Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 21 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугу: Октябрь Урмамбетов нускама жыйынын өткөрдү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган бөлүмдөрдүн жетекчилерине нускама жыйынын өткөрдү. Жыйында мелдештерге катышуучулардын, коноктордун жана туристтердин коопсуздугун мындан ары да камсыз кылуу, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чаралар өтүп жаткан жайларда коомдук тартипти сактоо маселелери каралды. Октябрь Урмамбетов бардык кызматтардын өз ара тыгыз жана алгылыктуу иш алып баруусун, жарандарга көңүл буруу менен мамиле кылуу жана келип чыккан кырдаалдарга ыкчам чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Толук маалымат алуу үчүн: https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47201 ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

0501001505 Sep 09:2613 Nov 14:201445 Sep 09:26: 0 views13 Nov 14:20: 144 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
5 Sep 2026, 09:260
13 Nov 2026, 14:20144

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.