🔹 Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыктын жүрүшү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта, “Бишкек Арена” стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагында жайгашкан негизги объектилерди, анын ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборун көрүп чыкты. Даярдык иштеринин жүрүшүндө ачылыш аземин уюштурууга жана алдыдагы иш-чаранын катышуучулары менен коноктору үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Оюндардын ачылышына даярдыктын алкагында Мамлекет башчысына алдыдагы ачылыш аземдин айрым бөлүктөрү да көрсөтүлдү. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Мелдештерге ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортчулар катышып, спорттун салттуу түрлөрү жана этномаданий дисциплиналар боюнча күч сынашат. ***** 🔹 Президент Садыр Жапаров ознакомился с ходом подготовки к открытию Всемирных игр кочевников Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 августа, ознакомился с ходом подготовки к церемонии открытия VI Всемирных игр кочевников на стадионе «Бишкек Арена». Глава государства ознакомился с инфраструктурой стадиона, осмотрел основные объекты, расположенные на его территории, в том числе торговый центр, который является одной из ключевых общественных зон комплекса. Особое внимание в ходе подготовки уделяется организации церемонии открытия и обеспечению необходимых условий для участников и гостей предстоящего мероприятия. В рамках подготовки к открытию Игр Главе государства также продемонстрировали фрагменты предстоящей церемонии. Всемирные игры кочевников пройдут в Кыргызстане с 31 августа по 6 сентября. В соревнованиях примут участие спортсмены из разных стран, которые будут состязаться в традиционных видах спорта и этнокультурных дисциплинах.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 22 Aug 2026, 16:35 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 2.1K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.