрдө айта алам”, - деп белгиледи Садыр Жапаров. Президент Си Цзиньпинди жана жалпы кытай элин Кытай Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы менен куттуктады. https://president.kg/kg/news/21/40712 *** 🇰🇬🇨🇳Президент Садыр Жапаров провел переговоры с Председателем КНР Си Цзиньпином Сегодня, 31 августа, в Бишкеке состоялись переговоры Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с Председателем Китайской Народной Республики Си Цзиньпином, прибывшим в Кыргызстан с государственным визитом. В начале встречи Садыр Жапаров тепло приветствовал лидера Китая на кыргызской земле, особо отметив символичность его визита в день празднования 35-летия независимости Кыргызской Республики. Глава государства также лично выразил глубокие соболезнования Си Цзиньпину и китайскому народу в связи с человеческими жертвами в результате схода селя в Тибетском автономном районе КНР. Президент подчеркнул особое значение, которое Кыргызстан придает дальнейшему укреплению многовековых отношений дружбы, добрососедства и взаимного доверия с Китаем. «За короткий исторический период наши отношения достигли уровня всеобъемлющего стратегического партнерства в новую эпоху и сегодня находятся на исторически высоком уровне. С уверенностью могу сказать, что сотрудничество между нашими странами вступило в новый “золотой период” своего развития», — подчеркнул Садыр Жапаров. Президент поздравил Си Цзиньпина и весь китайский народ со 105-летием со дня основания Коммунистической партии Китая. https://president.kg/ru/news/21/40712

  5. edited

    🎥Видео: КЭР Төрагасы Си Цзиньпин: “Мен кайрадан Кыргызстанга келип, өлкөңүздүн жаркын жетишкендиктерине жана кыргыз коомунун динамикалык өнүгүүсүнө жеке өзүм күбө болдум” **** 🎥Видео: Председатель КНР Си Цзиньпин: «Я вновь нахожусь в Кыргызстане и лично убедился в ярких достижениях вашей страны и динамичном развитии кыргызского общества»

  6. edited

    🎥Видео: Президент Садыр Жапаров: "Кыргызстан Кытай менен кылымдардан бери келе жаткан достук жана ынак коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө өзгөчө маани берет" **** 🎥Видео: Президент Садыр Жапаров: «Кыргызстан придает большое значение укреплению многовековых отношений дружбы и добрососедства с Китаем»

  7. 🎥Видео: Президент Садыр Жапаров менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү **** 🎥Видео: Состоялась церемония официальной встречи Президента Садыра Жапарова и Председателя КНР Си Цзиньпина

  8. edited

    🇰🇬🇨🇳 Президент Садыр Жапаров менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. “Ынтымак Ордо» имаратынын алдында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик желектери илинген. Ардак кароол тизилип, кызыл килемдер төшөлгөн. Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинди жана КЭРдин Биринчи айымы Пэн Лиюанды тосуп алышты. Өз ара саламдашуу жана Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң мамлекет башчылары Ардак кароол ротасын кыдырып өтүп, тууга таазим кылышты. КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин ротага кайрылып: “Салам, аскер!” - деп саламдашты. Андан кийин лидерлер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып, Ардак кароол ротасынын салтанаттуу жүрүшүн көрүштү. Азем аяктагандан кийин мамлекет башчылары жана биринчи айымдар биргелешип сүрөткө түшүү үчүн “Ынтымак Ордо” имаратына бет алышты. Андан соң Президент Садыр Жапаров менен КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жыйындар залына киришти. **** 🇰🇬🇨🇳 Состоялась церемония официальной встречи Президента Садыра Жапарова и Председателя КНР Си Цзиньпина Сегодня, 31 августа, в г. Бишкек состоялась церемония официальной встречи Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и Председателя Китайской Народной Республики Си Цзиньпина. Перед зданием «Ынтымак Ордо» вывешены государственные флаги Кыргызской Республики и Китайской Народной Республики. Выстроен Почетный караул, расстелены ковровые дорожки. Президент Садыр Жапаров и Первая леди Айгуль Жапарова встретили Председателя КНР Си Цзиньпина и Первую леди КНР Пэн Лиюань. После взаимных приветствий и рапорта командира роты Почетного караула прозвучали государственные гимны. Далее главы государств совершили обход роты Почетного караула и выразили почтение знамени. Председатель КНР Си Цзиньпин, обратившись к роте, произнес приветственную фразу: «Салам аскер!». После чего лидеры представили членов своих официальных делегаций и наблюдали за торжественным маршем роты Почетного караула. По завершении церемонии главы государств и первые леди направились в здание «Ынтымак Ордо» для совместного фотографирования. Затем Президент Садыр Жапаров и Председатель КНР Си Цзиньпин прошли в зал для проведения переговоров.

  9. edited

    🔹Руководители ряда международных организаций поздравили Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Руководители ряда международных организаций поздравили Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости Кыргызской Республики. «За 35 лет независимости и особенно, в последние годы Кыргызстан достиг впечатляющих успехов во всех сферах общественно-политической, социально-экономической и культурной жизни. Кыргызская Республика играет активную роль в решении многих актуальных вопросов международной повестки дня» - говорится в телеграмме Генерального секретаря Шанхайской организации сотрудничества Нурлан Ермекбаев. «За годы независимости Кыргызская Республика внесла значимый вклад в укрепление мира, стабильности и сотрудничества в Центральной Азии. Последовательная приверженность страны принципам добрососедства, диалога и мирного урегулирования вопросов, представляющих взаимный интерес, стала важным фактором укрепления регионального доверия и взаимодействия. Урегулирование пограничных вопросов с соседними государствами, включая заключение важных соглашений с Таджикистаном и Узбекистаном, создает дополнительные условия приграничного сотрудничества и укрепления регионального мира», - говорится в послании Специального представителя Генерального секретаря ООН по Центральной Азии и главой Регионального центра ООН по превентивной дипломатии для Центральной Азии является Каха Имнадзе. «Значительные изменения происходят и в международном позиционировании Кыргызской Республики, которая системно укрепляет свои позиции на международной арене, становясь востребованным участником региональных и международных процессов. Со своей стороны, Секретариат формата «Центральная Азия -Китай» и впредь будет всемерно содействовать углублению традиционной дружбы и расширению взаимовыгодного сотрудничества между нашими народами, - отметил в своем поздравлении Генеральный секретарь формата «Центральная Азия - Китай» Сунь Вэйдун. Генеральный директор Продовольственной и сельскохозяйственной Организации Объединенных Наций (ФАО) Цюй Дунъюй поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости. «По случаю вашего национального праздника позвольте выразить наилучшие пожелания от имени Продовольственной и сельскохозяйственной организации Объединенных Наций и от себя лично — здоровья и счастья. Желаю народу вашей страны мира и процветания», - говорится в поздравлении.

  10. edited

    🔹Бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты Бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. “Эгемендүүлүктүн 35 жылында, айрыкча акыркы жылдары Кыргызстан коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмуштун бардык тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Кыргыз Республикасы эл аралык күн тартибиндеги көптөгөн актуалдуу маселелерди чечүүдө жигердүү роль ойнойт”, - деп айтылат Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаевдин телеграммасында. “Эгемендүүлүк жылдарында Кыргыз Республикасы Борбордук Азияда тынчтыкты, туруктуулукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө олуттуу салым кошту. Өлкөнүн ынак коңшулук, диалог жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуу принциптерине туруктуу кармануусу аймактагы өз ара ишенимди жана кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү фактору болуп калды. Коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелеринин жөнгө салынышы, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен маанилүү келишимдердин түзүлүшү чек ара аймактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана аймактык тынчтыкты бекемдөөгө кошумча шарттарды түзүүдө”, - деп айтылат БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун жетекчиси Каха Имнадзенин билдирүүсүндө. “Кыргыз Республикасынын эл аралык позициясында да олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат, ал системалуу түрдө эл аралык аренада өз ордун бекемдеп, аймактык жана эл аралык процесстердин суроо-талапка ээ катышуучусуна айланууда. Өз кезегинде “Борбордук Азия - Кытай” форматынын Катчылыгы мындан ары да элдерибиздин ортосундагы салттуу достукту тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтөт”, - деп белгиледи “Борбордук Азия - Кытай” форматынын Башкы катчысы Сунь Вэйдун өзүнүн куттуктоосунда. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Улуттук майрамыңыздарга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге чың ден соолук жана бакыт-таалай каалоого уруксат этиңиз. Өлкөңүздөрдүн элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоодо.

  11. 🔹АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Брайан Маст Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Брайан Маст Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “1991-жылдан бери Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолун тандап, мамлекеттик институттарын чыңдап, аймактык жана дүйнөлүк маселелердеги ролун кеңейтип, Америка Кошмо Штаттары менен өнөктөштүгүн бекемдеп келе жатат. Биз эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле жана дипломатия, экономика жана коопсуздук тармактарында түзүлгөн кызматташтык менен сыймыктанабыз. Кыргыз Республикасы келечекке багыт алып жаткан учурда АКШ Конгресси өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштарды мындан ары бекемдөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана жалпы Борбор Азия аймагынын эгемендүүлүгүн, өнүгүүсүн жана көз карандысыздыгын чыңдоого колдоо көрсөтүүгө умтулуусун сактайт. Ушул маанилүү датага байланыштуу Кыргыз Республикасынын элине мындан аркы тынчтык жана бакубатчылыкты каалаган чын жүрөктөн чыккан тилектерибизди кабыл алыңыздар”, - деп белгиледи Брайан Маст. ** 🔹Председатель Комитета по международным делам Палаты представителей Конгресса США Брайан Маст поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Председатель Комитета по международным делам Палаты представителей Конгресса США Брайан Маст поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости Кыргызской Республики. «С 1991 года Кыргызская Республика идет своим собственным путем в качестве суверенного государства, развивая государственные институты, расширяя свою роль в региональных и глобальных делах и укрепляя партнерство с Соединенными Штатами. Мы гордимся дружбой между нашими двумя странами и сотрудничеством, которое мы выстроили в дипломатической, экономической сферах и в области безопасности. По мере того как Кыргызская Республика смотрит в будущее, Конгресс США сохраняет приверженность укреплению связей между нашими странами и поддержке дальнейшего укрепления суверенитета, процветания и независимости Кыргызской Республики, а также всего региона Центральной Азии. По случаю этой знаменательной даты примите наши искренние пожелания дальнейшего мира и процветания народу Кыргызской Республики», - подчеркнул Брайан Маст.

  12. 🔹Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудес Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудес Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө даяр экенибизди ырастоо менен Эгемендүүлүк күнүңүздөргө карата Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жолдойм”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда. ** 🔹Президент Кубы Мигель Диас-Канель Бермудес поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Республики Куба Мигель Диас-Канель Бермудес поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости Кыргызской Республики. «Передаю Вам самые сердечные поздравления по случаю Дня независимости, одновременно подтверждая нашу готовность укреплять и расширять отношения дружбы и сотрудничества между нашими странами», - говорится в поздравлении.

  13. edited

    🔹Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббас Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Палестина Мамлекетинин Президенти, Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун Аткаруу комитетинин Төрагасы Махмуд Аббас Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Жүрөккө жакын бул улуттук майрамды Сиздер менен тең бөлүшүп, эки элди байланыштырып турган өз ара урмат-сыйга жана бир туугандык мамилелерге сыймыктанарыбызды билдиребиз. Ошондой эле элибиздин эркиндикке жана көз карандысыздыкка болгон мыйзамдуу укуктарын колдогон Кыргызстандын позициясын жогору баалап, жалпы кызыкчылыктарыбыздын алкагында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө умтулабыз. Сизге болгон терең урматымды жана жогорку ыраазычылыгымды кабыл алыңыз”, - деп айтылат куттуктоодо. **** 🔹Президент Государства Палестина Махмуд Аббас поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Президент Государства Палестина, Председатель Исполнительного комитета Организации освобождения Палестины Махмуд Аббас поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости Кыргызской Республики. «Разделяя с Вами радость празднования этого дорогого сердцу национального праздника, выражаем нашу гордость отношениями уважения и братства, связывающими наши два народа, а также наше стремление развивать сотрудничество между нашими двумя странами во достижения общих интересов, высоко ценя позицию Кыргызстана поддерживающую законные права нашего народа на свободу независимость – примите уверения в моем глубочайшем уважении и высокой признательности», - говорится в поздравлении.

  14. edited

    🔹Рим Папасы Лео XIV жана Архиепископ Жордж Панамтундил Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады Рим Папасы Лео XIV жана Архиепископ Жордж Панамтундил Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Жараткандан Сиздин өлкөнүн элин мындан ары да жалпы жыргалчылыкка умтулган тынчтыктын жарчысы болууга шыктандыруусун тилек кылам. Сиздин Улуу Даражаңызга, бардык мамлекеттик бийлик органдарына жана жалпы жарандарыңызга чын дилден менен Кудайдын берекесин тилейм”, - деп айтылат Лео XIV куттуктоо кайрылуусунда. Рим Папасынын куттуктоосуна Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан боюнча Архиепископ, апостолдук нунций (Ватикан элчиси) Жорж Панамтундил кошулду. “Улуу мартабалуу Сизди жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктап, Кыргыз Республикасына мындан ары да тынчтык, өнүгүү жана бакубатчылык, ал эми жалпы кыргыз элине бакыт-таалай каалайм. Алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде ийгиликтүү өтүп, Кыргызстандын бай маданий мурасын дүйнөгө таанытууга, ошондой эле элдердин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өбөлгө болсун”, - деп белгиленет Архиепископтун куттуктоо телеграммасында. **** 🔹Папа римский Лев XIV и Архиепископ Джордж Панамтундил поздравили Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Папа римский Лев XIV и Архиепископ Джордж Панамтундил поздравили Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Кыргызской Республики. «Молю Всевышнего вдохновить народ Вашей страны и впредь быть творцами мира, преданными общему благу. Я радостно призываю Божественные благословения на Ваше Превосходительство, все государственные власти и всех Ваших граждан», - говорится в послании Льва XIV. К поздравлениям Папы римского присоединился Архиепископ, апостольский нунций (посол Ватикана) в Кыргызстане, Казахстане и Таджикистане Джордж Панамтундил. «Выражаю Вашему Превосходительству мои личные поздравления и искренние пожелания дальнейшего мира, процветания и благоденствия Кыргызской Республике, а также счастья всему ее народу. Желаю, чтобы предстоящие Всемирные игры кочевников увенчались полным успехом и способствовали прославлению богатого культурного наследия Кыргызстана, одновременно содействуя укреплению дружбы, взаимопонимания и сотрудничества между народами», - отмечается в телеграмме с поздравлениями Архиепископа.

  15. Older posts