Мамлекеттик тил - мамлекеттин байлыгы Кыргыз тили - элибиздин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын муундан муунга жеткирген улуу мурас. 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул күн эне тилибизди урматтоонун, анын кадыр-баркын арттыруунун жана кийинки муундарга таза жеткирүүнүн маанисин дагы бир ирет эске салат. Бүгүн, мамлекеттик тил күнүнө карата кичинекей бөбөктөр сөз чачыласы менен милиция кызматкерлерине кыргыз тилиндеги жылуу сөздөрдү таратып, жагымдуу маанайын тартуулашты. Кызматкерлер өздөрү тартып алган сөздөрдү жана каалоо-тилектерди өздөрү окуп, жагымдуу жана жылуу маанай коштолду. Мамлекеттик тил - улуттун уңгусу, мамлекеттин жүзү. ИИМдин Басма сөз кызматы