


КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР



🇰🇬🇵🇰 Президент Садыр Жапаров Пакистандын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү Бүгүн, 2-сентябрда, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында анын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектрин камтыган эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары кеңири талкууланды. Саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле транспорт жана энергетика тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, лидерлер виртуалдык активдер жаатындагы кызматташтыктын келечегин карап чыгып, эки өлкө элдеринин мындан аркы жакындашуусу үчүн маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту. Жогорку даражалуу мейманды тосуп алып, Садыр Жапаров Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын баса белгилеп, өлкөнүн эл аралык процесстердеги ролу улам өсүп жатканын айтты. Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосунда саясий мүнөздөгү чечилбеген маселелердин толук жок экенин канааттануу менен белгилеп, акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги саясий диалог өзгөчө активдүү жана ырааттуу мүнөзгө ээ болгонун баса белгиледи. **** 🇰🇬🇵🇰 Президент Садыр Жапаров провел переговоры с Премьер-министром Пакистана Мухаммадом Шахбазом Шарифом Сегодня, 2 сентября, в рамках официального визита Премьер-министра Исламской Республики Пакистан Мухаммада Шахбаза Шарифа в Кыргызскую Республику состоялись его переговоры с Президентом Кыргызской Республики Садыром Жапаровым. В ходе переговоров подробно обсуждены ключевые направления двустороннего взаимодействия, охватывающие широкий спектр приоритетных сфер. Особое внимание уделено укреплению политического диалога, расширению торгово-экономических связей и реализации совместных проектов в транспортной и энергетической сферах. Кроме того, лидеры рассмотрели перспективы сотрудничества в сфере виртуальных активов, а также подчеркнули важность углубления культурно-гуманитарных контактов для дальнейшего сближения народов двух стран. Приветствуя высокого гостя, Садыр Жапаров подчеркнул, что Кыргызстан рассматривает Пакистан в качестве надежного партнера в Южной Азии, и отметил неуклонно растущую роль страны в международных процессах. Садыр Жапаров с удовлетворением констатировал полное отсутствие нерешенных вопросов политического характера между двумя странами и подчеркнул, что в последние годы политический диалог на высшем уровне обрел особенно активный и последовательный характер.
🎥Видео:Бишкекте Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү *** 🎥Видео:В Бишкеке состоялась церемония официальной встречи Президента Садыра Жапарова и Премьер-министра Пакистана Шахбаза Шарифа



+6



+6
🇰🇬🇵🇰 Бишкекте Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү Бүгүн, 2-сентябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чара Президенттик Администрациянын “Ынтымак Ордо” имаратынын алдында өтүп, анда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол ротасы тизилип, кызыл килемдер төшөлгөн. Жогорку даражалуу мейманды Президент Садыр Жапаров тосуп алды. Ардак кароол ротасынын командири рапорт бергенден кийин, аскердик оркестрдин аткаруусунда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасын жана этножоокерлерди кыдыруу учурунда Шахбаз Шариф аскер менен “Салам, аскер!” деп саламдашты. Андан соң Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты. Азем Ардак кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен аяктады. Андан соң Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф “Ынтымак Ордо” имаратында биргелешип сүрөткө түшүү аземине катышты. Мындан кийин Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн залга өтүштү. **** 🇰🇬🇵🇰 В Бишкеке состоялась церемония официальной встречи Президента Садыра Жапарова и Премьер-министра Пакистана Шахбаза Шарифа Сегодня, 2 сентября, в Бишкеке состоялась церемония официальной встречи Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и Премьер-министра Исламской Республики Пакистан Шахбаза Шарифа. Торжественное мероприятие прошло на территории здания Администрации Президента «Ынтымак Ордо», перед которым вывешены государственные флаги Кыргызстана и Пакистана, выстроена рота Почетного караула и расстелены ковровые дорожки. Почетного гостя встретил Президент Садыр Жапаров. После рапорта командира роты Почетного караула прозвучали государственные гимны Кыргызстана и Пакистана в исполнении военного оркестра. Во время смотра роты Почетного караула и этновоинов Шахбаз Шариф поприветствовал военнослужащих, произнеся: «Салам, аскер!». После этого Президент Садыр Жапаров и Премьер-министр Пакистана Шахбаз Шариф представили членов своих официальных делегаций. Церемония завершилась торжественным маршем роты Почетного караула. Затем Садыр Жапаров и Шахбаз Шариф приняли участие в совместном фотографировании в здании «Ынтымак Ордо». После этого Президент Садыр Жапаров и Премьер-министр Пакистана Шахбаз Шариф прошли в зал для проведения переговоров.
Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Кыргызстанга иш сапар менен келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Жолугушуунун башында Президент Садыр Жапаров кыргыз-орус мамилелеринин стратегиялык мүнөзүн жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин белгиледи. “Биздин эки тараптуу мамилелерибиз бекем негизге жана стратегиялык мүнөзгө ээ. Россия Федерациясы менен жетишилген өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлине биз чоң маани беребиз жана мындан ары да практикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө ниеттенип жатабыз”, – деди Мамлекет башчысы. Президент Садыр Жапаров Президент Владимир Путинге Бишкек ШКУ саммитине катышкандыгы жана Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылган мезгилиндеги артыкчылыктарын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Владимир Путин Кыргызстан ШКУ саммитин даярдоо жана өткөрүү боюнча чоң иштерди аткарганын айтып, өлкөнүн төрагалыгынын жыйынтыктарын баса белгиледи. “Кыргызстандын төрагалыгы учурунда сиздин түздөн-түз катышууңуз менен Уюмду мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча маанилүү чечимдер макулдашылды. Саммиттин жыйынтыгы боюнча бир катар негизги документтер, анын ичинде Бишкек декларациясы жана ШКУ Хартиясына протокол кабыл алынды”, – деп белгиледи Россиянын Президенти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин да талкуулап, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, гуманитардык жана башка тармактардагы өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын белгилешти. Аймактар аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле билим берүү жана орус тилин колдоо жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Владимир Путин кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери достук, өз ара сый-урмат жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу салттарынын негизинде ийгиликтүү өнүгүп жатканына токтолду. “Биз Сиз менен эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин жеке көзөмөлүбүздө кармап, мындан ары да өз ара аракеттенүүнү ырааттуу өнүктүрүү ниетиндебиз”, – деди Россиянын Президенти. Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачевге кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” орденин тапшырды.


Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом России Владимиром Путиным Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 1 сентября, провел переговоры с Президентом Российской Федерации Владимиром Путиным, прибывшим с рабочим визитом в Кыргызстан. Стороны обсудили актуальные вопросы кыргызско-российского сотрудничества в политической, торгово-экономической, энергетической и гуманитарной сферах. В начале встречи Президент Садыр Жапаров отметил стратегический характер кыргызско-российских отношений и высокий уровень взаимодействия между двумя странами. «Наши двусторонние отношения имеют прочную основу и носят стратегический характер. Мы придаем большое значение достигнутому высокому уровню взаимодействия с Российской Федерацией и настроены и дальше укреплять и расширять практическое сотрудничество», – сказал Глава государства. Президент Садыр Жапаров поблагодарил Президента Владимира Путина за участие в Бишкекском саммите ШОС и поддержку приоритетов Кыргызстана в период председательства страны в Организации. В свою очередь, Владимир Путин отметил большую работу Кыргызстана по подготовке и проведению саммита ШОС, подчеркнув результаты председательства страны. «В ходе кыргызского председательства при вашем непосредственном участии были согласованы важные решения по дальнейшему развитию и укреплению Организации. По итогам саммита одобрен ряд ключевых документов, в том числе Бишкекская декларация и протокол к Хартии ШОС», - отметил Президент России. В ходе встречи стороны также обсудили широкий спектр вопросов двустороннего сотрудничества, отметив положительную динамику взаимодействия в торгово-экономической, инвестиционной, энергетической, гуманитарной и других сферах. Особое внимание было уделено дальнейшему развитию межрегиональных связей, реализации совместных экономических проектов, а также сотрудничеству в сфере образования и поддержки русского языка. Владимир Путин подчеркнул, что кыргызско-российские отношения стратегического партнерства и союзничества успешно развиваются на основе традиций дружбы, взаимного уважения и учета интересов друг друга. «Мы с Вами держим на личном контроле основные вопросы двустороннего сотрудничества и настроены и дальше последовательно развивать наше взаимодействие», - сказал Президент России. В завершение встречи Президент Садыр Жапаров вручил генеральному директору государственной корпорации «Росатом» Алексею Лихачеву государственную награду Кыргызской Республики - орден «Достук» за значительный вклад в развитие кыргызско-российского сотрудничества.
Президент Садыр Жапаров: Биз үчүн адилеттүүлүктүн башкы критерийи – ар бир мамлекеттин үнүн эске алуу жана эл аралык ченемдердин бардыгы үчүн бирдей жана кынтыксыз колдонулушу. Дал ошондуктан Кыргыз Республикасы калыптанып жаткан көп полярдуу дүйнөнүн өзөгүндө Бириккен Улуттар Уюму кала бериши керектигине бекем ишенет.
🎥 Бишкекте ШКУ саммити жана “ШКУ+” форматындагы жолугушуу өттү *** 🎥 В Бишкеке состоялись саммит ШОС и встреча в формате «ШОС+»

🔹 Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту https://president.kg/kg/news/21/40734 ***** 🔹 Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом Турции Реджепом Тайипом Эрдоганом https://president.kg/ru/news/21/40734
🎥 Бишкекте “ШКУ+” саммити өттү *** 🎥 В Бишкеке состоялся саммит «ШОС+»






+6
Президент Садыр Жапаров Бишкекте “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда сөз сүйлөдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Бишкек шаарында “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда сөз сүйлөдү. Саммиттин темасы: “БУУ адилет дүйнөлүк тартиптин негизги элементи катары: “ШКУ плюс” мамлекеттеринин көп полярдуу дүйнөнү калыптандырууга кошкон салымы”. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстан көп полярдуулукту глобалдык маселелерди чечүүгө катышкан мамлекеттердин чөйрөсүн кеңейтүү, өнүгүүнүн ар түрдүү жолдорун, маданияттарды жана салттарды урматтоого негизделген процесс катары карай турганын баса белгиледи. ***** Президент Садыр Жапаров выступил на Встрече в формате «ШОС плюс» в Бишкеке Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 1 сентября, выступил на Встрече в формате «ШОС плюс» в Бишкеке. Темой мероприятия стала: «ООН как ключевой элемент справедливого миропорядка: вклад государств «ШОС плюс» в формирование многополярного мира». В своей речи Глава государства подчеркнул, что Кыргызстан рассматривает многополярность как расширение круга государств, участвующих в решении глобальных вопросов, основанное на уважении различных путей развития, культур и традиций.
🔹 ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары түзүмүнө Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борбору кирген Универсалдуу борбор жөнүндө жобону бекитишти https://president.kg/kg/news/21/40732 **** 🔹 Главы государств-членов ШОС утвердили Положение об Универсальном центре, в структуру которого входит Центр по противодействию транснациональной организованной преступности https://president.kg/ru/news/21/40732