23-сентябрь -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү Жыл сайын 23-сентябрда Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү белгиленет. Кыргыз тили - элибиздин тарыхын, салт-санаасын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган маанилүү руханий жана маданий мурас. Мамлекеттик тилди урматтоо, аны сабаттуу колдонуу жана тил мурасына аяр мамиле кылуу — ар бир жарандын жалпы милдети. Ички иштер органдарынын тутумунда кыргыз тили кызматтык иштин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Милиция кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда, жарандар менен өз ара байланышта жана расмий документтерди даярдоодо мамлекеттик тилди колдонуп, тил маданиятын жана сабаттуулукту жогорулатууга өзгөчө көңүл бурушат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызматтык ишмердүүлүктө мамлекеттик тилди колдонууну ырааттуу өркүндөтүп, анын коомдук турмуштагы ордун бекемдөөгө көмөктөшүүдө. ИИМдин Басма сөз кызматы
Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел
Subscribers
2.1K
−10 24h
Reach per post (ERR)
11.7%242 avg views
Posting
2.7/day
last 20 hours ago
Reactions per 1K views
1.7
❤ 👏 👍
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 23 Sep 2026, 05:23 | 0 |
| 13 Nov 2026, 14:20 | 173 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.