


+1
КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР



+1



+6



+6



+6
🔹 Президент Садыр Жапаров: Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики, жамы журттуку! Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарындагы “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. “Ырыс-Ордо” имаратына келгенде Мамлекет башчысын ардактуу кароол ротасы тосуп алды. https://president.kg/kg/news/21/40668 **** 🔹 Президент Садыр Жапаров на открытии «Ырыс-Ордо»: Новый Кыргызстан, который мы строим, не принадлежит одному человеку или одной власти— он принадлежит всему народу! Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 августа, принял участие в торжественном открытии государственного конгресс-центра «Ырыс-Ордо» в Бишкеке. По прибытии к зданию «Ырыс-Ордо» Главу государства приветствовала рота почетного караула. https://president.kg/ru/news/21/40668
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров «Ырыс-Ордо» конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты **** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров принял участие в открытии конгресс-центра «Ырыс-Ордо»
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров «Ырыс-Ордо» борборунун ачылышында: Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики **** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров на открытии «Ырыс-Ордо»: Новый Кыргызстан, который мы строим, не принадлежит одному человеку или одной власти — он принадлежит всему народу
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров жаңыланган “Ак-Кеме” мейманканасын ачты **** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров открыл отель «Ак-Кеме» после его реконструкции



+3



+6



+6
🔹 Президент Садыр Жапаров открыл отель «Ак-Кеме» после его реконструкции Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 августа, в г. Бишкек принял участие в церемонии открытия отеля «Ак-Кеме» после его реконструкции. В начале мероприятия гостям продемонстрировали видеоролик о проведенной работе и обновленные мощности гостиничного комплекса. Далее, выступая с речью, Садыр Жапаров отметил, что за 35 лет независимости в столице было построено немало значимых объектов, отличающихся особым архитектурным обликом. Один из них - отель «Ак-Кеме». В этом здании всегда принимали иностранных гостей, проводили международные встречи и мероприятия. С ним связано множество важных событий в истории развития нашей страны. «К сожалению, отель, получивший символичное название «Ак-Кеме», со временем остался без должного внимания и фактически пришел в запустение. В сложившейся ситуации перед нами было два пути: первый - закрыть глаза на то, как подобные объекты постепенно разрушаются, второй - найти эффективное решение по управлению, привлечь инвестиции и превратить его в современный комплекс, вновь служащий народу и государству. Разумеется, мы выбрали второй путь», - сказал Садыр Жапаров.
🔹 Президент Садыр Жапаров жаңыланган “Ак-Кеме” мейманканасын ачты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, “Ак-Кеме” мейманканасынын реконструкциядан кийинки ачылыш аземине катышты. Иш-чаранын башында конокторго жүргүзүлгөн иштер тууралуу видеоролик жана мейманкана комплексинин жаңыланган мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жыл аралыгында борбор калаада өзгөчө архитектуралык көрүнүшү менен айырмаланган көптөгөн маанилүү объектилер курулганын белгиледи. Алардын бири – “Ак-Кеме” мейманканасы. Бул имаратта чет өлкөлөрдөн келген коноктор тосулуп, эл аралык жолугушуулар, иш-чаралар өткөрүлүп, өлкөбүздүн өнүгүү тарыхында көптөгөн окуялар жүз берген. “Тилекке каршы, илгери үмүт менен “Ак-Кеме” деп аталган бул мейманкана мезгилдин өтүшү менен каралбай, дээрлик иштебей турган абалга келген. Мындай шартта биздин алдыбызда эки жол турган эле: биринчиси, ушул сындуу объектилердин акырындык менен жараксыз абалга келишине көз жуумп коюу, ал эми экинчиси, аларды натыйжалуу башкаруунун жолун таап, инвестиция тартып, кайрадан элге жана мамлекетке кызмат кылган заманбап объектиге айландыруу. Биз, албетте, экинчи жолду тандадык”, - деди Садыр Жапаров.
🔹 Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди Курултай депутаттарын шайлоонун өткөрүлүшү менен куттуктады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин Казакстан Республикасынын Курултай депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады. “Жарандардын эркин билдирүүсүнүн жыйынтыгында түзүлгөн Курултай Казакстан Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, укуктук жана коомдук-саясий институттарды өркүндөтүүгө, ошондой эле өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга олуттуу салым кошот деп терең ишенем. Сиздин жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан ырааттуу реформалар мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына, элдердин бакубаттуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө кызмат кыларын канааттануу менен белгилейм. Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да ырааттуу бекемделип, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы, ошондой эле бүткүл Борбордук Азиядагы тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн жаңы мазмун менен толуктала берет деп ишеним артам. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, - деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында. **** 🔹 Президент Садыр Жапаров поздравил Президента Казахстана Касым-Жомарта Токаева с проведением выборов депутатов Курултая Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров поздравил Президента Республики Казахстан Касым-Жомарта Токаева и братский казахский народ с успешным проведением выборов депутатов Курултая Республики Казахстан. «Глубоко уверен, что Курултай, сформированный по итогам свободного волеизъявления граждан, внесет значительный вклад в укрепление государственности Республики Казахстан, совершенствование правовых и общественно-политических институтов, а также в обеспечение устойчивого социально-экономического развития страны. С удовлетворением отмечаю, что последовательные реформы, проводимые под Вашим руководством, служат долгосрочным интересам государства, повышению благосостояния народа и дальнейшему процветанию страны. Выражаю надежду, что кыргызско-казахские отношения стратегического партнерства и союзничества будут и впредь последовательно укрепляться, наполняясь новым содержанием во благо народов двух стран, а также в интересах обеспечения мира, стабильности и развития во всей Центральной Азии. Желаю Вам крепкого здоровья, благополучия и успехов в Вашей государственной деятельности, а братскому народу Казахстана - мира и процветания», - говорится в поздравительном послании Президента Садыра Жапарова.



+6
🔹 Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыктын жүрүшү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта, “Бишкек Арена” стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагында жайгашкан негизги объектилерди, анын ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборун көрүп чыкты. Даярдык иштеринин жүрүшүндө ачылыш аземин уюштурууга жана алдыдагы иш-чаранын катышуучулары менен коноктору үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Оюндардын ачылышына даярдыктын алкагында Мамлекет башчысына алдыдагы ачылыш аземдин айрым бөлүктөрү да көрсөтүлдү. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Мелдештерге ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортчулар катышып, спорттун салттуу түрлөрү жана этномаданий дисциплиналар боюнча күч сынашат. ***** 🔹 Президент Садыр Жапаров ознакомился с ходом подготовки к открытию Всемирных игр кочевников Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 августа, ознакомился с ходом подготовки к церемонии открытия VI Всемирных игр кочевников на стадионе «Бишкек Арена». Глава государства ознакомился с инфраструктурой стадиона, осмотрел основные объекты, расположенные на его территории, в том числе торговый центр, который является одной из ключевых общественных зон комплекса. Особое внимание в ходе подготовки уделяется организации церемонии открытия и обеспечению необходимых условий для участников и гостей предстоящего мероприятия. В рамках подготовки к открытию Игр Главе государства также продемонстрировали фрагменты предстоящей церемонии. Всемирные игры кочевников пройдут в Кыргызстане с 31 августа по 6 сентября. В соревнованиях примут участие спортсмены из разных стран, которые будут состязаться в традиционных видах спорта и этнокультурных дисциплинах.



+5



+2