Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Официальный канал МВД КР

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 20 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍
  1. +6

    Кыргызстандын Ички иштер министри Росгвардиянын директорун №7702 аскер бөлүгүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырды Кыргыз Республикасына болгон иш сапардын алкагында Росгвардиянын директору - Россия Федерациясынын Улуттук гвардия аскерлеринин башкы командачысы, армиянын генералы Виктор Золотов жетектеген Россия Федерациясынын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын делегациясы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин №7702 аскер бөлүгүнө барды. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков россиялык делегацияны аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөөнү уюштуруу, кызматтык-согуштук ишмердүүлүктүн негизги багыттары жана аскер кызматчыларын даярдоо системасы менен тааныштырды. https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/48588

  2. +6

    Министр внутренних дел Кыргызстана Улан Ниязбеков встретился с директором Росгвардии Виктором Золотовым С 23 по 27 сентября 2026 года в Кыргызской Республике проходит визит делегации Федеральной службы войск национальной гвардии Российской Федерации во главе с директором Росгвардии - главнокомандующим войсками национальной гвардии Российской Федерации генералом армии Виктором Золотовым. В рамках визита 24 сентября в МВД Кыргызской Республики состоялась встреча министра внутренних дел Кыргызской Республики, генерал-полковника милиции Улана Ниязбекова с Виктором Золотовым. ********** Кыргызстандын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Орусиянын Росгвардиянын директору Виктор Золотов менен жолукту 2026-жылдын 23-27-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын делегациясынын расмий сапары өтүүдө. Делегацияны Росгвардиянын директору - Россия Федерациясынын Улуттук гвардия аскерлеринин башкы командачысы, армиянын генералы Виктор Золотов жетектөөдө.

  3. Родной язык - духовное богатство нации Родной язык - главное духовное и культурное богатство каждого народа. Услышав слова «родной язык», мы представляем традиции и обычаи народа, исторический путь, пройденный предками, величественный Ала-Тоо, жизнь и быт народа, его героев и ценности, передаваемые из поколения в поколение. У каждого народа именно через язык сохраняются и передаются из поколения в поколение его национальные особенности, история, мировоззрение и духовные ценности. Многовековая история кыргызского народа, его родословная, неисчерпаемое богатство языка и мировоззрение сохранились и дошли до наших дней именно благодаря родному языку. Язык - бесценное богатство и главный символ нации. Язык - духовная опора народа, отражающая его характер, самобытность и самостоятельность. Пресс-служба МВД КР

  4. Эне тил - улуттун руханий байлыгы Эне тил - ар бир улуттун эң башкы руханий жана маданий байлыгы. «Эне тил» деген сөздү укканда, ар бир элдин каада-салтын, үрп-адатын, ата-бабалар басып өткөн тарыхый жолун, Ала-Тоосун, элинин жашоо-турмушун, баатырларын жана муундан муунга өтүп келген баалуулуктарын элестетебиз. Кайсы гана эл болбосун, анын улуттук өзгөчөлүгү, тарыхы, дүйнө таанымы жана руханий дөөлөттөрү биринчи кезекте тили аркылуу муундан муунга жетет. Кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхы, санжырасы, чексиз сөз байлыгы жана дүйнө таанымы да эне тилибиз аркылуу сакталып, бүгүнкү күнгө жетти. Тил - улуттун баа жеткис зор байлыгы, эн белгиси. Тил - улуттук руханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт. ИИМдин Басма сөз кызматы

  5. 23 сентября - День государственного языка Кыргызской Республики Ежегодно 23 сентября в Кыргызстане отмечается День государственного языка. Кыргызский язык - важное духовное и культурное наследие народа, отражающее его историю, традиции и национальные ценности. Уважение к государственному языку, его грамотное использование и бережное отношение к языковому наследию - общая обязанность каждого гражданина. В системе органов внутренних дел кыргызский язык является неотъемлемой частью служебной деятельности. Сотрудники милиции используют государственный язык при исполнении служебных обязанностей, взаимодействии с гражданами и подготовке официальных документов, уделяя особое внимание повышению уровня языковой культуры и грамотности. МВД Кыргызской Республики последовательно совершенствует использование государственного языка в служебной деятельности и содействует расширению его применения в общественной жизни. Пресс-служба МВД КР

  6. 23-сентябрь -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү Жыл сайын 23-сентябрда Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү белгиленет. Кыргыз тили - элибиздин тарыхын, салт-санаасын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган маанилүү руханий жана маданий мурас. Мамлекеттик тилди урматтоо, аны сабаттуу колдонуу жана тил мурасына аяр мамиле кылуу — ар бир жарандын жалпы милдети. Ички иштер органдарынын тутумунда кыргыз тили кызматтык иштин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Милиция кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда, жарандар менен өз ара байланышта жана расмий документтерди даярдоодо мамлекеттик тилди колдонуп, тил маданиятын жана сабаттуулукту жогорулатууга өзгөчө көңүл бурушат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызматтык ишмердүүлүктө мамлекеттик тилди колдонууну ырааттуу өркүндөтүп, анын коомдук турмуштагы ордун бекемдөөгө көмөктөшүүдө. ИИМдин Басма сөз кызматы

  7. Мамлекеттик тил - мамлекеттин байлыгы Кыргыз тили - элибиздин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын муундан муунга жеткирген улуу мурас. 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул күн эне тилибизди урматтоонун, анын кадыр-баркын арттыруунун жана кийинки муундарга таза жеткирүүнүн маанисин дагы бир ирет эске салат. Бүгүн, мамлекеттик тил күнүнө карата кичинекей бөбөктөр сөз чачыласы менен милиция кызматкерлерине кыргыз тилиндеги жылуу сөздөрдү таратып, жагымдуу маанайын тартуулашты. Кызматкерлер өздөрү тартып алган сөздөрдү жана каалоо-тилектерди өздөрү окуп, жагымдуу жана жылуу маанай коштолду. Мамлекеттик тил - улуттун уңгусу, мамлекеттин жүзү. ИИМдин Басма сөз кызматы

  8. Мамлекеттик тил - мамлекеттин байлыгы Кыргыз тили - элибиздин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын муундан муунга жеткирген улуу мурас. 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул күн эне тилибизди урматтоонун, анын кадыр-баркын арттыруунун жана кийинки муундарга таза жеткирүүнүн маанисин дагы бир ирет эске салат. Бүгүн, мамлекеттик тил күнүнө карата кичинекей бөбөктөр сөз чачыласы менен милиция кызматкерлерине кыргыз тилиндеги жылуу сөздөрдү таратып, жагымдуу маанайын тартуулашты. Кызматкерлер өздөрү тартып алган сөздөрдү жана каалоо-тилектерди өздөрү окуп, жагымдуу жана жылуу маанай коштолду. Мамлекеттик тил - улуттун уңгусу, мамлекеттин жүзү. ИИМдин Басма сөз кызматы

  9. +6

    Республика аймагында «Мал уурулук» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы тескемесинин негизинде, республиканын аймагында «Мал уурулук» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты мал уурулуктун алдын алуу, мындай кылмыштардын бетин ачуу жана айыл чарба жаныбарларынын мыйзамсыз ташылышына жана эт азыктарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу болду. 🔹🔹🔹 На территории республики проведены оперативно-профилактические мероприятия «Скотокрадство» На основании распоряжения МВД Кыргызской Республики от 15 сентября 2026 года на территории республики были проведены оперативно-профилактические мероприятия «Скотокрадство». Основной целью мероприятий являлись предупреждение скотокрадства, раскрытие преступлений данного вида, а также пресечение незаконной перевозки сельскохозяйственных животных и незаконного оборота мясной продукции. 📌 https://egov.kg/kg/ministry/interior/news/48451

  10. +6

    ИИМ: Чет өлкөлүк жарандар менен мыйзам талаптарын сактоо боюнча жумушчу кеңешме өттү Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде Ички иштер министрлигинин демилгеси менен чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана коомдук тартипти сактоосу боюнча жумушчу кеңешме өттү. **** МВД:Состоялось рабочее совещание по вопросам соблюдения законодательства иностранными гражданами В Кыргызско-Российском Славянском университете имени Б. Н. Ельцина по инициативе Министерства внутренних дел состоялось рабочее совещание, посвящённое соблюдению иностранными гражданами законодательства Кыргызской Республики и общественного порядка. https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47708

  11. +6

    ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматында жаш тергөөчүлөргө семинар-кеңешме өткөрүлдү Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматында Бишкек шаарында эмгек тажрыйбасы бир жылга жете элек тергөөчүлөр үчүн семинар-кеңешме өткөрүлдү. Иш-чарага Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын жетекчилери жана эксперттери катышты. * В ЭКС МВД КР прошел семинар для молодых следователей В Экспертно-криминалистической службе (ЭКС) МВД Кыргызской Республики состоялся семинар-совещание для следователей города Бишкек со стажем работы менее одного года. В мероприятии приняли участие руководители и эксперты ЭКС МВД КР. https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47708

  12. +2

    ИИМ: Буллингдин алдын алуу - баарыбыздын милдетибиз Мектеп - ар бир бала өзүн коопсуз сезе турган жай болушу керек. Окуучуларды мазактоо, кемсинтүү, коркутуу, шылдыңдоо жана бөлүп коюу - буллингдин көрүнүштөрү. Ички иштер министрлиги эскертет: буллингге кайдыгер карабоо жана анын алдын алууга өз убагында чара көрүү маанилүү. Ата-энелер менен мугалимдер балдардын жүрүм-турумуна көңүл буруп, көйгөй жаралган учурда аларды колдоп, тиешелүү жардамга кайрылуусу зарыл. Окуучуларды бири-бирин урматтоого, колдоого жана зомбулукка жол бербөөгө чакырабыз. ИИМдин Басма сөз кызматы

  13. +2

    МВД: Профилактика буллинга - наша общая ответственность Школа должна быть местом, где каждый ребёнок чувствует себя в безопасности. Оскорбления, унижения, угрозы, насмешки и намеренное отстранение учащихся являются проявлениями буллинга. МВД Кыргызской Республики предупреждает: важно не оставаться безразличными к случаям буллинга и своевременно принимать меры по их предупреждению. Родителям и педагогам необходимо обращать внимание на поведение детей, поддерживать их и при возникновении проблем своевременно обращаться за соответствующей помощью. Призываем учащихся уважать и поддерживать друг друга, не допускать насилия и буллинга. Пресс-служба МВД КР

  14. +6

    Сотрудники МВД приняли участие в субботнике Сегодня, 19 сентября сотрудники центрального аппарата МВД приняли активное участие в субботнике, организованном в целях очистки и благоустройства окружающей территории. В ходе субботника сотрудники министерства провели уборку на закреплённых за ними территориях и очистили их от мусора. Также были приведены в порядок прилегающие территории, что позволило внести вклад в улучшение санитарного состояния окружающей среды. Подобные мероприятия направлены на поддержание чистоты окружающей среды и благоустройство общественных мест. Пресс-служба МВД КР

  15. ИИМдин кызматкерлери ишембиликке катышты Бүгүн, 19-сентябрда Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери айлана-чөйрөнү тазалоо максатында уюштурулган ишембиликке активдүү катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө министрликтин кызматкерлери өздөрүнө бекитилген аймактарда тазалык иштерин жүргүзүп, таштандыларды тазалашты. Ошондой эле аймактарды иретке келтирип, айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртууга өз салымдарын кошушту. Мындай иш-чаралар айлана-чөйрөнү таза кармоого, коомдук жайларды көрктөндүрүүгө багытталган. ИИМдин Басма сөз кызматы

  16. +6

    В «Бишкек Арене» проходит концерт с участием мировых звезд: милиция обеспечивает общественный порядок Сегодня, 18 сентября в «Бишкек Арене» проходит концерт с участием мировых звезд. В связи с проведением массового мероприятия сотрудники органов внутренних дел обеспечивают общественный порядок и безопасность граждан. На территории «Бишкек Арены» и прилегающих участках несут службу сотрудники милиции. Основное внимание уделяется обеспечению безопасности посетителей, предупреждению правонарушений и поддержанию общественного порядка. МВД призывает граждан соблюдать установленные правила, быть внимательными и выполнять законные требования сотрудников милиции.

  17. «Бишкек Аренада» дүйнөлүк жылдыздардын катышуусундагы концерт өтүп, милиция коомдук тартипти камсыз кылууда Бүгүн, 18-сентябрда «Бишкек Аренада» дүйнөлүк жылдыздардын катышуусунда концерт өтүүдө. Массалык иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышууда. «Бишкек Арена» аймагында жана ага жакын жайгашкан тилкелерде милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөшүүдө. Негизги көңүл келген жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, укук бузуулардын алдын алууга жана коомдук тартипти сактоого бурулат. Ички иштер министрлиги жарандарды белгиленген эрежелерди сактоого, этият болууга жана милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырат.

  18. +6

    В Бишкеке прошел форум «Наша служба - народу» В Кыргызской национальной филармонии имени Токтогула Сатылганова состоялся форум ГУВД города Бишкек под лозунгом «Наша служба — народу». В мероприятии приняли участие первый заместитель министра внутренних дел Кыргызской Республики генерал-майор милиции Адылбек Бийбосунов, вице-мэр города Бишкек Атай Муратбек, генерал-майор милиции в отставке Кемелбек Киязов, член Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики Суйунбек Касмамбетов, председатель Совета ветеранов МВД Кыргызской Республики Бакыт Сеитов, руководство ГУВД города Бишкек, а также личный состав столичной милиции. https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47665

  19. Бишкекте «Кызматыбыз - эл үчүн» аттуу форум өттү Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «Кызматыбыз - эл үчүн» урааны алдында форуму болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Бишкек шаарынын вице-мэри Атай Муратбек, отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчилиги, ошондой эле борбор калаанын милициясынын өздүк курамы катышты. https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/47665

  20. Older posts