Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.1K avg views
Posting 9.4/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

🇰🇬🇵🇰 Бишкекте Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү Бүгүн, 2-сентябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чара Президенттик Администрациянын “Ынтымак Ордо” имаратынын алдында өтүп, анда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол ротасы тизилип, кызыл килемдер төшөлгөн. Жогорку даражалуу мейманды Президент Садыр Жапаров тосуп алды. Ардак кароол ротасынын командири рапорт бергенден кийин, аскердик оркестрдин аткаруусунда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасын жана этножоокерлерди кыдыруу учурунда Шахбаз Шариф аскер менен “Салам, аскер!” деп саламдашты. Андан соң Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты. Азем Ардак кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен аяктады. Андан соң Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф “Ынтымак Ордо” имаратында биргелешип сүрөткө түшүү аземине катышты. Мындан кийин Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн залга өтүштү. **** 🇰🇬🇵🇰 В Бишкеке состоялась церемония официальной встречи Президента Садыра Жапарова и Премьер-министра Пакистана Шахбаза Шарифа Сегодня, 2 сентября, в Бишкеке состоялась церемония официальной встречи Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и Премьер-министра Исламской Республики Пакистан Шахбаза Шарифа. Торжественное мероприятие прошло на территории здания Администрации Президента «Ынтымак Ордо», перед которым вывешены государственные флаги Кыргызстана и Пакистана, выстроена рота Почетного караула и расстелены ковровые дорожки. Почетного гостя встретил Президент Садыр Жапаров. После рапорта командира роты Почетного караула прозвучали государственные гимны Кыргызстана и Пакистана в исполнении военного оркестра. Во время смотра роты Почетного караула и этновоинов Шахбаз Шариф поприветствовал военнослужащих, произнеся: «Салам, аскер!». После этого Президент Садыр Жапаров и Премьер-министр Пакистана Шахбаз Шариф представили членов своих официальных делегаций. Церемония завершилась торжественным маршем роты Почетного караула. Затем Садыр Жапаров и Шахбаз Шариф приняли участие в совместном фотографировании в здании «Ынтымак Ордо». После этого Президент Садыр Жапаров и Премьер-министр Пакистана Шахбаз Шариф прошли в зал для проведения переговоров.

Views over time

05001K1.5K2 Sep 04:5111 Nov 05:031.5K2 Sep 04:51: 0 views11 Nov 05:03: 1,470 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
2 Sep 2026, 04:510
11 Nov 2026, 05:031.5K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.