🇰🇬🇵🇰 Президент Садыр Жапаров Пакистандын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү Бүгүн, 2-сентябрда, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында анын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектрин камтыган эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары кеңири талкууланды. Саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле транспорт жана энергетика тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, лидерлер виртуалдык активдер жаатындагы кызматташтыктын келечегин карап чыгып, эки өлкө элдеринин мындан аркы жакындашуусу үчүн маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту. Жогорку даражалуу мейманды тосуп алып, Садыр Жапаров Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын баса белгилеп, өлкөнүн эл аралык процесстердеги ролу улам өсүп жатканын айтты. Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосунда саясий мүнөздөгү чечилбеген маселелердин толук жок экенин канааттануу менен белгилеп, акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги саясий диалог өзгөчө активдүү жана ырааттуу мүнөзгө ээ болгонун баса белгиледи. **** 🇰🇬🇵🇰 Президент Садыр Жапаров провел переговоры с Премьер-министром Пакистана Мухаммадом Шахбазом Шарифом Сегодня, 2 сентября, в рамках официального визита Премьер-министра Исламской Республики Пакистан Мухаммада Шахбаза Шарифа в Кыргызскую Республику состоялись его переговоры с Президентом Кыргызской Республики Садыром Жапаровым. В ходе переговоров подробно обсуждены ключевые направления двустороннего взаимодействия, охватывающие широкий спектр приоритетных сфер. Особое внимание уделено укреплению политического диалога, расширению торгово-экономических связей и реализации совместных проектов в транспортной и энергетической сферах. Кроме того, лидеры рассмотрели перспективы сотрудничества в сфере виртуальных активов, а также подчеркнули важность углубления культурно-гуманитарных контактов для дальнейшего сближения народов двух стран. Приветствуя высокого гостя, Садыр Жапаров подчеркнул, что Кыргызстан рассматривает Пакистан в качестве надежного партнера в Южной Азии, и отметил неуклонно растущую роль страны в международных процессах. Садыр Жапаров с удовлетворением констатировал полное отсутствие нерешенных вопросов политического характера между двумя странами и подчеркнул, что в последние годы политический диалог на высшем уровне обрел особенно активный и последовательный характер.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 2 Sep 2026, 07:04 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.4K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.