Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 12 hours ago
Reactions per 1K views 0.0
  1. Президент Садыр Жапаров: Милиция кызматкери болуу – ар кимдин эле колунан келе бербей турган, өзгөчө кыраакылыкты, ар-намысты талап кылган жоопкерчиликтүү кесип Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Ички иштер министрлигинин өздүк курамын кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызматынын полкунда өттү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө кыргыз милициясы бир кылымдан ашуун тарыхында татаал тарыхый сыноолорду башынан өткөрүп, элге кызмат кылуу, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү деген негизги милдетин аткарууга жан үрөп келгенине токтолду. Тарыхтын оор мезгилдерине жана коомдук-саясий өзгөрүүлөргө карабастан, ички иштер органдарынын кызматкерлери мамлекеттин жана коомдун алдындагы өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып келишти. “Соңку алты жылдан бери мамлекет ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык имараттарын жаңылоого, өздүк курамдын социалдык шарттарын жакшыртууга жана заманбап санариптик технологияларды ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл буруп келе жатат. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине дем берүү максатында алардын айлык маянасын жана ардагерлердин пенсиясын жогорулаттык”, - деди Садыр Жапаров. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тартып ИИМ кызматкерлери жогорулатылган айлык акы, ал эми ардагерлер көбөйтүлгөн пенсия ала баштаарын билдирди. Президент милиция кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бурду. Ал алардын ар бири кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткарып, кесиптик деңгээлин тынымсыз жогорулатып, коом алдындагы жогорку жоопкерчилигин сезиши керектигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти так сактоосу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу зарыл экенине көңүл бурду. “Албетте, милиция кызматкери болуу – ар кимдин эле колунан келе бербей турган, өзгөчө кыраакылыкты, ар-намысты талап кылган жоопкерчиликтүү кесип. Демек, сиздер рухий жактан да, билим жактан да күчтүү болушуңар керек. Бирок, күчтүн жанында калыстык, чечкиндүүлүктүн жанында сабырдуулук, мыйзамдуулуктун жанында адилеттүүлүк ар дайым коштоп жүрүүсү шарт. Кадырлуу ардагерлер, Сиздер ар кандай кыйчалыш мезгилдерде Мекенибиздин тынчтыгын сактап, элибиздин коопсуздугу үчүн бүткүл өмүрүңүздөрдү арнап, кызмат өтөдүңүздөр. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон эмгек жолуңуздар: чиеленишкен татаал кырдаалдарда кабыл алган чечимиңиздер жана кызматка болгон ак ниет мамилеңиздер жаш милиционерлер үчүн өрнөк болуп кала берет”, - деди Президент. Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров коомдук коопсуздукту жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн, экономика, билим берүү жана инфраструктура тармактарындагы стратегиялык милдеттерди ишке ашыруунун, ошондой эле жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуунун негизги шарттарынын бири экенин айтты. “Бул аракеттердин баары, эң биринчи кезекте, туруктуу коомдук чөйрөнү жана мыйзам үстөмдүгүн талап кылат. Демек, коомдук коопсуздугун камсыз кылуу – өнүгүүгө жол ачкан негизги багыттардын бири! Ошондуктан, элибиздин коопсуздугун камсыздоону жакшыртуу максатында заманбап мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, ишмердикти жогорулатууга багытталган иш-чараларды күчөтүүбүз керек”, - деп жыйынтыктады Мамлекет башчысы.

  2. edited

    🎥 Видео: Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады ******* 🎥 Видео: Завершился рабочий визит Президента Садыра Жапарова в Турцию

  3. Завершился рабочий визит Президента Садыра Жапарова в Турцию Завершился рабочий визит Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Турецкую Республику, состоявшийся 29-30 октября. В первый день визита Глава государства вместе с лидерами стран ОТГ посетил парк Цивилизации тюркских государств «Бештепе» в Анкаре. Президенты ознакомились с произведениями искусства и национальными объектами, установленными странами – участницами ОТГ. От Кыргызстана в парке представлена скульптура «Мураскер», отражающая традиции кочевой культуры и древнее искусство охоты с беркутом. Затем лидеры приняли участие в церемонии посадки деревьев и посетили концертную программу, посвященную национальным культурным традициям стран Организации. В этот же день Президент Садыр Жапаров был награжден высшим орденом Тюркского мира. Награду Главе государства вручил Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган. Решение о награждении принято главами государств – членов ОТГ в знак признания вклада Президента в укрепление единства тюркского мира и развитие сотрудничества между братскими странами. На следующий день, 30 октября, в Анкаре состоялся 13-й Саммит глав государств Организации тюркских государств, в котором принял участие Президент Садыр Жапаров. В своем выступлении Глава государства обозначил приоритетные направления сотрудничества в рамках Организации, уделив особое внимание торгово-экономическим связям, реализации совместных инвестиционных проектов, развитию транспортно-логистической инфраструктуры, цифровизации, образованию, туризму и защите горных экосистем. По итогам саммита лидерами стран – участниц Организации подписан ряд многосторонних документов, в том числе Декларация 13-го Саммита ОТГ и решения по кадровым вопросам в руководящих органах Организации. Также Глава государства провел двусторонние переговоры с Президентом Турции Реджепом Тайипом Эрдоганом. Завершив рабочий визит в Турецкую Республику, Президент Садыр Жапаров 30 октября вернулся в Кыргызстан.

  4. Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы “Бештепе” Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Президенттер ТМУга мүчө өлкөлөр тарабынан орнотулган көркөм өнөр чыгармалары жана улуттук объектилер менен таанышты. Кыргызстан тарабынан паркта көчмөн маданияттын салттарын жана бүркүт менен аңчылык кылуу байыркы өнөрүн чагылдырган “Мураскер” скульптурасы коюлган. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, Уюмга мүчө өлкөлөрдүн улуттук маданий салттарына арналган концерттик программаны көрүштү. Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мамлекет башчысына сыйлыкты Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды. Сыйлоо жөнүндө чечим ТМУга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан Президенттин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу иретинде кабыл алынган. Эртеси күнү, 30-октябрда, Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммити өтүп, ага Президент Садыр Жапаров катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Уюмдун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, соода-экономикалык байланыштарга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө, билим берүүгө, туризмге жана тоо экосистемаларын коргоого өзгөчө көңүл бурду. Саммиттин жыйынтыгы боюнча Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде ТМУнун 13-саммитинин декларациясына жана Уюмдун башкаруучу органдарындагы кадрдык маселелер боюнча чечимдерге кол коюшту. Ошондой эле Мамлекет башчысы Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Түркия Республикасына болгон иш сапарын аяктаган Президент Садыр Жапаров 30-октябрда Кыргызстанга кайтып келди.

  5. Президент Садыр Жапаров Анкара шаарында Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы жылуу кабыл алуу жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирди, ошондой эле түрк элин Республика күнү менен куттуктады. Садыр Жапаров Кыргызстан Түркия менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин айтты. Тараптар жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун өзгөчө маанисин жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти. Соңунда Президент Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого кызмат кыларын баса белгиледи. **** Президент Садыр Жапаров провел переговоры с Президентом Турции Реджепом Тайипом Эрдоганом в Анкаре Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 30 октября, в городе Анкара в рамках рабочего визита провел переговоры с Президентом Турецкой Республики Реджепом Тайипом Эрдоганом. В ходе встречи обсуждены актуальные вопросы двустороннего сотрудничества, а также перспективы дальнейшего укрепления кыргызско-турецких отношений. Глава государства выразил признательность турецкой стороне за тёплый приём и высокий уровень организации Саммита Организации тюркских государств, а также поздравил турецкий народ с Днём Республики. Садыр Жапаров подчеркнул, что Кыргызстан заинтересован в дальнейшем укреплении всеобъемлющего стратегического партнёрства с Турцией. Стороны отметили особую значимость политического диалога на высшем уровне и имеющиеся широкие возможности расширения взаимодействия во всех сферах, представляющих взаимный интерес. В завершение Президент Садыр Жапаров подчеркнул, что достигнутые в ходе переговоров договорённости послужат дальнейшему укреплению кыргызско-турецкого всеобъемлющего стратегического партнёрства.

  6. ТМУнун кезектеги Саммитинин жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Түркия Республикасынын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту: - Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин декларациясы; - Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени” менен сыйлоо жөнүндө чечим; - Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо жөнүндө чечим; - Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим; - Түрк академиясынын Президентин дайындоо жөнүндө чечим. ***** По итогам очередного Саммита ОТГ подписан ряд многосторонних документов Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 30 октября, в г. Анкара Турецкой Республики принял участие в 13-м Саммите глав государств Организации тюркских государств (ОТГ). По итогам мероприятия лидерами стран-участниц ОТГ подписаны следующие документы: - Декларация 13-го Саммита Организации тюркских государств; - Решение о награждении Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова «Высшим орденом тюркского мира»; -Решение о назначении Генерального секретаря Организации тюркских государств; - Решение о назначении заместителей Генерального секретаря Организации тюркских государств; - Решение о назначении Президента Тюркской академии.

  7. Президент Садыр Жапаров Анкарада өткөн ТМУнун кезектеги саммитинде сөз сүйлөдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитинде сөз сүйлөдү. **** Президент Садыр Жапаров выступил на очередном Саммите ОТГ в городе Анкара Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 30 октября, в рамках рабочего визита в Турецкую Республику выступил на 13-м Саммите глав государств Организации тюркских государств в г. Анкара.

  8. 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров ТМУнун 13-саммитине катышууда **** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров принимает участие в 13 саммите ОТГ

  9. edited

    Президент Садыр Жапаров ТМУнун 13-саммитине катышууда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Түркия Республикасынын Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитине катышуу үчүн Президенттик сарайга келди. Иш-чара башталганга чейин уюмга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчыларын Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган тосуп алды. Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү. ***** Президент Садыр Жапаров принимает участие в 13 саммите ОТГ Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня,30 октября, прибыл в Президентский дворец для участия в 13-м саммите Организации тюркских государств в городе Анкара Турецкой Республики. Перед началом мероприятия глав делегаций стран-участниц Организации приветствовал Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган. После завершения церемонии приветствия и совместного фотографирования главы делегаций перешли в зал для участия в саммите.

  10. edited

    🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды ***** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров награжден высшим орденом Тюркского мира

  11. Older posts