Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 21 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍
edited

🔈Коопсуздук ыкчам көзөмөл режиминде: ИИМ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда санариптик көзөмөлдү күчөтүүдө 📣Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоого тартылган бөлүмдөрдүн ишин уюштурууну текшеришти. 📎Коопсуздукту камсыздоодо санариптик технологияларды колдонууга - видеобайкоо системаларынын ишине, ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүүгө жана транспорт агымдарынын кыймылын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Алынган маалыматтар кырдаалга өз убагында баа берип, анын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет. 📌Тартылган бөлүмдөрдүн жетекчилери учурдагы кырдаал жана кызмат өтөөнү уюштуруу тууралуу баяндама беришти. Ошондой эле кызматтардын өз ара аракеттенүүсү жана кызматкерлердин ыкчам чара көрүүгө даярдыгы текшерилди. ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

0501001502005 Sep 16:4913 Nov 14:201765 Sep 16:49: 0 views13 Nov 14:20: 176 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
5 Sep 2026, 16:490
13 Nov 2026, 14:20176

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.