Ипподромдо ИИМ кызматкерлери кызмат өтөөнү улантууда Ипподромдо өтүп жаткан иш-чаралардын алкагында жарандардын көп чогулушуна байланыштуу ИИМдин Медициналык башкармалыгынын жана Атайын багыттагы полктун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Иш-чарага келген адамдардын арасында ар кандай кырдаалдар жаралып, айрым жарандар өздөрүн начар сезип жаткан учурларда медициналык кызматкерлер аларга жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүп, зарыл болгон учурда тиешелүү жардамды уюштурууда. Медициналык кызматкерлер жарандардын ден соолугуна жана коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүп, зарыл жардамды өз убагында көрсөтүүгө даяр турушат. Ал эми Атайын багыттагы полктун кызматкерлери коомдук тартипти сактоо, адамдардын коопсуз кыймылын камсыз кылуу жана иш-чаранын тынч жана коопсуз өтүшүнө көмөктөшүүдө. ИИМдин Басма сөз кызматы
Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел
Subscribers
2.1K
−10 24h
Reach per post (ERR)
11.7%242 avg views
Posting
2.7/day
last 21 hours ago
Reactions per 1K views
1.7
❤ 👏 👍
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 6 Sep 2026, 11:51 | 0 |
| 13 Nov 2026, 14:20 | 183 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.