Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Официальный канал МВД КР

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 21 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍
  1. Кырчын жайлоосунда жарандар милициянын кызматын жогору баалашты Кырчын жайлоосунда жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, анда алар милиция кызматкерлеринин иши тууралуу өз пикирлерин билдиришти. Сурамжылоого катышкан жарандар милиция кызматкерлеринин ырааттуу жана жоопкерчиликтүү ишин белгилешип, аба ырайынын ар кандай шарттарына карабастан, коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздап жатканын айтышты. Жарандар милиция кызматкерлерине кызмат өтөөдөгү жоопкерчиликтүү мамилеси жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти. ИИМдин Басма сөз кызматы

  2. Сотрудники МВД продолжают нести службу на Ипподроме В рамках мероприятий, проходящих на Ипподроме, в связи с большим скоплением граждан сотрудники Медицинского управления и Полка специального назначения МВД продолжают нести службу в усиленном режиме. В местах проведения мероприятия возникают различные ситуации и в случаях, когда некоторые граждане чувствуют себя плохо, медицинские сотрудники оказывают им первую медицинскую помощь непосредственно на месте, а при необходимости организуют дальнейшее оказание необходимой помощи. Медицинские работники осуществляют контроль за состоянием здоровья и безопасностью граждан и готовы своевременно оказать необходимую помощь. Сотрудники Полка специального назначения обеспечивают охрану общественного порядка, безопасность передвижения людей и содействуют тому, чтобы мероприятие проходило спокойно и безопасно. Пресс-служба МВД

  3. Ипподромдо ИИМ кызматкерлери кызмат өтөөнү улантууда Ипподромдо өтүп жаткан иш-чаралардын алкагында жарандардын көп чогулушуна байланыштуу ИИМдин Медициналык башкармалыгынын жана Атайын багыттагы полктун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Иш-чарага келген адамдардын арасында ар кандай кырдаалдар жаралып, айрым жарандар өздөрүн начар сезип жаткан учурларда медициналык кызматкерлер аларга жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүп, зарыл болгон учурда тиешелүү жардамды уюштурууда. Медициналык кызматкерлер жарандардын ден соолугуна жана коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүп, зарыл жардамды өз убагында көрсөтүүгө даяр турушат. Ал эми Атайын багыттагы полктун кызматкерлери коомдук тартипти сактоо, адамдардын коопсуз кыймылын камсыз кылуу жана иш-чаранын тынч жана коопсуз өтүшүнө көмөктөшүүдө. ИИМдин Басма сөз кызматы

  4. ИИМ Көк бөрү жана Көкпар оюндарынын финалдык беттештеринде коопсуздукту камсыздады 🔹🔹🔹 МВД обеспечило безопасность финальных состязаний по Көк бөрү и Көк пар

  5. +6

    🔈Безопасность в режиме реального времени: МВД усиливает цифровой контроль на ВИК 📣Заместители министра внутренних дел Кыргызской Республики генерал-майор милиции Октябрь Урмамбетов и генерал-майор милиции Суюнбек Ниязбеков проверили организацию работы подразделений, задействованных в обеспечении безопасности во время VI Всемирных игр кочевников. 📎Особое внимание уделено применению цифровых технологий в обеспечении безопасности - работе систем видеонаблюдения, мониторингу оперативной обстановки и контролю за движением транспортных потоков. Получаемая информация позволяет своевременно оценивать ситуацию и оперативно реагировать на ее изменения. 📌Руководители задействованных подразделений доложили о текущей обстановке и организации несения службы. Также проверено взаимодействие служб и готовность сотрудников к оперативному реагированию. 📎Органы внутренних дел продолжают нести службу в усиленном режиме, обеспечивая общественный порядок и безопасность участников и гостей Игр. Пресс-служба МВД КР

  6. edited

    🔈Коопсуздук ыкчам көзөмөл режиминде: ИИМ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда санариптик көзөмөлдү күчөтүүдө 📣Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоого тартылган бөлүмдөрдүн ишин уюштурууну текшеришти. 📎Коопсуздукту камсыздоодо санариптик технологияларды колдонууга - видеобайкоо системаларынын ишине, ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүүгө жана транспорт агымдарынын кыймылын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Алынган маалыматтар кырдаалга өз убагында баа берип, анын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет. 📌Тартылган бөлүмдөрдүн жетекчилери учурдагы кырдаал жана кызмат өтөөнү уюштуруу тууралуу баяндама беришти. Ошондой эле кызматтардын өз ара аракеттенүүсү жана кызматкерлердин ыкчам чара көрүүгө даярдыгы текшерилди. ИИМдин Басма сөз кызматы

  7. Кызматыбыз эл үчүн! Милицияга алкыш айткан туристтер. Жамгырда иштеген милиция кызматкерлери. ——————- Наша служба — для народа! Туристы благодарят милицию. Сотрудники милиции работают под дождём.

  8. +2

    Медицинское управление МВД на страже здоровья граждан в ущелье Кырчын В ущелье Кырчын, где проходят масштабные мероприятия, Медицинское управление МВД Кыргызской Республики принимает активное участие в обеспечении безопасности и охране здоровья граждан. Медицинские работники несут службу в усиленном режиме, оказывая необходимую помощь участникам мероприятий, гостям и сотрудникам правоохранительных органов. На территории организовано дежурство специалистов, готовых оперативно оказать помощь при необходимости. Особое внимание уделяется обращениям граждан и поддержанию постоянной готовности медицинских бригад. Медицинское управление МВД продолжает работу в усиленном режиме, обеспечивая необходимую помощь всем, кто в ней нуждается. Главная задача - сохранить здоровье и обеспечить безопасность и благополучие граждан. Пресс-служба МВД

  9. Кырчын жайлоосунда ИИМдин Медициналык башкармалыгы жарандардын саламаттыгын сактоодо Кырчын жайлоосунда ири иш-чаралар өтүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгы да жарандардын коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылууга өз салымын кошууда. ИИМдин медициналык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, иш-чараларга катышуучуларга, конокторго жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүүдө. Аймакта медициналык адистердин нөөмөтү уюштурулуп, зарыл болгон учурда биринчи медициналык жардамды ыкчам көрсөтүүгө даяр турушат. Жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп кайтарууга жана медициналык бригадалардын дайыма даяр абалда болушуна өзгөчө көңүл бурулууда. ИИМдин Медициналык башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте ишин улантып, жардамга муктаж болгон бардык жарандарга зарыл көмөк көрсөтүүдө. Негизги максат - жарандардын ден соолугун, коопсуздугун жана бейпилдигин камсыз кылуу. ИИМдин Басма сөз кызматы

  10. Безопасность участников и гостей ВИК: Октябрь Урмамбетов провел инструктивное совещание Заместитель министра внутренних дел Кыргызской Республики генерал-майор милиции Октябрь Урмамбетов провел инструктивное совещание с руководителями подразделений, задействованных в обеспечении общественного порядка и безопасности в период проведения VI Всемирных игр кочевников. В ходе совещания рассмотрены вопросы дальнейшего обеспечения безопасности участников соревнований, гостей и туристов, а также поддержания общественного порядка на объектах проведения спортивных и культурных мероприятий. Октябрь Урмамбетов отметил важность слаженного взаимодействия всех служб, внимательного отношения к гражданам и оперативного реагирования на возникающие ситуации. Работа по обеспечению безопасности участников и гостей Игр продолжается на всех объектах их проведения. Сотрудникам определены дальнейшие задачи с учетом текущей обстановки и особенностей проведения мероприятий. Особое внимание уделено готовности личного состава к оперативному реагированию и оказанию необходимой помощи гражданам. Главная задача сотрудников - обеспечить порядок и безопасность на местах проведения мероприятий, оперативно реагировать на обращения граждан и оказывать необходимую помощь участникам и гостям Игр. Пресс-служба МВД КР

  11. +6

    Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугу: Октябрь Урмамбетов нускама жыйынын өткөрдү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган бөлүмдөрдүн жетекчилерине нускама жыйынын өткөрдү. Жыйында мелдештерге катышуучулардын, коноктордун жана туристтердин коопсуздугун мындан ары да камсыз кылуу, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чаралар өтүп жаткан жайларда коомдук тартипти сактоо маселелери каралды. Октябрь Урмамбетов бардык кызматтардын өз ара тыгыз жана алгылыктуу иш алып баруусун, жарандарга көңүл буруу менен мамиле кылуу жана келип чыккан кырдаалдарга ыкчам чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Толук маалымат алуу үчүн: https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47201 ИИМдин Басма сөз кызматы

  12. 📣На ипподроме «Номад» сотрудник милиции оказал первую медицинскую помощь пострадавшей спортсменке из Казахстана 🔈В ходе VI Всемирных игр кочевников на ипподроме «Номад» спортсменка из Казахстана упала с лошади и потеряла сознание. На месте происшествия ей оперативно оказал первую медицинскую помощь фельдшер 3-го батальона Полка специального назначения МВД, старшина милиции Кадырмамат Самаган уулу. 📎После, пострадавшую передали специалистам мобильной медицинской службы и обеспечили её безопасность. 📌Благодаря оперативным и профессиональным действиям сотрудников милиции спортсменке своевременно была оказана необходимая медицинская помощь. Пресс-служба МВД

  13. 📣Номад ат майданында милиция кызматкери жабыркаган казакстандык спортчуга алгачкы медициналык жардам көрсөттү 🔈VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө Номад ат майданында аттан жыгылып, эс-учун жоготкон казакстандык спортчу кызга милиция кызматкери ыкчам түрдө алгачкы медициналык жардам көрсөттү. 👮🏻‍♂️Окуя болгон жерде ИИМдин Атайын багыттагы полктун 3-батальонунун фельдшери, милициянын старшинасы Кадырмамат Самаган уулу жабыркаган спортчуга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, анын абалын көзөмөлгө алды. 📎Мындан соң батальондун кызматкерлери спортчуну мобилдик медициналык кызматтын адистерине өткөрүп берип, анын коопсуздугун камсыз кылышты. 📌Милиция кызматкерлеринин ыкчам жана кесипкөй аракеттеринин аркасында жабыркаган спортчуга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлдү. ИИМдин Басма сөз кызматы

  14. +6

    Безопасность без языковых барьеров На VI Всемирных играх кочевников сотрудники Туристической милиции ГУВД города Бишкек помогают иностранным гостям не только чувствовать себя в безопасности, но и легко ориентироваться на месте. Сотрудники, владеющие иностранными языками, общаются с туристами, отвечают на их вопросы, помогают сориентироваться и оказывают необходимую помощь. Безопасность и гостеприимство - на понятном для каждого языке. Пресс-служба МВД

  15. Тилдик тоскоолдуксуз коопсуздук VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Бишкек шаардык ИИББнын Туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу менен гана чектелбестен, алардын жеринде эркин багыт алуусуна да көмөк көрсөтүүдө. Чет тилдерди билген кызматкерлер туристтер менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берип, багыт алууга жардам көрсөтүп, зарыл болгон учурда тиешелүү жардам көрсөтүшүүдө. Коопсуздук жана меймандостук - ар бир адамга түшүнүктүү тилде. ИИМдин Басма сөз кызматы

  16. +6

    Ички иштер министри Ипподромдо милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн текшерди Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков орун басарлары менен биргеликте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат оюндары өтүп жаткан Ипподромго барды. 🔹🔹🔹 Министр внутренних дел проверил несение службы сотрудниками милиции на Ипподроме В Иссык-Кульской области продолжаются VI Всемирные игры кочевников. Министр внутренних дел Кыргызской Республики, генерал-полковник милиции Улан Ниязбеков совместно со своими заместителями посетил Ипподром, где проходят конные состязания в рамках VI Всемирных игр кочевников. https://egov.kg/kg/ministry/interior/news/47197

  17. +6

    Улан Ниязбеков Кырчын жайлоосундагы милициянын иштерин текшерди Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков орун басарлары менен биргеликте коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин ишин текшерүү үчүн Кырчын жайлоосуна барды. 🔷🔷🔷 Улан Ниязбеков проверил организацию службы милиции в ущелье Кырчын В Иссык-Кульской области продолжаются VI Всемирные игры кочевников. Министр внутренних дел Кыргызской Республики, генерал-полковник милиции Улан Ниязбеков совместно со своими заместителями посетил ущелье Кырчын, где сотрудники милиции несут службу по охране общественного порядка. 🔷🔷🔷 https://share.google/qR1J70YsmrrawgHoE

  18. VI Всемирные игры кочевников координируются из «Ситуационного центра» В рамках цифровизации деятельности органов внутренних дел Кыргызской Республики в селе Бостери Иссык-Кульского района построено современное четырехэтажное поселковое отделение милиции, где функционирует ситуационный центр. Отсюда с помощью цифровых видеокамер осуществляется мониторинг обстановки в ходе VI Всемирных игр кочевников. ***************** https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47190

  19. +6

    VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары “Кырдаалдык борбордон” координацияланууда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн алкагында Ысык-Көл районунун Бостери айылында 4 кабаттан турган заманбап милициянын аймактык бөлүмчөсү курулуп, кырдаалдык борбору иштеп жатат. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүнө санарип видеокамералар аркылуу ушул жерден көзөмөл жүргүзүлүүдө. 🔹🔹 https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47190

  20. Older posts