Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.1K avg views
Posting 9.4/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹 Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди Курултай депутаттарын шайлоонун өткөрүлүшү менен куттуктады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин Казакстан Республикасынын Курултай депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады. “Жарандардын эркин билдирүүсүнүн жыйынтыгында түзүлгөн Курултай Казакстан Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, укуктук жана коомдук-саясий институттарды өркүндөтүүгө, ошондой эле өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга олуттуу салым кошот деп терең ишенем. Сиздин жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан ырааттуу реформалар мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына, элдердин бакубаттуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө кызмат кыларын канааттануу менен белгилейм. Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да ырааттуу бекемделип, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы, ошондой эле бүткүл Борбордук Азиядагы тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн жаңы мазмун менен толуктала берет деп ишеним артам. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, - деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында. **** 🔹 Президент Садыр Жапаров поздравил Президента Казахстана Касым-Жомарта Токаева с проведением выборов депутатов Курултая Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров поздравил Президента Республики Казахстан Касым-Жомарта Токаева и братский казахский народ с успешным проведением выборов депутатов Курултая Республики Казахстан. «Глубоко уверен, что Курултай, сформированный по итогам свободного волеизъявления граждан, внесет значительный вклад в укрепление государственности Республики Казахстан, совершенствование правовых и общественно-политических институтов, а также в обеспечение устойчивого социально-экономического развития страны. С удовлетворением отмечаю, что последовательные реформы, проводимые под Вашим руководством, служат долгосрочным интересам государства, повышению благосостояния народа и дальнейшему процветанию страны. Выражаю надежду, что кыргызско-казахские отношения стратегического партнерства и союзничества будут и впредь последовательно укрепляться, наполняясь новым содержанием во благо народов двух стран, а также в интересах обеспечения мира, стабильности и развития во всей Центральной Азии. Желаю Вам крепкого здоровья, благополучия и успехов в Вашей государственной деятельности, а братскому народу Казахстана - мира и процветания», - говорится в поздравительном послании Президента Садыра Жапарова.

Views over time

01K2K3K23 Aug 15:1511 Nov 05:032.6K23 Aug 15:15: 0 views11 Nov 05:03: 2,600 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
23 Aug 2026, 15:150
11 Nov 2026, 05:032.6K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)