✉️ Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путинди Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлгөнүнө байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге куттуктоо телеграммасын жөнөттү. “Сиздин жетекчилигиңиз астында жаңы чакырылыштагы Мамлекеттик Дума Россия Федерациясынын алдында турган масштабдуу милдеттерди ишке ашырууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп ишенем. Кыргыз Республикасы өлкөлөрүбүздүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда калыптанган тыгыз кызматташтыкка өзгөчө маани берет. Парламенттер аралык байланыштар кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Кыргызстан менен Россиянын парламентарийлери көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана элдерибиздин ортосундагы салттуу достук байланыштарды чыңдоого багытталган жигердүү биргелешкен иштерин улантат деп ишеним артам. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы ийгиликтерди, ал эми Россия Федерациясынын элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.2K avg views
Posting
9.5/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 21 Sep 2026, 17:33 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 2K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.