Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹 Президент Садыр Жапаров Юта штатындагы лыжа курортун масштабдуу кеңейтүү долбоору менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Юта штатындагы Deer Valley лыжа курортун масштабдуу кеңейтүү долбоору менен таанышты. Мамлекет башчысына Deer Valley курортунун концепциясы тааныштырылып, анда заманбап мейманкана, турак жай, спорттук жана туристтик инфраструктурасы бар, жыл бою иштей турган жаңы курорттук кластерди түзүү каралган. Тоолуу аймактарды комплекстүү пландаштырууга, заманбап архитектурага, алдыңкы мейманкана бренддерин жана жеке инвестицияларды тартууга, ошондой эле суу жана башка жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду. Президент ошондой эле жаратылыш ландшафтын сактоого жана курортко жыл бою конокторду кабыл алууга мүмкүндүк берген инфраструктураны түзүү боюнча ыкмалар менен таанышты. **** 🔹 Президент Садыр Жапаров ознакомился с проектом масштабного расширения горнолыжного курорта в Юте Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров в рамках рабочего визита в США ознакомился с проектом масштабного расширения горнолыжного курорта Deer Valley в штате Юта. Главе государства представили концепцию Deer Valley, предусматривающую создание нового всесезонного курортного кластера с современной гостиничной, жилой, спортивной и туристической инфраструктурой. Отдельное внимание уделено комплексному планированию горных территорий, современной архитектуре, привлечению ведущих гостиничных брендов и частных инвестиций, а также рациональному использованию воды и других природных ресурсов. Президент также ознакомился с подходами к сохранению природного ландшафта и созданию инфраструктуры, позволяющей курорту принимать гостей круглый год.

Views over time

01K2K3K20 Sep 15:1111 Nov 05:032.4K20 Sep 15:11: 0 views11 Nov 05:03: 2,370 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
20 Sep 2026, 15:110
11 Nov 2026, 05:032.4K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.