Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.1K avg views
Posting 9.4/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Брайан Маст Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Брайан Маст Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “1991-жылдан бери Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолун тандап, мамлекеттик институттарын чыңдап, аймактык жана дүйнөлүк маселелердеги ролун кеңейтип, Америка Кошмо Штаттары менен өнөктөштүгүн бекемдеп келе жатат. Биз эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле жана дипломатия, экономика жана коопсуздук тармактарында түзүлгөн кызматташтык менен сыймыктанабыз. Кыргыз Республикасы келечекке багыт алып жаткан учурда АКШ Конгресси өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштарды мындан ары бекемдөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана жалпы Борбор Азия аймагынын эгемендүүлүгүн, өнүгүүсүн жана көз карандысыздыгын чыңдоого колдоо көрсөтүүгө умтулуусун сактайт. Ушул маанилүү датага байланыштуу Кыргыз Республикасынын элине мындан аркы тынчтык жана бакубатчылыкты каалаган чын жүрөктөн чыккан тилектерибизди кабыл алыңыздар”, - деп белгиледи Брайан Маст. ** 🔹Председатель Комитета по международным делам Палаты представителей Конгресса США Брайан Маст поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости Председатель Комитета по международным делам Палаты представителей Конгресса США Брайан Маст поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана по случаю Дня независимости Кыргызской Республики. «С 1991 года Кыргызская Республика идет своим собственным путем в качестве суверенного государства, развивая государственные институты, расширяя свою роль в региональных и глобальных делах и укрепляя партнерство с Соединенными Штатами. Мы гордимся дружбой между нашими двумя странами и сотрудничеством, которое мы выстроили в дипломатической, экономической сферах и в области безопасности. По мере того как Кыргызская Республика смотрит в будущее, Конгресс США сохраняет приверженность укреплению связей между нашими странами и поддержке дальнейшего укрепления суверенитета, процветания и независимости Кыргызской Республики, а также всего региона Центральной Азии. По случаю этой знаменательной даты примите наши искренние пожелания дальнейшего мира и процветания народу Кыргызской Республики», - подчеркнул Брайан Маст.

Views over time

05001K31 Aug 03:1511 Nov 05:031.1K31 Aug 03:15: 0 views11 Nov 05:03: 1,130 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
31 Aug 2026, 03:150
11 Nov 2026, 05:031.1K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.