Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.1K avg views
Posting 9.4/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹 Президент Садыр Жапаров жаңыланган “Ак-Кеме” мейманканасын ачты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, “Ак-Кеме” мейманканасынын реконструкциядан кийинки ачылыш аземине катышты. Иш-чаранын башында конокторго жүргүзүлгөн иштер тууралуу видеоролик жана мейманкана комплексинин жаңыланган мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жыл аралыгында борбор калаада өзгөчө архитектуралык көрүнүшү менен айырмаланган көптөгөн маанилүү объектилер курулганын белгиледи. Алардын бири – “Ак-Кеме” мейманканасы. Бул имаратта чет өлкөлөрдөн келген коноктор тосулуп, эл аралык жолугушуулар, иш-чаралар өткөрүлүп, өлкөбүздүн өнүгүү тарыхында көптөгөн окуялар жүз берген. “Тилекке каршы, илгери үмүт менен “Ак-Кеме” деп аталган бул мейманкана мезгилдин өтүшү менен каралбай, дээрлик иштебей турган абалга келген. Мындай шартта биздин алдыбызда эки жол турган эле: биринчиси, ушул сындуу объектилердин акырындык менен жараксыз абалга келишине көз жуумп коюу, ал эми экинчиси, аларды натыйжалуу башкаруунун жолун таап, инвестиция тартып, кайрадан элге жана мамлекетке кызмат кылган заманбап объектиге айландыруу. Биз, албетте, экинчи жолду тандадык”, - деди Садыр Жапаров.

Views over time

05001K1.5K2K24 Aug 05:4211 Nov 05:031.7K24 Aug 05:42: 0 views11 Nov 05:03: 1,740 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
24 Aug 2026, 05:420
11 Nov 2026, 05:031.7K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.