Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 11 hours ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹 Президент Садыр Жапаров Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун эли менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө айрым айылдардын тургундары ичүүчү суу менен камсыздоонун жоктугу, ички жолдорду куруу жана оңдоо, ошондой эле мектептерди жана бала бакчаларды куруу зарылдыгы боюнча маселелерди көтөрүштү. Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай менен камсыздоо, жер тилкелерин бөлүп берүү, ошондой эле кыймылсыз мүлккө жана жер тилкелерине укукту ырастоочу документтерди тариздөө маселелери козголду. Мамлекет башчысы тургундардын бардык кайрылууларын угуп чыгып, социалдык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Президент мамлекет 2028-жылга чейин өлкөдөгү авариялык абалдагы жана эски мектептер көйгөйүн толугу менен чечүүнү максат кылып койгонун эске салды. Социалдык объектилердин курулушун пландаштырууда биринчи кезекте мектептерди, андан кийин бала бакчаларды курууга көңүл бурулат. Мындан соң пландарда маданият үйлөрүн жана спорт комплекстерин куруу каралган. Президент белгиленген көйгөйлөрдү чечүү учурдагы муктаждыктарды эске алуу менен баскычтуу жана пландуу түрдө ишке ашырыларын баса белгиледи.

Views over time

05001K8 Nov 11:3111 Nov 05:039218 Nov 11:31: 0 views11 Nov 05:03: 921 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
8 Nov 2026, 11:310
11 Nov 2026, 05:03921

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.