Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.1K avg views
Posting 9.4/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0
edited

🔹Бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты Бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. “Эгемендүүлүктүн 35 жылында, айрыкча акыркы жылдары Кыргызстан коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмуштун бардык тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Кыргыз Республикасы эл аралык күн тартибиндеги көптөгөн актуалдуу маселелерди чечүүдө жигердүү роль ойнойт”, - деп айтылат Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаевдин телеграммасында. “Эгемендүүлүк жылдарында Кыргыз Республикасы Борбордук Азияда тынчтыкты, туруктуулукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө олуттуу салым кошту. Өлкөнүн ынак коңшулук, диалог жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуу принциптерине туруктуу кармануусу аймактагы өз ара ишенимди жана кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү фактору болуп калды. Коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелеринин жөнгө салынышы, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен маанилүү келишимдердин түзүлүшү чек ара аймактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана аймактык тынчтыкты бекемдөөгө кошумча шарттарды түзүүдө”, - деп айтылат БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун жетекчиси Каха Имнадзенин билдирүүсүндө. “Кыргыз Республикасынын эл аралык позициясында да олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат, ал системалуу түрдө эл аралык аренада өз ордун бекемдеп, аймактык жана эл аралык процесстердин суроо-талапка ээ катышуучусуна айланууда. Өз кезегинде “Борбордук Азия - Кытай” форматынын Катчылыгы мындан ары да элдерибиздин ортосундагы салттуу достукту тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтөт”, - деп белгиледи “Борбордук Азия - Кытай” форматынын Башкы катчысы Сунь Вэйдун өзүнүн куттуктоосунда. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Улуттук майрамыңыздарга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге чың ден соолук жана бакыт-таалай каалоого уруксат этиңиз. Өлкөңүздөрдүн элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоодо.

Views over time

05001K1.5K31 Aug 03:1811 Nov 05:031.2K31 Aug 03:18: 0 views11 Nov 05:03: 1,200 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
31 Aug 2026, 03:180
11 Nov 2026, 05:031.2K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.